Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Селдин сабагы: Турак үйлөрдүн 11% гана камсыздандырылган


18-аувгустта Ысык-Көлдөгү сел каптаган үйлөрдүн бири.
18-аувгустта Ысык-Көлдөгү сел каптаган үйлөрдүн бири.

Ысык-Көлдүн Темир айылында селден кийинки тазалоо иштери жүрүүдө. Тургундар үйлөрдүн тегерек-чети, көчөлөр тазаланбай жатканын айтышты. Жергиликтүү бийлик миңге чукул куткаруучу, элдик кошуундар жана күч кызматкерлери ишке тартылганын билдирди. 

21-августта социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдүн сел каптаган Кашат айылында тазалоо иштери жакшы жүрбөй, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жетишпей жатканына даттанышкан. Айыл тургундары атайын техниканын жоктугун да белгилешкен.

Кашат айылынын курамына кирген Садыр Аке айыл аймагынын башчысы Нурдин Молдакматов чынында күч жетишпей жатканын моюнга алып, тургундар, элдик кошуун мүчөлөрү жана куткаруучулар 500дөн ашык үйдүн короо-жайын тазалап жатканын кошумчалады.

Темир айылындагы жаштар уюмунун мүчөсү Калыбек Шыгаев айылдын үстүндөгү кыян жүргөн жердеги үйлөрдүн тегерек-чети бүгүнкү күнгө чейин тазалана электин айтты.

“Азыр толгон техника тартылды дегени менен алар айыл-айылдарга чачыратылып, азы эле биздин кыштакта жүрөт. Сел агызып келген таш, кумдун бийиктиги айрым жерлерде үч метрге чейин жетип кетти. Жеринде иштеп жаткан куткаруучулар мындай катуу болгон селди биринчи жолу көрүшүбүз деп айтууда. Адам ресурсу жетиштүү болгону менен техника аз. Мындай темп менен биз канча күндө тазалап бүтөрүбүз белгисиз. Үйү жараксыз болуп калган 2-3 үй-бүлө "Аврорада" жашап жатат. 2-3 саатта президент Жапаровго кайрылалы деп чогулуп жатабыз. Бизге техника берсин, чоң унаалардан жиберсин, болбосо эл кыйналып кетти”.

Айыл тургундарынын дагы бири Улан Молдоев Инстаграм жана Тик- Токто тараган видео Кашат жана Темир айылдарынын тоого жакын, айылдан башында тартылганын айтууда. Ал селдин кесепеттерин жоюу үчүн бери дегенде дагы беш күн керек дейт:

“Бүгүн кечке чейин жолдор ачылат деп үмүт артып турабыз. 3-4 метр жерден эле он "Хово" толо баткак, таш жана башкасы чыгып атат. Тынбай иштеп атканыбызга төрт күн болду. Кыян кирген жер айылдын башында, интернетке чыккан видеодо таштарды алып барып төгүп койгондой эле болуп турат. Мына ошол жерде 80ге жакын кооптуу үй бар, алардын короо-жайын, ашкана жана мал сарайын суу алып кеткен. Азыр үйдүн тегерегин тазалаганга кичинекей эксковаторлордон алтоо келди, аны түндө түшүрүп алдык. Негизгиси жолдорду ачыш керек болуп турат. Кечээ кыян башталган жерде 450 адам кызмат кылды, бүгүн болсо 300 киши бар. Ушу темп менен иштесек бир жума же он күндө тазалап бүтчүдөйбүз”.

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги 22-августта “Азаттыкка” берген маалыматка караганда, азыр селден жабыркаган Ысык-Көл районунун айылдарында 927 адам, 66 атайы техника, үч өрт өчүрүүчү автоунаа, төрт асенизатор иштеп жатат. Иштеп жаткан техниканын көбү жеке компанияларга таандык, алар менен жергиликтүү бийлик убактылуу келишим түзгөнү да айтылды.

Өкүлчүлүк ошондой эле жумушчу кол тартыш болуп жатат деген маалыматты төгүндөп, баардык иш өз нугунда жүрүп жатканын маалымдады. Жардам берүү үчүн ондогон куткаруучу тартылып, жакынкы айылдардын тургундары да көмөктөшүүдө. Нарын облусунан жардамга келгендер да бар.

Жергиликтүүлөрдүн нааразылыгы – бийлик өкүлдөрүнүн убагында реакция кылбаганына байланыштуу болуп жатат. Айыл тургундары куткаруучу жана жарандык коргонуу топторунан башка соңку окуяга олуттуу карап, чечкиндүү кадамдарга баргандар жокко эсе дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Темир айылындагы абалга токтолду.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

“Өтө оор абал Темир айылында болуп турат азыр. Сайларга салынып калган онго жакын үй алынышы керек. Кашат айылында таш менен чайкап кеткен беш гектар жердин ээлерине башка жерден жер караштырып берип, суунун нугу ушу чайкап кеткен жерге туура келип калгандыктан канал катары колдонуу керек деген ойдомун. Ошондой эле алдын алуу иштери жүрүшү керек эми. Биз жергиликтүү эл менен жолукканда алар атайы техника ошол сел жүрүп аткан учурда эмнеге кирбейт деп нааразы болушту. Бирок бул табигый кырсык болгондуктан ага техника киргизе салуунун өзү коопту иш. Ошондуктан алдын алуу иштерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аткарып, жакшы карашы керек болчу”.

Адистер барган сайын сел көбөйүп, табигый кырсыктын кесепети да оор болуп баратканын белгилешет. Илимдер академиясынын кызматкери Александр Ерохин селге туруштук берүү үчүн инфраструктараны кайра оңдоп-түзөп чыгуу зарылдыгын белгилейт.

“Каналдардын, көпүрөлөрдүн курулушун кайра карап чыгуу зарыл. Маселен 20 метр/куб сууга ылайыкташкан көпүрөлөр азыр такыр туура келбей калышы мүмкүн, Демек, анын ордуна 40 же 50 мет/куб суу өткөн көпүрө куруу зарыл. Нормативдерди да өзгөртүүбүз керек. Мисалга чоң ташты сел суулары мындан 100-150 жыл мурда агызып келип, айыл четине туруп калганына маани бербей бийлик органдары ал жерге үй курууга уруксат берип коет. Ал жерлерде кайра сел жүрүп, үйлөр талкаланууда. Ошондуктан маселеге комплекстүү карап, каналдарды кеңейтип, сайларга үй салдырбай, климаттын өзгөрүүсүн биринчи кезекте эске алуу керек”.

18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел каптагандан кийин Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарда жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүнөн жүргөн сел 500гө жакын турак-үйдү каптап, айрымдары жараксыз болуп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Мындан тышкары "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен", "Нептун", "Семиран" пансионаттарынын короосуна суу кирген. Темир айылы эң көп жабыр тартканы маалым болду.

Турак-жайдын 11% гана камсыздандырылган

Соңку мезгилде катталган табигый кырсык элет тургундарын бир топ зыянга учуратты. Өкмөттөн жетиштүү жардам алууга алардын үй-жайын жана башка мүлкүн камсыздандырбаганы тоскоолдук жаратууда.

Темир айылынын тургундары 21-августтан бери жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, материалдык көмөк сурап жатат . Садыр Аке айыл аймагынын башчысы Нурдин Молдакматов алардын көбүнүн мүлкү камсыздандырылбагандыктан, кантип жардам берүү жолдору толук карала электигин белгиледи.

“Камсыздандырып койгондору ошол мекемеден акчалай жардам алышат. Калганына биз демөөрчү издеп, “бул үйдү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөткүлө” деп суранып жатабыз. Азыркы учурда катуу жабыркап, жашоого жараксыз болуп калган 9 үй деп эсептедик. Жарандык кошуундардан түзүлгөн комиссия дагы да аныктоо иштерин улантып атат”, - деди Молдакматов.

Ысык-Көл районунун Корумду, Темир, Садыр-Аке, Булан-Сөгөттү айылдарында 497 үйдүн короо, сарай жана жертөлөлөрүн сел каптаган. Мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинин жетекчиси Элдияр Калдарбеков 497 үйдүн он чактысы гана камсыздандырылганын белгиледи.

Ал эми жалпы өлкө боюнча 2016-жылдан бери болгону 11% гана жеке турак үйлөрдүн ээлери мүлкүн камсыздандырган. Бул көрсөткүч өтө аз экенин айткан жетекчи соңку жаратылыш кырсыктары калкты сестентип, мүлкүнө жооптуу мамиле кылганга үйрөтүп жатат дейт.

Кыргызстандын мыйзамдарында турак-жайды камсыздандыруу милдеттүү деп көрсөтүлгөн. Бирок 2016-жылдан бери муну эске алгандар 10% ашпай келген - 1 млн 200 миңдин ичинен 100 миңи гана камбыл экен.

Эми өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык мүлк сатып алганда камсыздандыруу полиси жок үйдү каттоо мүмкүн болбой калды. Бул токтом ушул жылдын 25-августунда күчүнө кирет.

“Соңку жаратылыш кырсыктары элди сестентти. Түштүк жергесинде кечээ жакында болгон окуялардан кийин биз мүлкүн камсыздандыргандарга 500 миң сомго чейин каражатын бердик. Ошондо “камсыздандыруунун акчасы баары бир берилбейт” дегендер оюн өзгөртүп, биздин мекемеге келе баштады. Алар 600 сом төлөп, 500 миң сом аларын билип калды. Ошондуктан калк арасында активдүүлүк пайда болду. Тилекке каршы, элдин үйдү камсыздандыруу маданияты жок. Жардам сураш үчүн өзүң да жоопкерчиликти алышың керек. Азыр унааны да каттатып атканда камсыздандыруу полиси болушу талап кылынат”, - деди Калдарбеков.

Камсыздандыруу эрежелерине ылайык, айыл жергесиндеги үйлөр өрт жана башка кырсыктардан жараксыз болуп калса 500 миң, ал эми шаар жергесиндеги үйлөргө 1 млн 200 миң сомго чейин берилет.

Мүлкүн эң көп камсыздандыргандар - Ош, Талас жана Жалал-Абад облусунун тургундары.

Өлкө боюнча жеке турак-жайды камсыздандыруу:

(2024-жылдын биринчи кварталындагы жыйынтык боюнча)

- Жалал-Абад: 201 миң 965 үйдөн 42 миң 400ү (21%)

- Ош: 271 миң 307 турак үйдөн 54 миңи (20%)

- Талас: 46 миң 918 үйдөн 8589 (18,3%)

- Баткен: 87 миң 382 үйдөн 11 миң 19у (12%)

- Нарын: 54 миң 135 үйдөн 6 миң 530у (12%)

- Ысык-Көл: 103 миң 135 үйдөн 8 миң 376сы (8%)

- Чүй: 465 миң 152 үйдөн 8 мин 374ү (1,8%)

- Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн болгону 1% камсыздандырылган.

2024-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда 1 млн 370 үй бар, анын 149 мин 757 камсыздандырылган. Бул 11% түзөт.

Быйылкы жети айда өлкө ичинде болгон сел, өрт, мөндүр, жер титирөө, катуу шамал жана башка кырсыктардан улам камсыздандырылган 124 үйдүн ээлерине 15 млн сом төлөп берилген. Ал эми 2021-жылы 11, 5 млн, 2022-жылы 23 млн сом төлөнгөн. 2023-жылы бул сумма 32 млн сомго жеткенин мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси маалымдады.

Өлкө аймагында 17 камсыздандыруу мекемеси бар, алардын арасынан бирөө гана мамлекетке тиешелүү.

Быйылкы жылдын март айында президенттин жарлыгы менен бул компаниянын уставдык капиталы 1 млрд сомго чейин көтөрүлгөн.

Калк арасында милдеттүү камсыздандырылган үйлөр үчүн төлөмдөр төмөн экени айтылып келет. Бирок көйгөй курулуштардын иретсиз, көзөмөлсүз жүргүзүлүп жатканында экенин курулуш жаатындагы эксперт Ишенбай Кадырбеков белгилейт:

“Биринчиден, мамлекет камсыздандыруу компаниясын алгылыктуу жүргүзө алган жок. Экинчи чоң маселе – кырсыктардын алуу үчүн айыл же шаардык генералдык пландары ушул күнгө чейин иштетилбей турат. Эл каалаган жерине үйүн салып, сайларга, суу аккан жерлерге чейин ээлеп алган. Ошондуктан комплекстүү карап, көзөмөл кылуу зарыл. Сел жүрүп же суу алып кеткен учурларда ошол эле жабыркагандарга сиздин жана менин салык төлөмдөрүмдөн акча төлөп берип атышат. А негизи андай болбошу керек эле. Мамлекет долбоорду өз убагында көзөмөлдөгөн эмес. Сел суулар айылдан, жолдон сырт өтүп кеткендей долбоор жасабагандыктан ушундай болуп атат. Соңку 3-4 жылда бюджет жакшырды, бирок көзөмөл, долбоорлоо, пландоо деген нерсе жок”.

Кыргызстандыктар мүлкүн ыктыярдуу түрдө да камсыздандыра алат. Ал үчүн үйдүн толук баасы аныкталып, анын негизинде камсыздандыруунун төлөмдөрү жасалат. Мындай учурда зыянга учураган үйдүн чыгымы толук төлөнүп берилет.

XS
SM
MD
LG