Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча соттук териштирүү Аламүдүн райондук сотунда уланып жатат. 18-марттагы отурумда күбөлөр суралганын “Азаттыкка” Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Кийинки отурум 27-мартка белгиленди жана анда жабырлануучу тарапка сөз берилет.
Арстан Алай былтыр 5-январда каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 2024-жылы 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстан Алай “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.
Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.
Арстан Алайдын өлүмү боюнча аталган колониянын беш кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлган. Айыпталып жаткандардын бири былтыр 18-июлда №31 тергөө абагынын кызматкери тергөө учурунда каза болгон. Башкы прокуратура шектүү үй камагында болгонун жана ага козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.
Алгач ишкерлик менен алектенип, саясатка кийин аралашкан Арстанбек Абдылдаев "Кыш болбойт", "Путин биоробот" деген сыяктуу ылакапка айланган сөздөрү менен белгилүү болгон. Өзүн "Жаңы кудай" деп атаган коомдук ишмер 2011- 2017 жана 2021-жылдары президенттик шайлоого талапкер катары катышкан. (TAb)
Шерине