Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Эльмира Ибраимова: “Бийлик оңолот деп ишенгенбиз, бирок андай болбой калды"


«Ак Жол» партиясынын төрагасынын орун басары Э. С. Ибраимова Президент К. С. Бакиевге, «Ак Жол» партиясынын мүчөлөрүнө кайрылуу менен чыкты. Кайрылууда “Ак Жол партиясы түзүлүп жатканда “коррупциялык системаны жок кылуу, руханий жактан жогорулоо, кадрларды тазалоо жана жаңылоо” жөнүндө бийликке болгон үмүт-тилектер ишке ашпай, “көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар табышмактуу жагдайларда курман болуп”, “экономиканын туңгуюкка түшүп кеткени”, “мамлекеттик органдар Ак үйдөн башкарылбай, өлкөнүн улуттук таламдары үй-бүлөлүк бизнестин таламдары менен алмаштырылганы” жөнүндө мамлекет башчыга жана акжолчуларга курч суроолор коюлган.

«Ак Жол» элдик партиясынын төрагасынын орун басары Э. С. Ибраимованын Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиевге, «Ак Жол» партиясынын мүчөлөрүнө

КАЙРЫЛУУСУ



"Мындан бир жарым жыл мурда, кризис чулгап алган 2007-жылдын күзүндө мен өзүмдүн башка ондогон партиялаштарым сыяктуу эле Конституцияга, өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турган коомдук кыймылды түзүүгө катышуу тууралуу чечим кабыл алгам. Кийин ушул кыймыл «Ак Жол» саясий партиясына өсүп чыкты.

Ушул учур коом жана бийлик үчүн кыйын кезең мезгил эле. Биздин коомдун максаты да, жашоону жакшыртуу жагындагы келечеги да жок болуп турган кезде, биз сырттан байкап тура алган жокпуз. Коомдо жаңы толкундоолордун коркунучун пайда кылган саясий ыргылжың улантылып жаткан. «Бакиев кетсин!» - деген ураан иш жүзүндө жаңы революцияга карата чакырык болуп турду.

Саясий күчтөрдүн кыйратуучу карама-каршылыгынан алдында биз улам кайталанып жаткан төңкөрүштөр, жер-жерлердеги уруучул, тууганчыл топтордун каршылыгы, мамлекеттик бийликтин аракетсиздиги мамлекет үчүн канчалык оор экенин түшүнгөнбүз. Дал мына ушунун өзү «Ак Жол» партиясын түзүүгө себеп болгон.

Биздин түшүнүгүбүздө өлкөнүн Президенти Конституциянын кепилдигин алуу менен, кыргыз мамлекетүүлүгү үчүн алаамат болуп эсептелген мына ушул көрүнүштөргө каршы турууга тийиш эле. Ушулардын баарын таразалап, электен өткөргөндөн кийин, бийликке жетүүгө эмес, өлкөнү өнүктүрүүгө бекем бел байлап киришкен бир нече саясий партиялар жана саясий топтор жаңы саясий негизди, жаңы саясий партияны түзүшүп, аны бийлик партиясы дебестен, элдик партия деп аташкан.

Мында биз бийлик айкын демократияны, коррупциялык системаны жок кылууну, адеп-ахлактык жана руханий жактан жогорулоону, кадрларды тазалоону жана жаңылоону, камсыз кылууга тийиш деп ойлогонбуз. Биздин бардыгыбыз 2005-жылдын мартында алынган сабактан улам, бийлик оңолот деп ишенгенбиз.

Бирок андай болбой калды. Бир жыл өтүп-өтпөй эле биз өлкөдөгү таптакыр башка абалга, таптакыр башка кырдаалга туш болдук, жана алар эл арасында белгилүү бир суроолорду пайда кыла баштады.

• Адамдардын эмне үчүн биз өз өлкөбүздө өзүбүздүн жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кыла албай жатабыз, эмне үчүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар табышмактуу жагдайларда курман болуп, парламенттик депутаттар дайынсыз жок болуп жатышат? - деген суроолоруна кандай жооп беребиз?

• Өлкөдөгү кырдаалды ачык чагылдырган журналисттердин жашоосу эмне үчүн коркунучтуу болуп калганын, жарандык коомго кандай түшүндүрөбүз, ушунун өзү өлкөдө башкача ой жүгүртүүгө каршы күрөш эмеспи? - деген суроого кандай жооп берүүгө болот?

• Экономикалык секирик жасоонун ордуна биз экономикалык тунгуюкка түшүп кеткенибизди калкка кантип түшүндүрөбүз? «Үй-бүлөлүк-тууганчыл» экономика гана иштеп жатат - деген ырастоону кантип четке кагабыз жана эмне үчүн гүлдөп-өсүп жаткан коррупцияны ооздуктоо үчүн саясий эрк жок дегенди кантип түшүндүрөбүз? Биз өзүбүздү акташ үчүн көөдөй караңгылыкта сууктан тоңуп отурган калктын эмне үчүн бизди мындан жүз жыл мурда жашагандай жашоого, шам чырактын бүлбүл жарыгында, тезектин түтүнүнө ышталып жашоого мажбурлап жатасыңар? деген суроосуна кандай жооп беребиз?

• Биз массалык маалымат каражаттары аркылуу өздөрүнүн менчигин басып алуу жаатында жардам сурап кайрылып жатышкан ишкерлердин менчикти коргоого жардам бергиле деген чакырыгына эмне деп жооп беребиз?

• Өзүбүздү актоо үчүн өлкөдө жылдан-жылга билим берүүнүн жана маданияттын деңгээлинин төмөндөп жатышы, биздин элдин байлыгы болгон моралдык, адеп-ахлактык принциптер, бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын колдоосуна ээ болбой жатканы тууралуу адамдарга эмне деп түшүндүрөбүз?

• Мамлекеттик органдар Ак үйдөн башкарылбай калды, өлкөнүн улуттук таламдары үй-бүлөлүк бизнестин таламдары менен алмаштырылды деген суроолорго бийлик эмне деп жооп берет?

Бизге, «Ак Жол» партиясынын мүчөлөрүнө ушул суроолор боюнча биздин шайлоочуларга жооп берүүгө туура келип жатат. Менде жана «Ак Жол» партиясынын башка жүздөгөн мүчөлөрүндө ушул суроолорго жооп жок болуп жатат. Азырынча коом президенттиктин төртүнчү жылында жооп катары укканы: баарын жаңыдан кайра баштоо керек жана «элге жаңы багыт керек» деген сөздөр болуп жатат
Жаран катары, биз бир кезде өлкөгө жетекчилик кылууну ишенип берген Кыргызстандын Президентине элдин берген суроолоруна жооп берүү өтүнүчү менен кайрылып жатамын.

Бүгүнкү күндө «Ак Жол» партиясы үстүбүздөгү жылдын июлунда боло турган шайлоодо өлкөнүн Президенттигине талапкерликке кимди көрсөтүү керек - деген тандоонун алдында турат. Партиянын төрагасынын орун басары катары «Ак Жол» партиясынын мүчөлөрүнө өлкөнүн Президентинин кызматына «Ак Жол» партиясынан талапкерди тандоонун алдында, жогорудагы бардык суроолорго бериле турган жоопту күтө туруу өтүнүчү менен кайрыламын.

Албетте, айт дегенде кыйт-деген чиновниктер «партиянын пикирин» түзүүгө жанталашып, ар кандай билдирүүлөр жасалып жана курултай чакырылып, аларда катардагы акжолчуларды бийликти колдоо жөнүндө билдирүү жасоого мажбурлап, партиядан бийликке «ылайык келбеген» адамдарды кууп чыгуу боюнча кампания уюштуруларына толук ишенемин. Бирок ушундай кырдаалда мен «Ак Жол» партиясынын ар бир мүчөсүнүн турмуштук позициясына жана ар-намысына таянамын. Чечим кабыл алууда «Ак Жол» партиясынын ар бир мүчөсү өз абийрине жараша иш кылат, ал эми партиянын өзү – өлкөнүн таламдарын жетекчиликке алат деп ойлоймун."

P.S "Ак Жол" партиясы 1-Майда курултай өткөзүп, президенттикке талапкер катары кайрадан Курманбек Бакиевди көргөзгөн жатат. Эми бул партияны негиздеген жетекчилердин бири Эльмира Ибраимованын билдирүүсү "акжолчулардын" арасында биримдик ыдырап, бөлүнүп-жарылуу күчөп жатканын билдирип турат. "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда, Эльмира Ибраимова баштаган бир катар интеллектуалдуу бөлүгү "Ак Жолдун" катарынан чыгып, оппозицияга кошулуп, 23-июлда президенттик шайлоодо оппозициянын талапкерин колдоого алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG