Өткөн айдын аягында Вашингтон менен «Талибан» кыймылы тынчтык келишимине кол койгон. Эгер документтеги шарт-талаптын баары аткарыла турган болсо, анда америкалык аскерлер 14 айдын ичинде Ооганстандан толугу менен чыгып кетмекчи.
Ал арада АКШ Ооганстандагы кош бийликти айыптады. Мунун алдында, 9-мартта президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла жарыша ант берип, өздөрүн президент деп жарыялашкан.
Вашингтондун планына ылайык, биринчи айлампада Ооганстандагы аскерлеринин санын 13 миңден 8 миң 600гө чейин азайтат. Бул Дохада келишимге кол коюлган күндөн баштап, тактап айтканда, 28-февралдан тартып 135 күндүн ичинде ишке ашышы керек. «Талибан» кыймылы келишимдеги шартты толук аткарганча америкалык аскерлер бир жыл эки айдын ичинде толугу менен кетет.
Келишимге ылайык, эми ооган өкмөтү менен «Талибан» өз ара сүйлөшүүгө тийиш. Ошондой эле аталган кыймыл 10 миң туткунду, ал эми Кабул менен Вашингтон беш миңдей талиб жоочусун бошотушу керек.
Ооган өкмөтү тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жана документке кол коюу жараянына катышкан эмес. Буга чейин президент Ашраф Гани келишимдеги беш миң талиб жоочусун бошотуу тууралуу талапты аткарбай турганын билдирген. Бирок дүйшөмбүдө ал ушул аптада кеминде миңдей адамды бошотуу боюнча буйрук чыгарышы мүмкүн экенин кыйытты.
Антсе да АКШ менен «Талибан» кыймылынын тынчтык келишими бул өлкөгө бейпилдик алып келеринен күмөн санагандар да бар. Кабулдагы Ооган университетинин профессору Аюбзада аталган куралдуу кыймылдын өзүндө ынтымак-биримдик жок экенине токтолду:
Менимче «Талибан» кыймылынын ичинде өз ара биримдик жок.
«Дохадагы бир канча адамдан турган делегеция бардык топтордун кызыкчылыгына жооп берер-бербесин билбейбиз. Муну кайсы бир топ сүйлөшүүгө катышып жатканда, башка топтор чабуул уюштуруп жатканынан деле көрсө болот. Менимче «Талибан» кыймылынын ичинде өз ара биримдик жок, алар тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн айланасында бириге алган жок».
АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгара баштаган жараяны бул өлкөдө кош бийлик орноп калган учурга туш келди. Кошмо Штаттар мындай көрүнүштү айыпташты. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Вашингтон эгемен, бирдиктүү Ооганстанды колдойт» деп билдирүү таратты. Анда «биз кош бийлик түзүүгө боюнча бардык аракеттерди айыптайбыз жана саясий тирештин күч менен чечилишине каршыбыз» деп айтылат.
Ооганстанда президент Ашраф Гани жана аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла 9-мартта өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, өздөрүн президент деп жарыялашкан. Кабулдагы эки саясатчынын жанаша турган кеңсесиндеги өз-өзүнчө ант берүү аземдерине жүздөгөн адамдар катышкан. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад жана АКШ башында турган эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скотт Миллер Ганинин ант берүү аземине барган. Мунун алдында атаандашкан саясатчылар бийлик бөлүштүрүүгө байланыштуу орток пикир таба алган эмес.
Ооганстанда президенттик шайлоо былтыр сентябрда өткөн болчу. Добуш берүүнүн жыйынтыгы өткөн айда гана расмий жарыялаган. Ага ылайык, Ганини шайлоочулардын 50,64% колдоп, экинчи мөөнөткө шайланган.
Абдулла Абдулла болсо 39,52% добушка ээ болгон. Бирок ал добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана «добуштар жапырт уурдалды, шайлоо мыйзам бузуу менен коштолду» деп сынга алган.
2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калган. Ал кезде Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн. Ага ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы же башкы аткаруучу болууга көнгөн жана тараптар мунасага келген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.