Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

"500дөй үйдү тазалоого миңдей киши тартылды". Ысык-Көлдөгү селдин кесепети


Ысык-Көлдөгү селдин кесепеттери

"Азаттыктын" кабарчылары 18-19-августтагы катуу жааган жаандан кийинки селден жабыркаган Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарындагы тургундардын үнүн укту. Катуу селге байланыштуу Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ысык-Көлдөгү Темир айылынын тургуну Темирлан Шералиевдин короо-жайын сел жууп кеткен. Ал жер-жемиш бышып калган убакта келген сел баарын жараксыз кылганын айтып отурду:

"Алма-бак, карагат, кожогат, помидор, бадыраң бар болчу. Бардыгын кум-таш аралаш сел басып калды. Түшүм жыйноо мезгилинде баары бүлүндү. Көрүп алып, зээним кейип, ыйлагым келип турат. Үйдү биз жакында эле сатып алганбыз. Сел сарайдын эки тарабын тең тешип кетиптир. Малга деген тоют дагы жарабай калыптыр. Үйүбүз болсо урап калат деп ичине кире албай отурабыз".

Сел каптаган үйлөрдүн бири
Сел каптаган үйлөрдүн бири

Бул айылда сел баскан үйлөрдүн короолоруна чон таштар толуп калгандыктан жергиликтүү тургундар аларды оор техника менен тазалоону суранышты.

Айыл тургуну Жыргалбек Дадаев төрт баласы, жубайы менен үйдө жатканда сел менен кошо агып келген чоң таштар үйүнүн дубалын талкалаган. Короодогу жаңы салынып жаткан тамдын чатырына баары чыгып, аман калыптыр. Сел үйдүн пайдубалын жууп, автоунаасын агызып кеткен.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Азыр аймакта эгин жыйноо кызуу жүрүп жатат. Көпчүлүк тургундар арпасын чаптырып, чөбүн жыйып, кышкы тоютту камдап алышкан. Бирок сел элдин жыйнаган эгинин, мал-жанын кошо агызган.

Айрым жашоочулардын чакан сарайлары, отканалары талкаланып, дарбазалары бузулган, жел төлөлөр ылайга толуп калган.

"Ушунча таш агып келип, дарбаза, дубалдарды талкалагандан кийин катуу корктук. Дагы жакшы, эл аман. Эми өкмөттөн жардам күтөбүз. Таштын баарын тазалап, жолдорду ондоп беришсе жакшы болмок", - деди Темир айылынын тургуну Жылдыз Шабданова.

Ысык-Көлдөгү Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты Анвар Жунушбеков бул аймактан мурда да сел жүргөнүн айтып берди:

"Илгери бул жак сайдын нугу болгон экен. Биз эс тартканы бул жактан суу аккан эмес. Кандайдыр бир себептен таш агып келди да. Илгери 1982-жылдары сел жүргөн деп айтышат. Бирок ал канчалык болгонун так билбейбиз", - деди ал.

Сел кирген үйлөрдүн бири
Сел кирген үйлөрдүн бири

Күтүүсүз келген селден айрым үй-бүлөлөр үйүнөн чыга албай калганда, коңшулары куткарып алышкан.

"Үйдө кичинекей балдар дагы бар болчу. Кошуналар, айылдын жаштары бат эле чогула калышты. Үйдүн эшигине баткак ширелип, ачылбай калыптыр, балдарды үйдүн артындагы терезе аркылуу чыгарып кеттик" , - деди Темир айылынын жашоочусу Дастан Акылбеков.

Темир айылы селден кийин
Темир айылы селден кийин

18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел каптагандан кийин Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Негизинен сел каптаган турак жайлардын көбү Ысык-Көл районунда.

ӨКМдин акыркы маалыматына караганда, Ысык-Көл районунун Корумду, Темир, Садыр-Аке, Булан-Сөгөттү айылдарында 497 үйдүн короо, сарай жана жертөлөлөрүн каптаган. Бала бакча, ФАП, китепкана зыян тарткан.

Мындан тышкары "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен", "Нептун", "Семиран" пансионаттарынын короосуна суу кирген.

19-августта райондо 60 турак жай сел калдыктарынан толук тазаланган.

Ысык-Көл: Сел каптаган айылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Министрлик 20-августта Ысык-Көл облусунда селдин кесепеттерин жоюу үчүн 1048 киши иштеп жатканын билдирди.

"20-август күнү селдин кесепеттерин ыкчам жоюуга жалпы 1048 адам, 77 атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Анын ичинен ӨКМден 385 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа иштөөдө. Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынан 363 кызматкер жана 47 инженердик техника, үч ассенизатор, Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, "Чайна-Роуд" ишканасынан 27 инженердик техника, 27 кызматкер жеринде иш алып барууда. Жеринде иштерди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлгө алып жүрөт", - деп билдирди министрлик.

Азырынча аймактагы селдин чыгымы эсептелип бүтө элек.

Кыргызстанда быйыл сел болуп көрбөгөндөй көп катталып, 25 адамдын өмүрү кыйылды. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында бир нече жолу сел жүрүп, өкмөт анын кесепетинен 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

  • 16x9 Image

    Амантай Шакиров

    "Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG