Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо үчүн талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү


Кыргыз тараптан жолугушууга өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты.
Кыргыз тараптан жолугушууга өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо үчүн талаа изилдөөлөрү жасалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 1-7-сентябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында болду.

Анын алкагында топографиялык жумушчу топтор чек аранын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү. Башка аймактарды сыпаттоо Кыргызстанда өтө турган кийинки жолугушууда ишке ашырылмакчы. Бустондогу сүйлөшүүлөрдү Бишкек "достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү" деп мүнөздөдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG