Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

АКШ Кабул менен «Талибанды» шаштырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылын туткундарды бошотуу боюнча тез арада орток пикир табууга үндөдү.

Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад коронавируска байланыштуу жагдай бул маселенин тезирээк чечилишине негиз болуп жатканын билдирди.

АКШ менен «Талибан» өткөн айдын аягында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул туткундагы беш миң жоочуну, ал эми талибдер өздөрүндөгү бир миң адамды бошото тургандыгы жазылган.

Ооган бийлиги башында 1,5 миң талиб жоочусун гана эркиндикке чыгарарын айткан, бирок кийинчерээк туткун алмашуу жараянын кийинкиге жылдырып койгон.

Залмай Халилзад Кабул менен «Талибан» кыймылы милдеттенме алганы менен ушул күнгө чейин бир да туткунду бошото элек экенине тынчсызданып жатканын билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына туткундар маселесин тездетүүгө мезгил келип жеткенин жазды. Буга коронавируска байланыштуу жагдай себеп болуп жатканын белгилеп, бул маселеде убакыт маанилүү экенин эске салды.

Залмай Халилзад.
Залмай Халилзад.

«Биз өз салымыбызды кошконго аракет кылып жатабыз жана Кошмо Штаттар тиешелүү бардык тараптар менен кеңешкенден кийин, эки тараптын өкүлдөрүнөн турган топ түзүүнү, туткундардан бошотууну мүмкүн болушунча тезирек баштоону сунуш кылат. Баштапкы жолугушууларга мен өзүм катышам», деп жазды ал.

Залмай Халилзад ошондой эле тараптарды чагымчыл мазмундагы билдирүүлөрдөн карманып турууга чакырды. Ал «Талибан» кыймылы «туткундан бошогон жоочулар тынчтык келишимдеги милдеттенмелерди аткарат жана согуш талаасына кайтып барбайт» деп убада бергенин белгиледи.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук кенешинин басма сөз катчысы Жавид Файзал бейшембидеги телекайрылуусунда Залмай Халилзадга жооп кайтарды.

Жавид Файзил.
Жавид Файзил.

«Туткундагы талибдерди эркиндикке чыгаруу маселесинде биздин позициябыз өзгөргөн жок. Президент чыгарган буйрукта айтылгандай, биз бул жараянга даярбыз. Бирок «Талибан» оогандарды өлтүрүүнү токтотууга тийиш. Ошондо биз тынчтыктын урматына бошотуп жаткан талибдер кайрадан согуш талаасына кайтышпайт деген кепилдик болот», - деди ал.

Өткөн айдын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да алардын колундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Ооган өкмөтү тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жана документке кол коюу жараянына катышкан эмес. Президент Ашраф Гани башында келишимдеги талиб жоочуларын бошотуу тууралуу талапты аткарбай турганын билдирип жаткан.

Кийинчерээк Ашраф Гани 1,5 миң талибди бошотууга, калгандарын «Талибан» менен тынчтыкка жетишип, зомбулук токтогондо өткөрүп берүүгө макул болгон жана атайын буйрук чыгарган. Ага ылайык, 14-мартта тартып күн сайын жүздөн адам коё бериле баштамак.

Бирок 15-мартта ооган өкмөтү туткундарды бошотуу жараяны кийинкиге калганын жарыялаган. Ушундан улам тынчтык процесси да бүдөмүк абалда калган. Кабул бошотула турган адамдардын тизмесин карап-талдап чыгууга кошумча убакыт керек экенин билдирүүдө.

Ооган түрмөлөрүндө он миңдей талиб жоочусу бар экени айтылган.

«Талибан» согушкерлери бошотулмайынча ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген. Бул куралдуу топ буга чейин деле Ашраф Гани башында турган ооган өкмөтүн «АКШнын тактекеси» деп атап, жолугушуудан баш тартып жүргөн.

Ооганстандагы Адам укуктары боюнча көз каранды эмес комиссия талиб жоочуларынын бошотулушу мыйзамсыз болорун эскерткен. Уюмдун өкүлү Наима Назари «мамлекеттик жана эл аралык мыйзамдарга ылайык, президент аскердик кылмыштар жана адамзатына каршы кылмыштар үчүн айыпталгандарды бошотууга ыйгарым укугу жок» деп билдирген.

Вашингтон менен «Талибандын» тынчтык келишимин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жактырган жана куралдуу кыймыл чабуулдарын токтотушу керек экенин белгилеген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG