- Жакында эле президент Роза Отунбаева Кыргызстанда мыйзам чыгаруу ассамблеясын түзүү керектигин, ал күзгө чейин парламенттин милдетин аткарып турарын айткан эле. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү да ушундай пикирин айтып атышат. Деги ушундай органга зарылчылык бар беле?
Эдил Байсалов: Мындай органга зарылчылык жок. Эң эле жалгыз зарылчылыгы – мөөнөтү бүткөн, мандаты түгөнгөн убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бийликке илинип, Роза Исаковнанын тегерегинде калуусу эле зарыл болуп атат. Бирок парламенттик шайлоого үч ай эле калды. Бул мөөнөттүн ичинде эч кандай жаңы мыйзамдарды кабыл алууга кажет жок. Ошондой болгон күндө да президент Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктары жетиштүү. Мыйзамсыз, легитимсиз, мыйзамды одоно бузуу менен Конституцияга жазылбаган органды түзүүгө эч кандай кажет жок.
- Ошентсе да убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү аталган ассамблея саясий кырдаалга байланыштуу чукул чечим кабыл аларда гана чогулат, башка мүмкүнчүлүгү жок болот деп айтып атпайбы. Ушундай пикирге кандай дейсиз?
Эдил Байсалов: Булар “Роза Отунбаева жалгыз калбасын” деп айтышат. Роза Отунбаева жалгыз калбайт, калың калктын, жалпы элдин атынан шайланды. Отунбаеванын тегерегинде эл, бардыгыбыз барбыз. Ал киши коопсуздук кеңешин түзөбү, башка кандайдыр бир органдарды түзөбү – ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрү менен диалог түзүп, жалпы улуттук консенсусту түзүшү керек.
Баягы эле 14 адам олуя болуп калдык, Кыргызстандын тагдырын биз эле чечебиз дегени мыйзамды, Конституцияны одоно бузуудагы өзүм билемдик. Муну мамлекеттик бийликти узурпациалоо деп эсептесек болот.
- Эгер болбой эле ассамблея түзүлсө каршы чаралар болот деп ойлойсузбу?
Эдил Байсалов: Азыр биз абдан эле туңгуюкта турабыз. Кырдаал абдан начар. 7-апрелде революцияны элибиз уюштуруп, Бакиевдин бийлиги айдалып, Конституция жокко чыгарылып, парламент таркатылып, мыйзамсыздуулук болуп турган. Андан кийин референдум өткөрдүк, президентти шайладык, мыйзамдуу жолго, Конституциялык нукка өтөлү десек эле кайра эле мыйзамсыздыкты бийлик жасаса башка саясий күчтөр өзүнчө деле түзүп алышы мүмкүн. “Мына, биз деле өкмөтпүз, биз деле элдин атынан сүйлөп атабыз. Конституцияны сыйлабасаңар биз деле баланча Конституцияны тааныйбыз, силерди тааныбайбыз” дейт да. Ошондуктан мыйзамды бузууга эч кандай кажет жок. Роза Отунбаева – президент, ал кишинин ыйгарым укуктары, бийлиги жетиштүү. Эл журт барбыз, бардыгыбыз Конституцияны сактайлы.