Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

Воронежде курал-жарак кампасындагы өрттөн улам жүздөгөн адам эвакуацияланды


Воронеж облусуна августта жасалган чабуулда күйүүчү май кампасындагы жарылуу болгон. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Воронеж облусуна августта жасалган чабуулда күйүүчү май кампасындагы жарылуу болгон. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Орусиянын түштүк-батышындагы Воронеж облусунда курал-жарак кампасындагы өрттөн улам жергиликтүү бийлик 600дөй адамды эвакуациялады.

Острогожск районунда 7-сентябрда таңга маал атып түшүрүлгөн дрондун сыныктарынан улам өрт чыкканын губернатор Александр Гусев Телеграмга жазды.

Анын айтымында, жакын жердеги бир нече конуштардын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

РБК-Украина булактарынын айтымында, бул кампа Украинадагы согушка техника жөнөтүү үчүн колдонулган. Чоң өрт болуп жатканы тууралуу видеолор социалдык желеге тарады.

Украинанын коопсуздук кызматындагы булактар ишембиге караган түнү украин тарап дрон менен Воронеж облусундагы ок-дары сакталган кампага чабуул койгонун Би-Би-Сиге тастыктады. Азырынча Киев расмий комментарий берген жок.

Ушул күнү Украинанын Константиновка шаарында орус тараптын аткылоосунан үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Орусия буга комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG