Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Өзбекстанда кымбат машине ээлери нааразы


Самарканддагы эл аралык музыкалык фестивалга даярдык. Архивдеги сүрөт.
Самарканддагы эл аралык музыкалык фестивалга даярдык. Архивдеги сүрөт.

Өзбекстандын Самарканд облусунун жетекчилиги менчик кымбат машинелерди «Шарк тароналари» деген эл аралык музыкалык фестивалда бекер пайдаланганы жатат.

Облустук акимчиликтин өкүлдөрү алар четтен келген конокторго «чын жүрөгүнөн, чын пейилинен кызмат кылгысы келет» деп билдирди. Бирок менчик эээлери нааразы экени белгилүү болду.

Самаркандда «Шарк тароналари» аттуу эл аралык музыкалык фестиваль 23-30-август күндөрү өтөт. «Malibu-2» үлгүсүндөгү автоунаанын атын атабоону өтүнгөн ээси «Азаттыктын» өзбек кызматына аны облустук администрация мажбурлап жатканын айтып берди:

«Мен машинемди бир жума бекер берип турушум керек экен. Мага бул такыр жакпай турат. Анын баасы 30 миң доллар».

Самарканддык блогер Мирзо Субхонов 22-июлда облустун акими «жарандарга жана мекеме-ишканаларга таандык кымбат баалуу автоунааларды бекер пайдалануу тууралуу» атайын документке кол койгонун жазды. Ага ылайык, «Malibu-2» жана «Captiva» үлгүсүндөгү автоунаалар бир апта бою четтен келген конокторго кызмат кылышы керек.

«Конокторду тосуп-узатканга акча бөлүнсө керек. Жарандарды кыйнабашы керек эле», - деди блогер.

Фестивалда менчик кымбат машинелерди пайдаланууну уюштуруу жол коопсуздугу боюнча облустук башкармалыкка жүктөлдү.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын колуна аталган башкармалыктын жетекчиси Абдунаби Носировдун колу коюлган документ тийди. Анда «Malibu-2» үлгүсүндөгү автоунаанын ээсине машинесин 20-августта облустук администрацияга алып келүү талабы жазылган.

Документте кымбат жеке менчик автоунааларды 23-30-август күндөрү облустук администрация «чет өлкөлүк конокторду уят болбогудай тосуп алып, тарыхый жана маданий мурастарды тааныштыруу максатында» пайдаланат деп жазылган.

Президент Шавкат Мирзиёев ушул жылдын февраль айында «Шарк тароналари» эл аралык музыкалык фестивалын уюштуруп, өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда иш-чарага бюджеттен жетиштүү акча бөлүнөрү белгиленген.

Самарканддык блогер Мирзо Субхонов «Азаттыктын» өзбек кызматына облустагы жетекчилер менчик автоунааларды фестивалдан башка бардык эле иш-чараларда бекер колдонушарын айтып берди:

Акча чындап эле бөлүнгөн. Бирок аны максатсыз пайдаланышат.

«Акча чындап эле бөлүнгөн. Бирок аны максатсыз пайдаланышат. МАИлер такай эле ошондой кылат. Башка бир иш-чараларда жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер автобустардын, жүк ташыган автоунаалардын ээлеринин документтерин ар кандай себеп менен алып алышат да, аларды бекер кызмат көрсөтүүгө мажбурлайт».

Самарканд облусунун администрациясынын өкүлү «Азаттыктын» өзбек кызматына жарандардын кымбат автоунааларын чет элдик конокторду тейлегенге бекер бергенин «самарканддыктарга мүнөздүү болгон меймандостуктун эң жогорку чеги» деп түшүндүрдү. «Бул жарандар кандайдыр бир акы алуудан баш тартты, алар меймандарга чын көңүлүнөн кызмат кылгысы келет» деп айтты. Маданият министрлиги болсо бул жагдай тууралуу комментарий берген жок.

Буга чейин «Шарк тароналари» фестивалынын алдында бейтапканалардын кызматкерлерин мажбурлап көчө шыпыртып жатканы белгилүү болгон.

XII «Шарк тароналари» эл аралык музыкалык фестивалга БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун, башкача айтканда, ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуле да чакырылган. Иш-чарага жалпысынан 80ге жакын мамлекеттен ондогон өнөр ээлери, ырчылар, музыканттар, музыкалык топтор, сүрөтчүлөр келмекчи.

Кыргызстанда эки жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Анда жүздөгөн боз үй тигилип, миңдеген конокторду жергиликтүү эл өз күчү менен тоскон. Бийлик мейман күтүү тууралуу түздөн-түз көрсөтмө бербесе дагы, жергиликтүү бийлик элди конок тосууга оозеки милдеттендирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG