Утулган тарап келинге 2 миллион сом кенемте төлөп берүүгө тийиш. Баласына ооруканада ВИЧ жуккан ата-энелердин арасынан өкмөт органдарын сотто утуп алган учур буга чейин болгон эмес.
Келин сот чечиминин аткарылышын көзөмөлдөөнү өтүнүп, президентке кайрылды. Аты-жөнүн өзгөртүп берүүнү сурангандыктан, ысымын Айнура деп атайбыз. Ал уулун жетелеп “Азаттыктын” студиясына келип, интервью берди.
Келиндин дареги жана байланыш номурлары редакцияда.
- Балаңызга оору качан, кандай жагдайда жугуп калган эле?
- 2010-жылы уулум бир жашка толгон кезинде жыгылып түшүп, эстен танып калды. “Тез жардам” кызматына чалсам, келген жок. Көтөрүп алып шаардык ооруканага чуркап бардым. Август айы, жекшембинин кечи эле. Реаниматологдор дароо жасалма дем алдырчу жабдууну улашты. Уулум комага түштү. Ага кан куюшту. Бирок ошол канда ВИЧ бар экен. Баламды куткарат деген үмүт менен барган ооруканада ага түбөлүк оору жугуп каларын билген эмесмин.
- Балаңызда Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) бар экенин кайдан билдиңиз? Кызыл-Кыяда дароо эле байкалдыбы?
- Бир ай бою наристенин абалы жакшырбай, улам дене табы көтөрүлө бергендиктен Кызыл-Кыядагы ооруканадан чыгып, уулумду боорума кысып Бишкекке жөнөдүм. Баш калаага келип, Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда дарылана баштаганбыз. Ошол жерде уулумдун анализдеринен ВИЧ аныкталган. Мени да текшеришкен, каным таза чыккан. Кайра-кайра текшерткем, жыйынтыгы бирдей боло берген. Бир канча жолку текшерүүлөрдүн натыйжасында балага Кызыл-Кыядагы ооруканада куюлган канда ВИЧ болгону тастыкталган.
Ишенбей, нес болуп, эмне кыларымды билбей калдым. Каякка барам, кимди күнөөлөйм? Ошол жерде өлгүм келди. Баламды ойлодум. Анын менден башка эч кимиси жок. Кайра Кызыл-Кыяга жөнөдүк. Мен барганча эле шаардык ооруканага кабар жетиптир.
Баламдын бейтаптык баракчасындагы маалыматтарды өздөрүнө ыңгайлуу кылып өзгөртүп салышыптыр. Документ архивге кеткен деп, мага бербей коюшту. Милицияга, прокуратурага бардым. Жагдайды түшүндүрдүм. Органда иштегендер менин үстүмөн күлүп, “туура жолдо жүргөн адамдын баласына ВИЧ жукпайт” дешти. Ыйладым, уруштум, жалындым... Арызымды албай коюшту. Жергиликтүү укук коргоо органдарынан майнап чыкпагандан кийин 2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары – Дастан Бекешев менен Ширин Айтматовага кат жолдоп, жардам сурагам. Арызым парламенттен ары Башкы прокуратурага жолдонуп, териштирүү башталган.
Прокуратура ишти сотко өткөрүп, Кызыл-Кыя шаардык сотунда каралган. Жараян 2014-жылы аяктаган. Сот чечиминде медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен бала оорукчан болуп калганы бышыкталган. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен, тийиштүү медициналык адистер жоопкерчиликке тартылган эмес. Бул аралыкта ар кимдин басмырлоосуна кабылдым. Көп тааныштарым менден алыстап, оор күндөргө туш болдум.
- Кандай басмырлоого кабылдыңыз?
- Көчөгө чыга албайм. Көпчүлүк менин балам ВИЧ менен ооруй турганын билишет. Ар кандай ушактарды айтышат. Тааныштарым мага кол берип учурашпай калышты. Ооруканага барсам, медиктер эки кабат колкап кийип текшергенге өтүштү... Мунун баарына чыдоо мүмкүн эмес.
Мен баламдын ушундай тагдырга туш болуп калганына медицина системасы күнөөлүү экенин сотто тастыктадым. Эч ким жоопко тартылбаса да мен алардын күнөөсүн тастыктадым. Бирок адамдардын пикирин өзгөртүү кыйын экен. Мектептерде дагы эле ачык сабактарда мугалимдер окуучуларга “СПИД XX кылымдын чумасы” деген коркунучтуу жазуулары менен плакаттарды жасатышат. Бул ооруга кабылгандарды мокочо кылып көрсөтүшөт. ВИЧ кан аркылуу гана жуга турганын түшүнбөй, дүрбөлөңгө түшөт. Ошондуктан Кызыл-Кыядан кетүүгө туура келди. Азыр Бишкекте жашап жатам. Балам 11ге чыкты. ВИЧке кошумча башка оорулары деле бар, жугуштуу эмес. Бирок эч кайсыл мектеп кабыл албай жатат. Ар кандай шылтоолорду айтып, окууга кабыл алышпайт.
- Бир нерсени сураганга бир аз ыңгайсыз болуп турам... Балаңыздын атасы кайда?
- Мен ал киши жөнүндө жаман сөз айткым келбейт. Сүйлөп, талкуулоону да каалабайм. Уулумдун башына ушундай күн түшкөндө бизден кеткен. Башка эч нерсе айта албайм. Арадан 10 жыл өттү. Сынбадык...
Мен билгенден 400гө жакын балага медицина кызматкерлеринин катасы менен ВИЧ жугуп калган. Алардын бир тобунун аталары таштап кеткен. Апалар жалгыз багып келатат. Бирок кандай болгон күндө да бала ошол эркектин канынан жаралган. Демек ал баладан эмес, өзүнөн баш тартып жатат... Баарына кудай бар. Баарыбыз күнөөлөрүбүз үчүн жооп беребиз. Сыноого сынбаш керек. Учуру келгенде өкүнүп калбай, адамдардын көзүнө тике карай турган болушубуз кажет.
Кыйналган кездеримде жашоодон кечип кетким келчү. Эки жолу жанымды кыюуга аракет кылдым. Ошондой учурларда Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын адам укуктары башкармалыгынын тренингине катыштым. Мен ошол жерде адам укугу жөнүндө кеңири түшүнүк алып, менин кандай укуктарым бар экендигин билдим. Дискриминацияга каршы туруу, стереотиптер менен күрөшүүнү үйрөндүм.
Бир канча бөлүктөн турган тренингдер бир жылга созулду. Ошол тренингдин алкагында “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери менен тааныштым. Алар мага жана балама кесипкөйлүктүн гана эмес, адамгерчиликтин да туу чокусун көргөзүштү. Алардын жардамы менен Жогорку сотко чейин даттандым. Саламаттык сактоо министрлигине жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына 5 миллион сомдук доо койдум. 2020-жылдын 8-декабрында Жогорку сот чечим чыгарып, министрликти жана оорукананы мага моралдык зыян келтиргени үчүн 2 миллион сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.
“Адилет” укуктук клиникасына терең ыраазымын. Алар сабырдуулук менен аягына чейин туруп беришти. Бул өтө чоң иш. Анткени, менин балам кабылган жагдайда адилеттик үчүн күрөшүү оор болду. Юристтер ишке ашпай турган ишти жүзөгө ашырышты. Анткени, жөнөкөй жаран килейген министрликти, оорукананы, бүтүндөй бир тармакты сотто утуп чыгышы оңой эмес.
Андан тышкары, кыз-келиндердин таламын талашып, укуктук сабатты жайылтып жургөн “Айкын багыт” коомдук фондуна терең ыраазымын. Уюмдун жетекчиси Мунара Бекназарова мени сынбоого үйрөттү. Баалуу кеп-кеңештерди берди. Моралдык жактан колдоду. Азыр деле абалымды сурап турат.
- Сиз сот аркылуу утуп алган кенемтени алдыңызбы?
- Жок, азырынча ала элекмин. Балким тиешелүү процесстер жүрүп жаткандыр, кабарым жок. Азыр Бишкектеги жатаканалардын биринде балам экөөбүз өмүр кечиребиз. Аны жалгыз калтырып бир жерге барып иштей албайм. Мамлекет тараптан уулума ай сайын 4000 сом жөлөкпул берилет. Майып баламды карап жатканым үчүн мага да 4900 сом төлөнөт. Ошол каражат менен күн кечиребиз.
- Кыргызстанда дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ жугуп калган төрт жүздөй бала бар. Ата-энелери сиздей болуп күрөшкөн жок. Көбү тагдырга баш ийип эле отуруп калышты. Аларга кандай кеңештерди бересиз?
- Мен шалаакылыктын жана адилетсиздиктин курмандыгы болгон кишилерге айтарым, өз укугуңар үчүн күрөшкүлө. ВИЧ жугуп калган балдарга, алардын апаларына кайрылам – тартынбагыла! ВИЧ жуккан адам коркунучтуу эместигин далилдейли.
Биз өзүбүз жөнүндө ачык айтып чыкканда гана дүйнө бизди тааныйт. Биз биригип, “СПИД - бул чума” деген акылсыз жана негизсиз стереотипти өзгөртүүгө мезгил келди.
Ал эми Жогорку соттун чечими тууралуу айтсам, укугум корголгонуна кубанып турам. Балам экөөбүзгө кенемтени өз убагында төлөп беришет деп ишенем. Президент Садыр Нуркожоевичтен суранам, ушул ишти көзөмөлүнө алсын.
Урматтуу президент, сиз деле убагында адилетсиздикке туш болуп, башыңызга оор иштер түшкөн. Менин жагдайыма да көңүл буруп, этибарга алып коюңузду суранам.
"Азаттыктын" архиви: ооруканада ВИЧ жуккан балдар тууралуу тасма
“Азаттык”: Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеевге 1-февралда кайрылып, Айнурага кенемте качан төлөнөрүн сурадык. Ал Жогорку соттон чечим чыкканын бышыктады, бирок министрликке азырынча чечим жолдоно электигин билдирип, качан колго тийгенде кенемте төлөө жагы караларын айтты.
Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 382 балага медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен ВИЧ жугуп калган. Алардын көбү 2007-2008-жылдарга туш келет.