Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду


 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги. Бишкек
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги. Бишкек

Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Буга чейин министрдин орун басары кызматын аркалап келген Чынгыз Эсенгул уулу министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал эми министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев министрдин орун басары кызматына бекиди.

Кинематография департаментинин мурдагы директору Акжол Бекболотов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна Улан Адамалиев дайындалды.

Муратбек Бегалиев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды.

“Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп Медербек Апарханов дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

XS
SM
MD
LG