Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

"Дарыга байланган баңгилик": Өспүрүм тагдырын талкалаган азгырык


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Соңку маалда мектеп окуучулары, жаштар арасында "дары колдонгон баңгилик" тымызын кулач жая баштаганын адистер эскертүүдө. Ата-энелердин айрымдары өспүрүмдөр маңзат ордуна дары-дармекти оңой-олтоң эле сатып алып жатканын айтып коңгуроо кагууда.

"Апа, мени куткарып калыңыз". Гүлмиранын окуясы

Бишкектин тургуну Гүлмира эки кыздын энеси, улуусу 17 жашта. Ал былтыр 9-классты аяктап, шаардагы кесиптик окуу жайлардын бирине тапшырган. Ошондон тарта тун кызынын жүрүм-туруму өзгөрүп, курамында маңзат бар дарыларга көз каранды болуп калганын кийин билген.

"Былтыр окуу башталганда кызымдын группалашы бир топ балдар-кыздар менен тааныштырып, кызыма бир таблетка берип, "жесең сонун болот" дейт. Ал топтогу өспүрүмдөрдүн айрымдары үйүнөн качкан, көчөдө жүргөн 13-14 жаштан 17 жашка чейинки курактагылар. Алардын үстүнөн караган "держатель" дегендери 19-25 жаштагылар экен. Балдарды акырындап дарыканада сатылган жөнөкөй дары, тамчыларга кызыктырып көндүрүшөт тура. Кызым аябай жоош, ишенчээк. Тигилерге кошулуп, таблетканы жеп көрөт. Ошол бойдон унутуп калат. Кийин январь айынан тарта эле үйдөн качып, жоголо баштады. Телефон менен байланышка чыгып турду. Мен эми үйгө келеттир деп, милицияга кайрылган жокмун. Акыркы жолу июнь айынын башында да жоголуп кетип, эки жумадан кийин телефону бузулуп калып "оңдотуп же жаңы алып бериңиз" деп үйгө келип калды. Мен аны үйдөн чыгарбай, кыйнап, жалдырап каякта жүргөнүн сурай бердим. Акыры кызым ыйлап жиберди. Дарыканада сатылган курамында маңзат бар дарыларга көз каранды болгонун моюнуна алды. "Мени куткарып калыңызчы" деп жардам сурады. Анан таблеткага отургузган балдар-кыздар тууралуу мага баарын төкпөй чачпай айтып берди", - деди Гүлмира.

Ал кызы каршы болгонуна карабай менчик наркология борборуна жаткырган. Милиция чакырып, таблеткага азгырган топторду кармоо тууралуу арыз жазган. Гүлмира кызын азгырган балдар азыр шаарда "миңдеп саналышы мүмкүн" деп кооптонот.

"Кызым билгенден эле миңдей бала бар дейт. Бирок алар топ-топ болуп шаардын ар кай жагында чачырап жүрүшөт экен. Биринчи балдарга таблетканы бекер беришет. Биз милицияга 20-июнда көрсөтмө берип, алар кайда жүрөт, кимдер экенин бүт айтканбыз. Июль айынын башына чейин милиция бир эле баланы чакырып, суракка алыптыр. Мен качан гана социалдык медиа аркылуу блогер Назира Айтбековага кайрылганда милиция кичине кыймылдап баштады. Булар улам жаңы балдарды өз тобуна кошуп турушат экен. 12-13 жаштагы мектепте окуган балдар бири-биринен угуп, дарыканага барып, каалашынча эле сатып аларын билдим. Негизи рецепти жок сатууга тыюу салынган дарыларды Бишкектеги чоң дарыканалар жөн эле сата берет экен. Кечээ мен "Фарма мир" деген дарыканага кирип, балдар маңзат катары колдонгон дарыны сурасам, рецепти жок эле бар дейт. Анан "кымбат" экен деп чыгып кеттим. Эмнеге мындай кылышат? Ал тургай курамында оор маңзат бар таблеткаларга ошол топтор атайын рецепт жазып беришет экен. Менин кызым он күндөн бери дарыланып, жакшы болуп калды. Башында "апа, сени жек көрөм" деп дарыланганга каршы чыккан, эми "сизди сүйөм" деп кучактап калыптыр. Ата-энелерге айтарым, балдарыңардын чөнтөгүн карап, сумкаларында шектүү дары көрсөңөр дароо сүйлөшкүлө".

Гүлмиранын кызы эми кеминде сегиз ай дарыланышы керек. Анын алдында оор психиатриялык, наркологиялык дарылоо курсу турат.

Өлкөдө канча өспүрүм маңзаттын таблетка түрүнө көз каранды болгонун тактоо кыйын. Курамында уктатуучу, ооруну басаңдатуучу жана башка заттар бар дары-дармек канча өлчөмдө сатылып жатканынын эсеп-кысабы белгилүү болгону менен анын канчасын өспүрүмдөр алып жатканы беймаалым.

Ички иштер министрлигине караштуу Маңзат менен күрөшүү кызматынын адиси Чолпон Табалдиева курамында оор маңзаты бар дарылардын тизмесин жаңыртуу өтүнүчү менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышканын айтып берди.

"Биз бул багытта аймактагы жана Бишкектеги дарыканалар, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жакында жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иш аракеттерин жүргүздүк. Дарыканада азыр балдар алып жаткан көзгө тамчылаткан, уйкунун дарысы, тилекке каршы, рецепт менен гана сатыла турган препараттардын тизмесине кирбейт. Азыр балдар, жаштар аны каалашынча сатып алат, бул чындыгында аябай өкүнүчтүү көрүнүш, азыркы учурдун орчундуу көйгөйү. Милиция ал дарылар атайын тизмеде жок болгондон кийин аны саткандарды, же колдонгондорду кармай албайт. Дарыканага да айып сала албайт. Себеби расмий бекиген документ жок да. Ушундан улам биз чогуу-чаран өткөргөн жыйындарда дарыкана ээлерине жаш балдарга мындай дарыларды сатпагыла деп эскертип, сатуучуларды атайын окуудан өткөрүүнү өтүнүп жатабыз. Бул маселе азыр дарыканадагы сатуучунун деңгээлинде чечилчү нерсе. Фармацевт билимдүү болуп, өспүрүмгө курамында оор заты бар дарыны сатууда ойлонуп чечим чыгарышы керек. Ошондой эле жакында Саламаттык сактоо министрлигине тизмени өзгөртүү сунушу менен кат жаздык. Азырынча ал катка жооп ала элекпиз. 2010-жылдан бери бул тизме жаңылана элек экен. Андан бери далай жаңы психотроптук дарылар чыкты да".

"Тизмени жаңыртуу зарыл"

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармекти көзөмөлдөө департаментинин инспектору Мунар Матмырзаевдин айтымында, дарыканадан өспүрүмдөргө таблетка сатуу жаатында түшүндүрүү иштери быйыл июнь айында кеңири масштабда өттү. Ал эми Ички иштер министрлигинин сунушун тыюу салынган дары-дармектин тизмесине кошуу көп убакыт талап кылат.

"Кимдир бирөө арызданбаса дарыканаларды жөн эле барып текшере албайбыз. Себеби алар менчик мекемелер. Эгер кимдир бирөө ушундай рецепт менен берилиши керек болгон дарыны ээн-эркин сатып алып, анын дүмүрчөгү менен бизге келип көрсөтүп, арыз жазса анан Экономика министрлигинин уруксаты менен текшеребиз. Буга чейин эки дарыканага рецепти жок дары сатканы үчүн айып пул салдык. Азыр бардык дарыкана ээлерине өспүрүмдөр арасында ушундай кырдаал болуп жатканын эскертип, аларга дары сатпоону түшүндүрүп эле жатабыз да. Ал эми дарылардын реестрин жаңыртууга убакыт талап кылынат. Ал дароо эле жаңылана калбайт".

Бул макала жарандарды маңзатка азгыруу жана жайылтуу көйгөйүнө, баңгизаттын адам өмүрүнө, өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирерине коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылат. Кыргызстанда тыюу салынган психотроптук заттарды жарнамалоо ниети жок.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык (282-берене), баңгизат каражаттарын жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү оор кылмыш болуп саналат. Ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.

"Каалаган дарыны сатып алса болот..."

Өзүн Атай деп тааныштырган 30 жаштагы жигит 17 жашынан тарта "клей жыттап", "героин колдонуп", акыры маңзаттын эң арзан түрү деп саналган дарыканада сатылган каражаттарга өткөн. Ден соолугу начарлап, өтө кыйналгандан кийин дарыланууну баштап, азаптан кутулган. Кийин өзү сыяктуу ооругандарга жардам берүүнү чечкен.

"Мен биринчи көчөдөгү маңзаттарды чегип баштагам, кийин героинге өттүм. 17 жашымдан тарта эле баңгизат колдонуп жүргөм. Аябай кыйналгандан соң дарыланайын деп, метадон программасын баштагам. Бирок ага чыдай албай, мага дагы катуурак таасир этчү заттар керек болду. Баарынан эң оору ушул - арзан, жөнөкөй дарыларга көз каранды болуу экен. Андан чыгуу да азап. Өспүрүм куракта мындай жаман адатка көнүп калган кишинин жалпы ден соолугу жабыркайт, психикасы бузулат, эң эле коркунучтуусу - нерв системасы талкаланат. Аларды дарылоо, азгырыктан арылуу аябай кыйын".

Атай азыр Республикалык наркологиялык, психологиялык борбордо маңзатка байланып калган улан, кыздарга өз окуясын айтып берип, баңгиден арылса болорун түшүндүрүүгө аракеттенип жүрөт. Бул жайга түшкөндөрдүн эң кенжеси 13-14 жаштагы өспүрүмдөр экенин айтып берди.

"Ата-энеси миграцияда жүргөндөрдүн балдары бул адатка тез көнүп кетүүдө. Көзөмөл жок, каалаганын кылышат дегендей. Антейин десең, колунда бар үй бүлөнүн эрке балдары да берилип кеткен учурлар арбын. Айтор так кесе бөлүп айтуу кыйын. Мурда акчасы барлар баңги болот деген стереотип бар эле, азыр дарыканада, базарда каалаган дарыны арзан сатып алууга мүмкүн, андыктан баарынан күтсө болот".

"Таблетканын айынан жигитим өлдү"

Татьяна Чүй облусунун тургуну, 32 жашта. Былтыр өзүнөн үч жаш улуу жигити синтетикалык маңзат жана таблеткаларды колдонуп жүрүп, жүрөгү токтоп калганын айтты. Татьянанын айтымында, алар маңзат менен чогуу күрөшүп, канча аракет кылышса да бул балээни жеңе алышкан эмес. Кийин кыз өзү да берилип, азыр андан дарыланып жатат.

"Өспүрүмдөрдөгү маңзатка берилүү чоңдордукунан беш бетер азап. Алар эми иштеп акча таба албайт, кирешеси жок. Анан үйүнөн, ата-энесинен акча уурдап башташат. Биринчи белгиси эле үйдөн баалуу буюмдар жоголот, капчыктагы акча жоголот. Көбүнчө азыр балдар, кыздар бири-бирин азгырып "байкап көрөлү" деп эле тамашадан башташат. Анан акчасы жок немелер маңзатка көнгөндөн кийин үйгө караандабай көчөлөп калат. Базар, дарыканада уйкунун дарысын, психотроптук дарыларды оңой эле алып жатышпайбы. Бала өтө кыжырданып, бир ордуна тура албай, сүйлөшүп жатканда көздү карабай, кайпалактап, ал тургай көчөдө баратканда алдын тике карабай бара жатса, демек дары менен байланышы бар деп бүтүм чыгарууга болот. Мен өзүм азыр бул адаттан чыксам да, баары бир калып калган. Өспүрүмдө жашоого болгон кызыгуу жоголот, адамдык сапаттарга түкүрүп калат. Эптеп эле акча таап, таблетка алсам деп эңсеген жаштар менен азыр иштешип жатам, өтө коркунучтуу. Жакындарын сүйүп турса да, көз каранды болгон маңзат андан артык болот. Мунун баары мээге психоактивдүү заттар тийгизген таасирден улам".

Татьяна маңзаттан арылуунун түркүн азабынан өткөн. Баңгизаттан арылууну көздөгөндөргө, ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандарга акысыз кеңеш берип, ыктыярчылык менен алек.

"Дарыканадан оңой эле алышат"

Татьяна иштеген "Наркологиянын альтернативасы" аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Екатерина Заболотнева колундагы уюлдук телефондон ондогон Телеграм чаттарда олтурган миңдеген колдонуучуну көргөздү. Анын маалыматына караганда, болжол менен жети миңдей адам азыркы тапта Кыргызстанда Телеграм аркылуу маңзат сатып алууда. Заболотнева колдонуучулардын көбү кыздар экенинен белгилейт:

"Телеграмда үч чоң дүкөн бар. Күнүнө майда-чүйдөлөрү да ачылып турат. Бирок алар тез эле жабылып калат. Туз, синтетикалык таблеткаларды жаштар дал ушул интернеттен көп алат. Апийим маңзатынан айырмаланып, таблеткада адамдардын реакциясы өтө тез болот, ойноп-күлүп, ылдам сүйлөп, жакшы бийлеп, клубдагы эң кызыктуу адам болуп чыга келет. Ушундан улам өспүрүмдөр анын убактылуу таасирине кызыгат. Башында таблеткага байланбайм деп ойлошот, андан бат эле айыгып чыкса болот деген жалган түшүнүк бар. Чындыгында, таблеткага көз каранды болуу апийимден да оор".

"Дарылоо узак убакытты талап кылат"

Республикалык наркология жана психитария борбору Кыргызстанда 2013-жылдан 2017-жылга чейин ийне менен сайынган маңзат колдонгондордун саны кескин кыскарганы менен таблетка, синтетикалык баңгизатка өткөндөр көбөйгөнүн кабарлады. Бул борбордо өспүрүмдөр жатып дарылана турган атайын стационар жок. Ата-энелер балдарын күндүзгү стационарга алып келип дарылатышат.

Догдурлардын айтымында, аларга медициналык жардам купуя берилет. Ушундан улам канча киши келип кеткенин эсептөө кыйын дешет. Кеңеш берүүчү бөлүмдүн дарыгер-наркологу Каниет Мамбеталиева оңой азгырыктын кесепеттерине жана дарылоо жолдоруна токтолду.

"Өспүрүм куракта баштагандарга аябай кооптуу. Булардын органдары өсүп жетиле элек, жаңы эле калыптанып келе жаткан болот. Таблетка колдонгон балдар арасында азыр тери оорулары көп болууда, жара чыгып, кыйналышат. Терисине чыккан жара этине, андан соң сөөгүнө чейин өтүп кеткендер келүүдө. Таблетка, туздарды көп колдонгондон көрбөй, укпай калышы мүмкүн. Жүрөк, ашказан оорулары, онкологиялык дарттарга чалдыккандар бар. Баңгизаттын бул түрүнө көз каранды болгон өспүрүмдүн биринчи канын тазалайбыз. Айыктыруу эки багытта ишке ашат. Биринчиси - дене-бойдун көз карандысыздыгын азайтуу. Анда кан аркылуу дары куюп, тазалап чыгабыз. Андан кийинкиси - аң-сезимди дарылоо. Бул аябай көпкө созулган, ата-эне, жакындардын колдоосун талап кылган узак процесс. Эң аз дегенде эки айдан, эки, үч жылга чейин созулат. Бул абалдан өз алдынча, дарыгердин жардамы жок чыгып кетүү мүмкүн эмес".

Кыргызстанда наркомания менен күрөшүүгө АКШнын ооруларды көзөмөлдөө департаменти да жардамдашууда. Аталган мекеменин өлкөдөгү өкүлү Патрик Надол маселе эки өлкөдөгү коомдук саламаттыктын эң орчундуу көйгөйү экенин белгилеп, ВИЧ/СПИД жана сарыктын жайылышын шарттайт дейт.

"20 жылдан бери АКШнын ооруларды көзөмөлдөө департаменти Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен баңгичиликке каршы күрөшүү жаатында жаңы ыкмаларды колдонууда тажрыйба алмашып келет. Далилдерге таянган изилдөөлөр жүрүп, маңзатка көз каранды болгондорго көмөктөшүүдөбүз. Бул кызматташтык Кыргызстандагы баңгиге байланган адамдардын абалын жакшыртууга бир топ салым кошту. Опиоддик дарылоо ыкмасын киргизип, алардын ден соолугун сактап калуу аракети жүрүүдө", - деди Надол.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8,5 миң киши бар деп эсептеген. Адистер таблеткага көз карандылардын көпчүлүгү баш калаа Бишкек, Чүй облусунун мектеп окуучулары арасында болуп жатканын билдирет.

"Сорос Кыргызстан" фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экени изилдөөдө белгиленген.

Нарколог дарыгерлер ата энелерди балдардын ким менен дос болуп, кандай чөйрөдө жүргөнүн, психикалык саламаттыгын көзөмөлгө алып турууга чакырууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG