Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:03

Мунай баасы: Аткезчиликти күчөткөн кымбатчылык


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектеги мунай бекеттеринде күйүүчү май 61-64 сомдон сатылып жатат. Баанын кымбаттагандан улам автоунаасы менен тирилик кылгандар кирешеси азайып кеткенине даттанышууда. Өкмөт болсо Кыргызстанда мунайдын баасы башка өлкөлөргө караганда эң арзан экенин билдирип келет. Ал арада Казакстандан кирген мунай аткезчилиги күчөдү.

Жаңыбай Бишкек шаарында такси кылат. Ал мунай бекеттеринде бензиндин баасы кымбат болгонуна байланыштуу тапкан кирешеси аз болуп жатканын айтууда.

Андыктан айрым учурларда көчөдө чакага куюп саткан арзан бензинди сатып алат.

"Кымбат болгондуктан бизге эч нерсе калбай атпайбы. Мурда жакшы эле калчу, азыр калбайт. Далбастап иштейсиң, эч нерсе калбайт, бензин куйсаң акчаң түгөнөт. 10-20 литрлик баклашкаларда сатат. Профсоюз көчөсүндө, айланма жолдо, Маевкадан түшкөн жерде сатат. 59-58 сомдон сатып атат. Билбесем эми кандай экенин, 92 деп коюшат. Машинага куйсам жакшы эмес да бирок".

Бирок өкмөт мунай баасына байланыштуу оптимисттик пикирди карманууда. Монополияга каршы агенттиктин маалыматында, импортко көз каранды мамлекеттердин арасында эң арзан мунай Кыргызстанда.

Евразиялык экономикалык биримдикке жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ичинде Казакстандан кийинки орунда турат.

"Эң арзан мунай Кыргызстанда"

Расмий маалыматка ылайык, 92 маркасындагы бензин Евразиялык экономикалык биримдикке кирген Арменияда өтө кымбат сатылууда. Алсак, бул маркадагы бензин Арменияда 89, Беларуста 72, Орусияда 66, Кыргызстанда 64 сом. Дизел отундун баасы Кыргызстанда 64 сом болсо, Орусияда 74, Беларуста 75, жана Арменияда 90 сом. Биримдикке кирбеген Тажикстанда бензин жана дизелдин баасы 80 сом турат.

Кыргызстанда мунайдын баасы мамлекеттин кийлигишүүсү менен арзандатылып, жөнгө салынууда.

Монополияга каршы кызматтын директору Кеңешбай Тайлаков Орусиядан импорттолгон мунайдын баасынын курамын мындайча чечмеледи.

Кеңешбай Тайлаков
Кеңешбай Тайлаков

"Ар бир келген көлөмүнөн 12 сом өлчөмүндө салык төлөнөт. Акциз салыгы 1 тоннасына 5000 сом, кошумча нарк салыгы бир литрине 7 сомго чейин алынат. Мындан тышкары, ар бир литрине 4-5 сом өлчөмүндө жол киреси бар. Сатууга, кайтарууга кеткен чыгымдары да бар. Анын баары чыгым да. Салыктан бошотулган жок. Мен билгенден, салыктарды өз эрежеси менен төлөп атышат, аны да эске алуу керек. Ошондуктан, ал жактан алган баасына салыктан эле 20 сом кошулат. Биз, мисалы, ал жактан сомго айландырганда 40 сомдон алсак, салыктарын, жол кире чыгымдарын, бул жердеги чыгымдарын кошкондо баасы 66-67 сомду түзөт. Биз саттырып аткан баа 62 сом 50 тыйын. 92-маркадагы бензин менен дизелдик отунга көңүл бурганыбыз – алар социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Ал жакта булар бүгүнкү күндө нөлдүк рентабелдүүлүк менен, пайдасы жок иштеп атышат. Пайдасын 95, 98, 100 маркаларынан алышат".

Тайлаков Орусия экспорттук бааны дагы көтөрүп жаткандыктан, Кыргызстанда мунай баасын мындан ары арзандатпаса да, көтөрбөй кармоого аракет кыларын кошумчалады.

Өкмөттүн расмий эсептөөлөрү боюнча, Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсү жылына 1 млн. 200 миң тоннаны түзөт. Мунайдын 90% Орусиянын "БашНефть", "Ангарск нефтехимиялык заводу", Омск жана Орск аймактарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан импорттолот.

"Газпром Нефть" жана "Роснефть" компанияларынын мунай бекеттерине Орусиядагы өздөрүнүн заводдорунан түз келет. Орусиядан келген мунайдан бажы алымы алынбагандыктан, литри 1,5 сомго чейин төмөнүрөөк баада келет.

Кыргызстанда мунай баасы акыркы 1,5 жылда эки эсеге жакын кымбаттап кетти. 2021-жылдын январь айында 92-маркадагы бензиндин баасы 35 сом болсо, ушул күндөрү 62 сомдон сатылууда. Мунайдын биржалык баасынын кымбатташына орус-украин согушунан улам кирген жапырт санкциялар жана доллардын кунунун өсүшү кошул-ташыл себеп болду.

Эл арасында коңшу турган Казакстандын чек арасынын ары жагында эле мунай баасы Кыргызстандагы бекеттерге караганда 15 сомго чейин арзан сатыларын көп талкуулашат. Талаш-тартыштардын өзөгү "100 чакырымга жетпеген аралыкта турган жердеги арзан бензин бизде эмнеге кымбат?", - деген суроого такалат.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов мунайдын баасынын арзандабай жатышынын себебин экспорттук нарктын кымбат экени менен түшүндүрөт.

Анын айтымында, Орусия менен Казакстан ички рыногунда мунай баасын арзан кылып, анын эсесин экспорттук бааны көтөрүү менен теңдейт. Маселен, Казакстан эл аралык биржа аркылуу жылына 100 млн. тоннага чейин мунай сатат. Ошондон түшкөн пайданын эсебинен өзүнүн жарандары үчүн мунайдын баасын өз наркынан да арзан кылып берет.

Канат Эшатов
Канат Эшатов

"Доллардын курсу түшүп атат. Бирок биз Орусия менен Украинага байланыштуу доллар аябай жогорулап кеткенде өкмөттөн суранып атып, келишимдерди көбүнчө рублге которгонбуз. Доллар арзандаганы менен рублдин курсу тескерисинче көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө, өзүңүздөр байкасаңыздар, рубль курсу 1 сом 40 тыйынга жетип калды. Орусияда өз жарандары үчүн ички керектөөгө бааларды түшүрүп атат. Бирок бизге берген экспорттук баа жогорулады. Ага карабастан, акыркы эки жума ичинде бензин 1,5 сомдун тегерегинде арзандап атат".

Кыргызстандын мунай рыногунда "Газром Нефть Азия", "Роснефть" ("Кыргызнефтепродукт" ЖЧКсы) жана "Ред Петролеум" ("Альфа Ойл" ЖЧКсы) компаниялары үстөмдүккө ээлик кылат. Үчөө биригип рыноктун 60% жогору үлүшүн ээлейт.

Монополияга каршы кызматтын маалыматына ылайык, 20-апрелден бери мунайдын чекене баасы 1 сом 60 тыйынга чейин төмөндөдү. 18-апрелден бери дизель майынын, 92-95 маркасындагы бензиндин баалары "Газпром Нефть Азия" бекеттеринде 70 тыйынга чейин, "Бишкек Петролеум" бекеттеринде – 1,6 сомго чейин, "Роснефть" бекеттеринде – 50 тыйынга чейин, "Партнер Нефть" бекеттеринде – 1,1 сомго чейин, "Ред Петролеум" бекеттеринде – 1,6 сомго чейин төмөндөгөн. Ал эми автогаз баасы 2,5 сомго чейин арзандады.

Казакстандан мунай аткезчилиги күчөдү

Айткандай эле, кийинки күндөрү Токмокто, айланма жолдо, Маевка айылы тарапта жана дагы бир катар жерлерде жол бою кыдырата тизилип алып, желим идиштерге бензин куюп саткандар көбөйдү.

Алардын баасы мунай бекеттерине караганда 4-5 сомго арзан, бирок айдоочулардын айтымында, сапаты да ошого жараша төмөнүрөөк.

Бишкектин Профсоюз көчөсүндө желим идиштерге бензин куюп саткан Нурлан (аты өзгөртүлдү – ред.) Казакстандан аткезчилик жол менен мунай ташылып жатканын айтты.

"Марка 95, казактын эле бензини. Эми бизге өзүбүздүн машина иштеп атат. Кечээ бирөөлөр "50 сомдон алгыла" деп келген, ошону деле албайм деп койду. Өзүбүздүн машина ташып атат бизге. Азыр пост ачылгандан бери машиналар шумдук эле иштеп атат. Өзүбүздүн машина бар кыскасы, бак-сагын айтпай эле, кааласа көзүнө көрсөтүп алып чыгып кетебиз".

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов кийинки кездери Казакстандан кирген мунай аткезчилиги көбөйүп баратканын билдирди.

"Бүгүнкү күндө баанын айырмасы 20 сомго чейин жетип жатат. Аткезчилик жолу менен алек болуп, ташып келген көрүнүштөр көбөйүп калды. Казакстан 11-апрелде чек арасын ачты, автоунаа каттамдары өтүп жатат. Биздин кээ бир ак ниет эмес жарандарыбыз аткезчилик менен алек болуп, ташып келип атышат. Былтыр чек ара жабык турганда мындай көрүнүш жок болчу. Бүгүнкү күндө Токмокто, "Дордойдун" тегерегин карап көрсөңүздөр, жол жээгинде туруп алып эле баклашкалар менен сатып атышат".

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматтарында азырынча Казакстандан мунай өндүрүмүн аткезчилик жол менен алып кирип жаткандыгы тууралуу маалыматтар кездешпейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1-июнга карата 95 маркасындагы бензиндин 1 литринин баасы 67,07 сом, 92 маркасындагы бензин 63,80 сом, ал эми 80 маркасындагы бензин 62,09 сом болууда. Дизел майы 64,54 сомдон сатылууда.

"Росстат" федералдык кызматынын маалыматы боюнча, Орусияда 27-майга карата бензиндин 95-маркасынын литри 51,31 рубль, 92-маркасы 47,24 рубль, дизел 54,44 рублдан сатылган.

Бирок бул Орусиянын ички рыногундагы баа. Ал жакта ички керектөөгө коюлган баа экспорттук баага караганда бир кыйла арзан. Анын ордун башка өлкөлөргө саткан экспорттук мунайдын жогору баасы менен теңдештирет.

XS
SM
MD
LG