Министрлер кабинетинин 27-августтагы №528 токтому менен буга чейинки жеңилдик берилген тизме жокко чыгарылды.
Кыргызстандагы дары-дармек бизнеси кабылган кыйынчылыктар, жаңы эреже, мыйзамдар кандай иштейт?
Министрлер кабинетинин чечими күчүнө кирип-кире электе Бишкектеги дарыканаларда баанын кымбаттап жатканы байкалууда.
Шаар тургуну Жазгүл боор оорусуна каршы “Урсосан” дарысын буга чейин 1380 сомдон алып турчу. 17-сентябрь күнү дарыканага барып, анын баасы 330 сомго кымбаттаганын көргөн. Бул баанын 24% көтөрүлгөнүн билдирет.
“Баа эмне үчүн кымбаттаганын, токтом күчүнө кирбей жатып дары кымбаттап кеткен себебин сурадым. Өкмөттүн чечими күчүнө кире элек болсо. Анын үстүнө, дарыны бүгүн эле алып келип, дарыканага алып чыга калып сатып жаткан жок, Кыргызстанга буга чейин эле кирген партиялар да. Дарыканачы бааны акырындап көтөрүү керек болуп жатканын айтты. Түшүнбөй калдым. Балким, башка себептери бардыр”, - дейт ал.
2023-жылы үч жүздөн ашуун дары-дармектен жана медициналык каражаттан турган тизмени кошумча нарк салыгынан бошотуу фармацевтикалык рынокту легалдаштыруу жана бааны түшүрүү мүдөөсүн көздөгөн. Чечимдин демилгечилери буга чейин берилген жеңилдиктерди фармацевтикалык компаниялар өз кызыкчылыгына колдонуп, рыноктогу бааны түшүрүүгө эмес, жеке пайда табууга көбүрөөк ыктап калышканын билдирген.
Бул тизме 317 аталыштан турган. Тизме Министрлер кабинетинин 2023-жыл, 18-апрелдеги токтому менен бекитилген.
Салык кызматынын кыйыр салыктар башкармалыгынын башкы инспектору Гүлнура Турусбекова буга чейин жеңилдик менен киргизилип келген дары-дармектер менен медициналык каражаттарга кошумча нарк салыгынын чегерилишин мындайча маалымдады:
“Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрынан баштап бул тизмеге киргизилген дары каражаттары, медициналык буюмдар, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдар кошумча нарк салыгы менен сатыла баштайт. Негизи кошумча нарк салыгы бул товарларды республикага киргизип жатканда, анан Кыргызстандын территориясында сатылып жатканда алынат. Киргизилип жатканда бажы органдары алышат. Кыргызстандын ичинде сатылып аткан кошумча нарк салыгын салык органдары жыйнайт. Кошумча нарк салыгы 12% түзөт. Бул дарылар сатыла баштагандан кийин, ошого жараша баалар да 12% жогорулайт”.
Ошол эле маалда, Экономика жана коммерция министрлиги мурда кошумча нарк салыгынын киргизилиши дары рыногундагы баалардын туруктуулугуна таасир этпейт деп ишендирген.
Өкмөттүн болжолунда бул салыктын кайра киргизилиши менен бюджетке бери дегенде 1-2 млрд сом кошумча киреше түшмөкчү. Салык кызматы буга чейин билдиргендей, топтолгон акчаны мамлекет саламаттык сактоо тармагына жумшайт. Маселен, гемодиализ алгандардын, кант диабети жана онкология оорулары менен жабыркагандардын муктаждыктарын убагында чечкенге колдонулат.
"Дары ансыз да тартыш болуп жатканда, баанын кымбатташын кантебиз?"
Ал эми бейтаптар көп зарыл дары-дармектер рынокто таңкыс болуп, издегенин таппай жатканын айтышууда. Атүгүл соңку кездери жашоо үчүн зарыл болгон дары каражаттары дагы жок болуп калган учурлар көбөйгөн. Алар ушундай чакта өкмөттүн чечими баанын кымбатташына жана дары-дармектердин тартыштыгынын ансайын курчулуша алып келет деп кабатыр болууда.
“Жашоо үчүн бирге” уюмунун жетекчиси Шайырбү Сагынбаева онкологиялык бейтаптар үчүн Бишкек шаарында хостел ачып, иштетип келет. Ал бейтаптар үчүн эң зарыл дары-дармектердин баары кымбат, көпчүлүгү жок болуп жатканын айтууда:
“Мисалы, азыр 100 миң сом болгон дары андан кымбаттап кетсе, кандай болот? Арзан дарыларды го алса болот, кымбат дарыларды алуу кыйын болуп жатпайбы. Элестет, мисалы, бир химияң 80 миң сом болсо, 12ни алганча канча болуп жатат? А эгер үстүнө КНС кошулса кандай болуп калат? Албетте, элге кыйынчылык келет. Мисалы, онкологияда көпчүлүгүнүн күйөөлөрү таштап кетет. Мен эркектерди күнөөлөбөйм, ар кимде үй-бүлөдө ар кандай болот, эркектер деле депрессияга түшөт. Бирок, ошентсе дагы, айым бала-чакасы менен жалгыз калып калат. Бир жагынан онкология болсо, бир жагынан күйөөсү таштап кетсе, анан жалгыз өзү ошончо дарыны кандай аял алат? Мисалы, кээ бир туугандар “дагы акча сурайт” деп телефон албай калат. Менде андай кыздар да бар. Ошон үчүн кыйын эле болот эми. Айла жок, жашоо керек”.
Кыргызстандагы дары-дармектердин тартыштыгы тууралуу буга чейин дарыгерлерден баштап парламент депутаттарына чейин бир нече жолу айтылып келди. Адистер ырастагандай, таңкыс дарылардын тизмеси болжол менен элүүдөн ашат.
"Дарыны каттоо татаалдашып кетти"
Импортчулар “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы дары-дармектердин тартыштыгын Дары каражаттары департаментинин каттоо жол-жоболорундагы татаалдыктар менен түшүндүрүп жатканын айтышууда.
Кыргызстандын фармацевтикалык союзунун төрагасы Эрнис Асанов дары-дармектер менен медициналык каражаттарды импорттоого кошумча нарк салыгын киргизүү бааны кымбатташын жаратат деген кооптонуусун билдирди. Ал күнөөнү фармацевтикалык компанияларга жүктөп расмий адамдар туура эмес маалымат бергенин кошумчалады:
“Дарынын баасы көтөрүлөт эми, аны ооруган кишилер эле төлөйт да. Аткезчилик дагы көбөйөт болуш керек. Ансыз деле азыр дарынын көбү тартыш. Азыр көп эле жеке адамдар ар кайсы жактан дары ташып жүрөт. Санкциянын айынан дарыны алып келиш дагы кыйын, бир топ убакыт кетет. Мурда буйрутма эки-үч айда келсе, азыр 4-5 айга чейин созулуп кетип атат. Мурун дарынын көбү Орусиядан келсе, азыр санкциянын айынан өздөрүндө деле дары-дармек тартыш болуп жатса керек. Санкция жана азыркы жүрүп жаткан согуш дагы көп таасирин тийгизип жатат. Акыркы жылдары мамлекеттик каттоодон өткөрүү дагы бир топ убакытка созулуп кетип жатат. Таасир берген ошондой факторлор көп. Евразия алкагында болгондон кийин, ошонун талабы менен каттоодон өткөрүү дагы оңой эмес экен”.
Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган. Расмий эсепте Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200ден ашык.
Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин Фармацевтикалык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов айрым дары-дармектердин жок болуп жатышы аларды каттоо тартибине байланыштуу экенин билдирди:
“Сиз менен менин коопсуздугубуз ошол дарыларда. Себеби ошол эксперттер жакшылап караса, дарылар жакшы козөмөлдө болсо, экөөбүз көңүлүбүз тынч, дарыканалардан барып алабыз. Мындай токтоп атыптыр, кечигип жатыптыр дегендин көп себепбептери бар. Мисалы, керектүү документтер жок болуп калса, алар каттоого өтпөй калат. Кайра ошол керектүү документтерди, маалыматтарды алып келиши керек. Мыйзам карап турат. Бардыгыбыз Кыргызстандын жарандары болгондон кийин, сапаттуу дары кириши керек деп, биз ошону көзөмөлгө алабыз. Жанагы жашоого маанилүү болгон дарылардын тизмеси өзгөрдү, жаңы токтом чыкты. Ошонун негизинде керек да баары. Сапаты жана каттоо боюнча биз жооп беребиз. Кыргызстанга алып келүү боюнча “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жооп берет”.
"Мамлекет бейтаптарды кыйнап жатат"
Кыргыз өкмөтү 2023-жылы өлкөдөгү дары-дармектерди жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ага өлкөнүн бейтапканаларын зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздап, аны менен бирге фармацевтикалык рыноктогу туура эмес баа саясатына таасир кылуу вазыйпасы жүктөлгөн. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен ишканага миллиард сом каражат жана кеңири ыйгарым укуктар берилген.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдараак маалымат жыйын курганда, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы дарыканаларды 95% чейин камсыздап жатканын билдирген:
“Азыркы кезде “Кыргызфармация” 596 дарыларды 290 уюмга 90-95% жеткирип берди. Мурун мындай убактарда тендер өткөрүлүп, ошол эле кезде дары-дармектер 50% гана жеткирилип турчу. “Кыргызфармация” алып берген дары-дармектер жөнүдө айтсак, ал жерде мурда тендер менен алынган дарылардын баасына караганда 200дөн 600% чейин арзан баада кылып жатат. “Кыргызфармация” өзү 90 фирмалардан алып келүүдө. Алардын ичинен 30дан ашык өлкөлөрдүн заводдору менен келишим түзүп, ошол жерден келип жатат”.
Кыргызстан жыл сайын жүздөгөн миллион долларга дары-дармектерди импорттойт. 2024-жылдын жети айында эле 126,5 млн долларлык дары-дармек, дагы 15 млн долларга башка медициналык жана фармацевтикалык каражаттарды сатып алган. Бул мурдагы жылдын ушул мезгилине караганда 30-35% көп.
“Пациенттер коомчулугу” уюмунун жетекчиси Гүлмира Абдыразакова дары менен камсыздоодо мамлекеттин алсыз саясаты бейтаптарды кыйнап жатканын айтууда:
“Акча жетиштүү эмес. Мисалы, онкологиянын керектөөсүнүн болгону 10% эле жабылып жатат. Элүү, алтымыш же жетимиш пайыз эмес. Гемодиализдин керектөөсү 100% жабылган, алар эчтекесине төлөбөйт. Сабыр кылып эле келатабыз. Кой, макул эми, ар кандай себептери болуп жатат, азыр дүйнө жүзүндө ар кандай согуш болуп, кичине сабыр кылалы деп, мына сентябрга чейин күтүп эле келатабыз. Жыйын өткөрдүк, Саламаттык сактоо министрлиги баарын чакырып чоң талкуу кылды. Онкология 2025-жылдын дарыларынын керектөөсү боюнча дагы бир жолу протокол жасап, жиберди. Баарын түзүп, тактап, “запас жана аны сактаган кампа болуш керек” деп. Көрөбүз эми. Запас го, макул, акча жок болсо запас кайдан? Дары иштеши керек. Жакшы, сапаттуу дары алынышы керек. Биздин ажобуз башында “Кыргызфармацияны” түзүп жатканда “заводдун өзүнөн, жакшы, сапаттуу дарылар алыныш керек, ошон үчүн “Кыргызфармацияны” түзүп жатабыз” деп айтты эле. Бирок баягы эле баягы. “Арзаныраак, арзаныраак, арзаныраак” деп төмөн баасына карап атышат”.
"Кыргызфармация" милдетин тыңгылыктуу аткара албай жатат"
Эксперттердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын дары-дармек рыногу алты миңден ашуун аталыштагы дары каражаттарынан жана 60 млрд сомдук жүгүртүүдөн турат.
Медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова Кыргызстандагы дары-дармектин тартыштыгы тарыхый рекорддук чекти басып өткөнүн айтууда. Анын пикиринде, президент баш болуп чоң ишеним менен түзгөн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы калкты сапаттуу жана баасы жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоодо миссиясын тыңгылыктуу аткара албай келет:
“Азыр ооруканаларда жадагалса базалык дарылар да жок болууда. Алар ыйлап отурат. Же катетери жок, же ийнеси жок, же жөнөкөй гана антибиотиктер жок. Ушундай дарылар жок болуп жатканын баары билет, алардын баары жашоого зарыл тизмедеги дарылар. Реанимация үчүн зарыл болгон дарылар, адреналин, балдардын дарылары, энелердин өлүмүн азайтуучу, медициналык абортко керектелген дарылар дагы жок. Мындайча айтканда, милдеттүү түрдө болушу зарыл, кепилденген дарылар жок болууда. “Кыргызфармация” менен “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ооруканаларды ушул жашоого зарыл дарылар менен камсыздоого милдеттүү. Ал болсо “айтпагыла, унчукпагыла” деп рычагын колдонот, бирок жоопкерчилигин тартпайт. Көп жетекчилер ошон үчүн унчукпайт. Аларда базалык дарылар, атүгүл физраствору да жок. Токсонунчу жылдары да мындай болгон эмес”.
Дары сатуу Кыргызстанда кирешелүү бизнес катары сыпатталат. Өлкөгө дарылардын 97% чет өлкөдөн импорттолот. Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектин көбү Орусия, Кытай, Индия, Өзбекстандан алынарын маалымдаган. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр 180 аталыштагы дарыларды чыгарат.