Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Президент Жапаров иш сапар менен Астанага барат


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстандын баш калаасы Астанага иш сапар менен барат. Расмий маалыматка ылайык, ал V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев мелдештерге 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден көп спортчу катышарын билдирди.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт. Мурдараак ага 73 мамлекеттен 4 миң спортчу келери күтүлүп жатканы айтылган. Кыргызстандан 253 спортчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат.

Мелдештер калаанын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында уюштурулган. (SE)

XS
SM
MD
LG