Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51

Республикачы Дик Чейни шайлоодо Камала Харристи колдорун жарыялады


Дик Чейни
Дик Чейни

АКШнын мурдагы вице-президенти, республикачы Дик Чейни президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харристи колдойт.

Мурдагы президент Жорж Буштун администрациясындагы таасирдүү кишилердин бири катары катары эсептелген Чейни 6-сентябрда ушундай билдирүү жасады.

Associated Press басылмасы вице-президенттин айткандары Харристи колдоого караганда, көбүрөөк Республика партиясынан талапкер Дональд Трампка оппозиция катары кабыл алынганын белгилейт.

10-сентябрда Трамп менен Харрис ABC телеканалында дебат өткөрөт.

USA Today шейшембиде жарыялаган сурамжылоого ылайык, Харриске шайлоочулардын 48% ыктайт, Трампты 43% колдойт. Президенттик шайлоо АКШда 5-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG