Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Кыргызстанда мамлекеттик дагы төрт дарыкана ачылды


“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын Ош шаарындагы түйүнү.
“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын Ош шаарындагы түйүнү.

1-2-ноябрь күндөрү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарында, Ош облусунда жана Жалал-Абад облусунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын төрт түйүнүндө ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик дарыканалар Ош шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Ош шаардык клиникалык ооруканасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында уюшулду.

28-октябрда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын алгачкы түйүнү Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда ачылган. Баштапкы этапта жер-жерлерде өкмөттүк дары сатуучу жайдын кеминде 46 түйүнү ачылуусу күтүлүүдө.

Бул дарыканаларда 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектин түрү бар. Министрликтен билдиришкендей, жакынкы күндөрү андагы аталыштардын санын 2 миңге чейин жеткирүү пландалууда.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат. Тургундар мында дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев мурдараак Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын, өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин маалыматында, Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт. Негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Бул жагынан биринчи орунда Түркия, андан кийин Орусия менен Индия турат. Дары-дармектер көп импорттолгон өлкөлөрдүн катарына Германия, Польша, Словения, Франция Беларус жана Украина кирет.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG