Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Салык көп жыйналды, ишкерлерге көзөмөл күчөдү


Иллюс
Иллюс

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 148 млрд. сомдон ашуун салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилге салыштырмалуу дээрлик 36 млрд. сомго көп же өсүү темпи 47,3% деп эсептелет. Салыктар эмненин эсебинен өсүп жатат?

Чогултулган сумманын 111 млрд. 755 млн. сомун салыктар жана 36 млрд. 370 сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. Муну менен салыктар боюнча тогуз айга белгиленген план 236,8 млн. сомго, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1 млрд. сомго ашык аткарылган. Мындай көрсөткүчтөр 10-октябрь күнү Салык кызматынын тогуз айлык ишинин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жыйында айтылды.

Жыйынды жетектеген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салыкчыларга бир катар тапшырмаларды берген.

«Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө, товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, ишке киргизүү керек. Аткезчилик тууралуу унутпаңыздар, планды кыйналбастан аткаруунун бирден-бир жолу - аткезчиликти толугу менен токтотуу».

Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков салык чогултууну натыйжасына таасир эткен факторлорго токтолду.

Эркин Сазыков
Эркин Сазыков

«Салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштердин артынан мүмкүн болду. Андан тышкары, «Смарт салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорун, мисалы, электрондук эсеп-фактура, көзөмөл-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча жыйынды пост системалары жана электрондук-товардык-транспорттук кагаздарды ишке киргизүү дагы оң таасирин тийгизди. Ошондой эле, электрондоштуруунун алкагында көмүскөдө иштеп жаткан жетиштүү эле ишкерлерди ачыкка чыгарып, аларды дагы тийиштүү салыктарды төлөтүүгө жетиштик».

Салык кызматынын өкүлүнүн айтымында, салык төлөөчүлөрдү издөө боюнча дагы иштер жүргүзүлөт. Быйыл отчетторду салыштырып, эсептелбей калган суммаларды аныктоонун натыйжасында көмүскө экономикада эмгектенгендерден 13 млрд. сом кошумча каражат алынган. Бул айрым ишкерлердин билбестигинен же отчетторунун туура эмес жасалганынан улам көрсөтүлбөй калган суммаларды кошумча эсептөөдөн келип чыккан сумма.

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги салыктык үлүшү кошумча нарк салыгынан келип түшөт, ага тогуз айда бардык чогулган салыктардын 25% туура келет. Кумтөрдүн салыктары бардык жыйымдардын 15,8% түздү. Тогуз айда чогулган салыктардын 10% пайда салыгы (налог на прибыль), ал эми 8% киреше салыгы (подоходный налог) ээлейт.

Президент Садыр Жапаровдун 26-июлдагы жарлыгынын негизинде Министрлер кабинети тарабынан жумушчу топ түзүлүп, ал салык жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдаган. Долбоор 24-августта коомдук талкууга коюлуп, сунуш-пикирлерди эске алуу менен Министрлер кабинетине киргизилип жатат.

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков салык боюнча киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү мындайча түшүндүрдү.

Кубанычбек Ысабеков
Кубанычбек Ысабеков

«Ал жерде бирдиктүү салык режиминин ставкалары төмөндөтүлүп жатат. Кичи жана орто бизнес үчүн жүгүртүүсү 30 миллионго чейин болсо 0,5%, 30-50 млн сом болсо 1%. Ал эми 50 млн сомдон ашса, ал чоң компания болуп эсептелет, ага бирдиктүү салыктын жөнөкөй ставкалары иштейт, ал накталай болсо 4%, накталай эмес болсо 2%. дагы маалымат катары айтып коюш керек, бирдиктүү салыкта азыркы учурда талап бар, 8 млндон ашып иштесе, анда электрондук эсеп фактураны колдонуш керек».

Ысабеков Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, көмүскө экономика 2020-жылы ички дүң өндүрүмдүн көлөмүнө карата 23-24% болгонун, 2021-жылы 20,5%га түшкөнүн билдирди. Ошол эле учурда көз карандысыз эсептөөлөр боюнча Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 40% ашарын, ал эске алынаарын кошумчалады. Андыктан, салыктык реформалардын башкы максаты ишкерлерге жаңы салык жүгүн көбөйтпөй туруп, көмүскө экономиканы ачыктоо аркылуу кирешени көбөйтүүгө багытталганын айтат.

ЖИА ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев жүргүзүлүп жаткан салыктык реформаларга туруштук бере албаган ишкерлер да болуп жатканын, бирок акырындап орток пикирлер табылып баратканын билдирди. Ал көмүскө экономиканы ачыктоо чечкиндүү жүрүшү керектигин, бирок ал ишкерлерди жазалоо аркылуу эмес, эскертүү жолу менен барышы маанилүү экендигин белгилейт.

Жоодар Омошев
Жоодар Омошев

«Менин билишимче, азыр бир фирма ачылса, экинчи фирма жабылып жатат. Себеби азыркы нормалар менен салык төлөй албаган компаниялар да толтура. Муну да эске алыш керек. Кандай болгондо дагы, диалогго келип, жаңы нормалар сунушталып атат. Эгер коомчулук ушуга макул болсо, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып барат, анан жаңы салык кодекси менен иштей баштайбыз. Муну жашап эле көрөбүз, азырынча бир нерсе айтыш кыйын. Өкмөт көмүскө экономика, аткезчилик менен өтө катуу күрөшүш керек деп ойлойм. Эгер алар менен күрөшүү болбосо, салык кодексинин пайдасы канчалык экендиги талаш болуп калат. Салык реформалары менен катар аткезчилик менен күрөшүү да кетиш керек, аларды формалдуу экономикага өткөрүү жолун кароо зарыл. Көмүскө экономика менен күрөшпөсө, бул реформалар жакшы натыйжа бербейт. Мамлекет көмүскө экономикадагы ишкерлерди жазалоо менен эмес, эскертүү жолу менен легалдаштыруунун аракетин көрүш керек».

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2022-жылдын январь-июнунда Кыргызстанда 12,5 миң ишкана иштеген, анын ичинен 11,8 миңи — чакан ишканалар жана 0,7 миңи — орто ишканалар болгон. Иштеп жаткан чакан ишканалардын 62,2 пайызы Бишкек шаарында.

2022-жылдын 1-июлуна карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 438 миң бирдикти түзгөн жана алардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайызга өскөн.

XS
SM
MD
LG