Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:15

Ысык-Көл: Айылдарды сел каптап, эки районго өзгөчө кырдаал тартиби кирди


Ысык-Көлдөгү селдин кесепети

Катуу жааган жамгырдан соң 18-август күнү кечинде Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Жаратылыш кырсыгынан улам Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бекмамат Абдырахманов "Азаттыкка" билдиргендей, 18-августта кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел Ысык-Көл районунун Корумду, Темиров айылдарында 300дөй үйдүн короолорун, сарайларын жана жер төлөлөрүн каптаган.

Мындан тышкары Булан-Сөгөттү айылында 30дан ашуун үйдүн, "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен" эс алуучу жайларынын короолорун суу каптап, Балыкчы - Каракол жолунун 97-чакырымын сел баскан.

Корумду айылындагы бир канча үйдүн, "Нептун", "Семиран" пансионаттарынын короосуна суу кирген.

Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда 450дөй адис техникалык каражаттар менен селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантып жатышат.

Ысык-Көл: Сел каптаган айылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Кооптуу үйлөрдүн тургундары башка жакка көчүрүлдү. Бирок канча үйдөн канча киши көчүрүлгөнү тууралуу ӨКМ азырынча расмий маалымат бере элек.

18-августта күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев чукул жыйын өткөрүп, анда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Өлкөдө быйыл сел болуп көрбөгөндөй көп катталып, 25 адамдын өмүрү кыйылды. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында бир нече жолу сел жүрүп, өкмөт анын кесепетинен 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG