Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Талиб делегациясы Кабулга келди


«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү. (16-сентябрь, 2016-жыл, Тегеран шаары. Архивдик сүрөт).
«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү. (16-сентябрь, 2016-жыл, Тегеран шаары. Архивдик сүрөт).

«Талибан» кыймылынын расмий делегациясы 2001-жылдан бери биринчи жолу Ооганстандын баш калаасына келди. Алар Кабулда ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен туткун алмашуу маселесин талкуулашты.

«Талибан» кыймылынын үч мүчөсү 31-мартта жана 1-апрелде ооган өкмөтү менен Кабулда бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши ырастады. АКШ баштаган күчтөр 2001-жылдын ноябрь айында талибдерди сүрүп чыгаргандан бери бул кыймылдын расмий өкүлдөрү ооган баш калаасына келе элек болчу.

Талибдер эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү «Батыштын тактекеси» деп мүнөздөп, түз сүйлөшүүдөн баш тартып келген. Март айынын соңунда ооган өкмөтү менен талибдер видеоконференция уюштуруп, бетме-бет сүйлөшүү өткөрүүгө макул болушкан.

«Ооганстан Ислам Республикасынын техникалык тобу кечээ Кабулда «Талибандын» өкүлдөрүн кабыл алды. Бетме-бет сүйлөшүүдө абактагыларды бошотуу маселеси талкууланды», - деп билдирди Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавид Файзал.

АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо) тынчтык келишимине кол коюп жаткан учур. Доха, 29-февраль, 2020-жыл.
АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад (солдо) жана «Талибан» кыймылынын саясий жетекчиси Абдул Гани Бахадыр (оңдо) тынчтык келишимине кол коюп жаткан учур. Доха, 29-февраль, 2020-жыл.

Азырынча жолугушуудан кандай майнап чыкканы расмий түрдө айтыла элек. «Талибандын» басма сөз өкүлү Забихулла Мужахид да туткун алмашуу жана бошотулгандарга медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча ооган өкмөтү менен «техникалык сүйлөшүү» болгонун ырастап, биринчи фазада талибдердин 100 мүчөсү эркиндикке чыгарын айтты.

АКШ менен «Талибандын» расмий өкүлдөрү февраль айында кол койгон тынчтык келишимине ылайык, ооган өкмөтү абактагы 5 миңдей талибди, «Талибан» болсо 1000 туткунду бошотмой болгон. Камактагы адамдардын алгачкы тобу март айынын башында эркиндикке чыгары белгиленген. Ошондон кийин гана оогандардын өз ара диалогу башталышы керек эле.

Бирок туткундарды аныктоо жана ооган президенти Ашраф Гани менен башкы аткаруучу Абдулла Абдулланынын шайлоо жыйынтыгына байланыштуу тиреши сыяктуу маселелер бул жараянды кечеңдетип койду.

Ошондой эле «Талибан» кыймылынын чабуулдары да токтобой жатат. Айрым талдоочулар талибдердин ичинде да так позиция жок экенин айтып жатышат.

«Түрдүү багытты карманган топтордун айткан сөздөрү жана позициялары дал келбеген учурлар болуп жатат. «Талибандын» ичинде ар башка күчтөр болгону үчүн алар атышпоо тууралуу келишимге келе албай жатышат», - деп билдирди ооганстандык саясат талдоочу Азиз Рафие.

Кабулдагы жардыруу. 30-март, 2020-жыл.
Кабулдагы жардыруу. 30-март, 2020-жыл.

Андан тышкары талибдер ооган өкмөтүнүн сүйлөшүү тобунун курамына да каршы чыгып, өз талаптарына төп келген делегация менен гана диалог кура турганын билдирүүдө.

АКШ менен «Талибандын» Ооганстандагы дээрлик 19 жылга аяк баскан согуштуу токтотууну көздөгөн тынчтык келишимине ылайык, оогандардын ички диалогу башталса жана талибдер чабуулдарды токтотуу сыяктуу убадаларын аткарса, америкалык жана башка чет өлкөлүк күчтөр өлкөдөн 14 айдын ичинде чыгып кетиши керек.

Бирок азырынча Ооганстанда куралдуу чабуулдар токтой элек. Маселен, 29-мартта эле «Талибан» кыймылынын ооган коопсуздук күчтөрүн бутага алган чабуулдарынан кеминде 28 адам мерт болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG