Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Белгород дрон чабуулуна туш болгону кабарланды


Белгородго болгон соккулардын бири. Архив
Белгородго болгон соккулардын бири. Архив

Орусиянын Белгород облусу учкучсуз учактардын чабуулуна туш болгондо бир киши жарадар болгонун «Пепел» Телеграм-каналы жазды. Губернатор Вячеслав Гладков 18 жаштагы жергиликтүү тургун жабыркаганы тууралуу маалыматты тастыктады.

«Пепел» дрон кулаганда соода борбору өрттөнгөнүн билдирди.

Телеграм-каналдар Краснояруж районунда эки автобус минага кабылганда беш киши жараат алды деп билдиришти. Гладков кийинчерээк үч киши жабыркаганын жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү укрианалык 46 дрон атып түшүрүлгөнүн, 41и Белгородго учурулганын, калгандары Брянск, Курск жана Орлов облустарын бутага алганын билдирди.

Курскини башкарып келаткан Александр Хинштейн аймактагы соккулардан беш киши жабыркаганын айтты.

Кремлчил блогерлер украин армиясы шейшембиде Белгород облусу менен чек арада активдешкенин жана Сумы облусу жактан кирип барууга аракеттенгенин жазышууда.

Губернатор Гладков билдиргендей, Украина менен чек арада кырдаал татаал болуп турат.

Телеграм-каналдар жазган ал жактагы кармаштар тууралуу эки тараптын тең аскерлери расмий түрдө кабарлай элек.

Орусия өз кезегинде кошуна өлкөсүнүн аймактарын аткылоону улантууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG