Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Аягы жок аткезчилик: Баткенде кармалган миллиондор


Аткезчилик менен Тажикстандан алып кирилген акча, Баткен. (УКМКга таандык сүрөт).
Аткезчилик менен Тажикстандан алып кирилген акча, Баткен. (УКМКга таандык сүрөт).

Кыргызстандын коопсуздук кызматы чек арадан 2 млн. 750 миң АКШ долларын Тажикстандан мыйзамсыз алып кирген жарандарды кармады. Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол ​менен жүк ташыгандар тыйылбай жатат. Жергиликтүү тургундар кимдир бирөө калкалабаса, бул мыйзамсыз иш токтомок деп нааразы болууда.

Баткенде Тажикстандан аткезчилик жол менен ири суммада чет өлкөлүк валюта алып чыгууга шек саналган төрт адам кармалганын 17-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Баткен районунун Кара-Бак айылында болгон.

“Аткезчилик менен алектенип жүргөн адам катары таанымал жергиликтүү тургундун машинасынан Тажикстандан ташылып келаткан деген 2 млн. 750 миң доллар табылган. Кылмышка шектүү катары жалпысынан төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. УКМКнын Баткен боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренесинин негизинде козгоп, тергөө жүргүзүп жатат",- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бул ишке айыпталып кармалган Кара-Бак айылыны тургунун жакшы тааныган, айылдашы Акылбек Дилшатов аткезчилик артында калкалаган кимдир бирөөлөр болбосо, мынчалык ири сумма менен жөнөкөй адам алектене албайт деген пикирде.

"Мен кармалган жигитти тааныйм. Анын жашоосун билем. Мынчалык ири суммадагы акчаны артында кимдир бирөө болбосо өзү ташый албайт эле. Өткөн айдагы окуя, куралдуу кол салуудан кийин аткезчилик токтосо керек деп ойлогонбуз. Эми эмне деп айтыштыбилбей калдык. Бул мыйзамсыз ишти токтотуу үчүн мыйзамдык чаралар аткарылып, мамлекет тарабынан катуу көзөмөл болбосо токтобой улана берет окшойт".

Сентябрдагы курал колдонуу менен коштолгон чек арадагы жаңжалдан кийин деле мыйзамсыз жүк ташуу токтогон эмес. Акыркы бир ай аралыгында кыргыз-тажик чек арасында аткезчиликтин беш учуру аныкталганы маалым болду.

Аткезчилик үчүн ыңгайлуу, мыйзамсыз соода көп жүргүзүлөт делген Кара-Бак айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Равшан Жолматов мыйзамсыз соода айыл элинин ынтымагына доо кетирип жатканын белгиледи.

"Былтыркы Головной суу бөлүштүрүүчү жайында болгон окуядан кийин эле биздин айылда аткезчилерге карата өтө терс көз караш пайда болду. Айылдагы элдин ынтымагы ыдырап, бир тобу "контрабандист" деген атка конуп, эл арасында өткөн иш-чараларга катыша албай калды. Аткезчиликти элдик кошуун түзүп, өзүбүз токтотууга аракет жасап көрдүк. Бирок бул үчүн укук коргоо органдарына каттап, жооп берип калдык. Аткезчини кармап берсек, дароо эле чыгып кетет экен. Айып пулу аз экен төлөп, бошонуп кетет. Мамлекеттен колдоо болгондо аткезчилердин тизгинин өзүбүз эле тартат элек".

Кара-Бак айыл аймагы эки тарабынан Тажикстан менен 36 чакырым чектеш. Жергиликтүү кеңештин депутаты Акылбек Дилшатов мыйзамсыз соода кимдир бирөөнүн калкалоосу болбосо жүрбөйт эле деген пикирин кошумчалады.

"Чек арачылардын кезмети алмашкан учурдагы убактысын айтып, үлүш алып жүк өткөрүп турганын ачык эле айтышыбыз керек. Чыккынчылык кылгандардын атын жашырбай атап, жоопкерчиликке тартмайынча мындай иштер боло берет. Атайын органдар ак ниет менен иштеп, жоопко тартса токтомок. Калкалоочулары да уялат эле".

Баткенде Тажикстан менен чек арада аткезчилик тыйылбай келгени айтылып эле жүрөт. 2021-жылы чек арадагы ондогон адам өмүрүн алган куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн мекемелер аралык мобилдик топторду да түзгөн.

Ага карабай аткезчилик менен алектенгендер токтобой жатканын айткан Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары Маруфхан Тулаев бардык тиешелүү кызматтар аткезчиликке каршы аракеттенип жатабыз дейт.

"Сентябрдагы чек арадагы окуядан кийин да аткезчилик менен алектенгендер кармалды. Булар боюнча тиешелүү тергөө амалдарынан кийин сот чечим кабыл алат. Аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мобилдик топторубуз, тиешелүү кызматтар токтобой иштеп жатат. Калк арасында бул мыйзамсыз аткезчиликти калкалагандар бир деп айтылганы бар. Бирок азыр андай ишти калкалаган кимдир бирөө ачыктала элек".

Былтыр Баткенде 29-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. Бирок андан кийин деле аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүү калк тарабынан ага каршы чара көрүү талабы көтөрүлгөн.

Ошол кезде кыргыз бийлиги Баткенде район-шаарлар ортосунда постторду койгон эле. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев постор эмнеге чек арада эмес, айылдардын ортосунда жайгашканын мындайча түшүндүргөн.

“Развилка” деген жер бар, “Кольцо” деген жер бар. Бардык жолдор мына ошол жерден чыгат. Ошондуктан биз пост коюп, көзөмөлдөп турабыз. Биз ар бир жолго бирден кызматкер коё албайбыз. Андай мүмкүнчүлүк жок. Эгерде ал жакка бекеттерди койбосок, анда 20-30 чакты жолду көзөмөлдөй албай калабыз. Туура, алар кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратат. Бирок мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн бул негизги маселе болуп саналат”.

Аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттерден улам парламентте бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Анын айынан атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кайым айтышкан. Мадумаров бул бекеттер коррупцияга жол ачканын, дыйкан-фермерлердин түйшүгү көбөйгөнүн билдирген, Ташиев дооматты четке кагып, депутаттын өзүн күнөөлөгөн.

2022-жылы жети ай ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода 3,2 миллион долларды гана түздү. Жыл ичинде өз ара соода агымы 7 эсеге азайды. Акыркы жылдардагы мамиленин солгундашы жалпы 16 миллион кишилик базары бар кошуна эки мамлекеттин соода жана экономикалык алакасын дээрлик токтотууга алып келди.

Мындай абалда аткезчилик жол менен товар ташуу күчөгөнүн, аткезчилик үчүн мыйзамдык чаралар жеңил болуп жатканы айтылган. Мындан улам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүүгө каршы жаза-чараларды күчөткөн мыйзам ушул жылдын июнь айында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG