Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Ооганстанда жоочулар абакка кол салышты


Жалалабад шаарындагы абакка кол салуу болгон жерде жоочулар менен ооган коопсуздук күчтөрү атыша кетишти. 3-август, 2020-жыл.
Жалалабад шаарындагы абакка кол салуу болгон жерде жоочулар менен ооган коопсуздук күчтөрү атыша кетишти. 3-август, 2020-жыл.

Ооган коопсуздук күчтөрү Нангархар чөлкөмүндөгү абакка кол салган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочуларын издөөнү улантышууда.

3-августта эртең менен чыккан расмий маалыматка ылайык, чабуулда кеминде 21 киши мерт болду, 42ден көбү, анын ичинде катардагы адамдар, коопсуздук аскерлери, түрмөдө отургандар жарадар болду. 2-августта Ооганстандын атайын күчтөрү «Ислам мамлекети» радикал уюмунун жогорку өкүлүн жок кылышканы жарыяланган.

Өлкөнүн чыгышында жайгашкан Нангархар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Атаулла Хогияни чабуул койгондордун арасынан үч киши атып өлтүрүлгөнүн маалымдады. Коопсуздук күчтөрү абактын айланасын курчоого алышты жана жанындагы көп кабаттуу имаратты тинтип чыгышты. Кол салууга катышкан айрым согушкерлер болжол менен ошол жерге жашынышкан.

Жекшембинин кечинде жоочулар Нангархардын баш калаасы Желалабад шаарындагы абактын сыртында дүрмөттөлгөн машинени жардырып жиберишкенден кийин коопсуздук күчтөрү менен атыша кетишкен. Куралдуу кармаш түнү бою уланганын «Азаттыктын» ооган кызматынын Жалалабаддагы кабарчысы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, түрмөдө отурган 50-100 чакты киши качып чыгып, бирок көбү кийин кармалды. Ал жерде талиб согушкерлери, «Ислам мамлекети» радикал тобунун жихадчылары, башка кылмышкерлер, бардыгы болуп 1 700 чакты айыпкер жазасын өтөп жатат.

«Ислам мамлекети» террордук тобу кол салуунун артында алардын желдеттери турганын өзүнүн «Амак» үгүт агенттиги аркылуу билдирди.

«Ислам мамлекети» террордук уюмунун жогорку жетекчилеринин бири Асадулла Оракзай.
«Ислам мамлекети» террордук уюмунун жогорку жетекчилеринин бири Асадулла Оракзай.

Чабуулдун алдында, ишембиде ооган атайын күчтөрү ошол эле Жалалабад шаарында террордук уюмдун чалгын бөлүгүнүн башчысын жок кылышканы кабарланган. Асадулла Оракзай ооган аскерлерине жана жайкын адамдарга каршы кандуу чабуулдарды уюштурган адам катары шек саналып келген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жарыялаган баяндамада террордук уюм ири чабуулдарды коюуга дагы эле алы жетерин, «Талибан» менен Вашингтондун ортосундагы тынчтык келишимине каршы болгон согушкерлерди өз катарына жалдоого үмүт артып жатканын белгилеген. Бирок жалпысынан акыркы убакта «Ислам мамлекети» радикал тобунун чабуулдары азайган. Муну өткөн жумада БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хак да билдирген:

«2020-жылдын биринчи жарымында былтыркы ушул эле маал менен салыштырганда катардагы оогандардын арасындагы жоготуулар азырак катталды. Негизинен муну эл аралык аскердик күчтөрдүн операциялары жана «Ислам мамлекетинин» кол салышы чектелгени менен түшүндүрсө болот. Ошол эле учурда Ооганстанга жардам берүү миссиясынын жаңы отчётунда «Талибандын» жана ооган армиясынын колунан каза болгондор азайбаганын көргөздү».

Быйыл жыл башынан бери былтыркы ушул эле мөөнөт менен салыштырганда жихадчылардын чабуулдары 80% азайган. БУУнун дагы бир маалыматына караганда, жыл башынан бери 100 миңден ашкан жайкын ооган жараны куралдуу жаңжалдан качып, жер которууга мажбур болду.

АКШнын Ооганстандагы аскердик командачылыгы «Ислам мамлекети» террордук уюму Кунар жана Нангархар провинцияларынан сүрүлүп чыкканы менен «Ооганстан, АКШ, НАТОдогу жана башка өнөктөштөр үчүн чоң коркунуч бойдон кала берүүдө» деп июлдун этегинде билдирген.

«Талибан» менен Кабул өз ара диалогго жакындады

Ал эми «Талибан» кыймылы соңку кан төгүүгө тиешеси жок экенин билдирип келатат. Кыймыл жана Кабул өкмөтү Курман айттын урматына 31-июлдан тартып үч күн бою атышууну токтотушарын жарыялашкан.

Президент Ашраф Гани жана «Талибандын» өкүлдөрү майрамдан кийин дароо оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрү башталышы ыктымал экенин кыйытышты.

Февралда кыймыл менен Вашингтондун ортосунда жетишилген макулдашуу ошол диалогго жол ачары айтылган, негизги шарт боюнча ооган бийлиги «Талибандын» беш миң туткунун бошотууга тийиш. Каршы тарап алардын колундагы миң кишини, арасында аскерлер менен өкмөттүк кызматкерлерди бошотот деп сүйлөшүлгөн.

Ашраф Гани баш болгон жетекчилер, Кабул. 31-июль, 2020-жыл.
Ашраф Гани баш болгон жетекчилер, Кабул. 31-июль, 2020-жыл.

Соңку тыныгуу маалында эле, Ганинин айтымында, талибдердин дагы 500 туткуну эркиндикке чыгарылды:

«"Талибандын" атышпоо жөнүндө жарыясына жооп катары, ак ниетебизди көргөзүү жана тынчтык процессин алдыга жылдырыш үчүн биз дагы 500 талиб туткунду бошотууну чечтик. Ошол талибдер кыймыл бизге сунуш кылган тизмеге кирген эмес».

Азыркыга чейин Кабул 4,5 миңден ашуун согушкерди бошотту. «Талибан» макулдашылган миң кишини чыгарганын айтып, калган 400 согушкерин бошотууну талап кылууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG