Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Константиновканы аткылоодо үч киши набыт болду


Константиновкага 9-августта жасалган чабуулдан кийин тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Константиновкага 9-августта жасалган чабуулдан кийин тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Украинанын Константиновка шаарында 7-сентябрдагы аткылоодо үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алды. Бул тууралуу Донецк облустук аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирип, тургундарды коопсуз жерлерде баш калкалоого чакырды.

"Орустар шаарды артиллериядан аткылап, 24 жаштан 69 жашка чейинки үч эркек каза болду. Жеңил жараат алган үч кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү. Көп кабаттуу үй, административдик имарат, дүкөн, дарыкана, алты автоунаа жана үч электр чубалгысы зыян тартты",- деп билдирүү таратты Филашкин.

Орусия буга комментарий берген жок. Далилдерге карабай, Москва Украинанын карапайым тургундар жашаган жерлерине чабуул коюлганын моюнга албайт.

Украинанын бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуш кылмыштары катары мүнөздөйт.

7-сентябрдын таңында Орусия Киевге кайрадан дрондор менен чабуул койгонун, алардын баарынын мизи кайтарылганын калаанын администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирген. Андан тышкары, сегиз облуста абадан чабуул коркунучу жарыяланган.

Ушул күнү Орусиянын Воронеж облусунда учкучсуз учактын чабуулунан ок-дары сакталган кампада өрт чыкканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Бир нече айылдын тургундары эвакуацияланганын облус губернатору Александр Гусев билдирди. Жабыркагандар жок.

XS
SM
MD
LG