Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

Сел азабы: АКШда жардам чогулткан журтташтар


АКШдагы мигранттар.
АКШдагы мигранттар.

АКШдагы кыргызстандыктар Ошто селден жабыр тарткандар үчүн каражат чогултушту. Алар бул үчүн тамак-аш жармаңкесин да уюштурган. Демилгечилер жармаңкеден түшкөн каражат табият кырсыгынан жабыркагандарга жөнөтүлөрүн билдиришти.

Мигранттар Оштогу ыктыярчылар тобу негиздеген “Элдик жардам” платформасы менен чогуу иштеп жатат. Бул платформанын эсебине чет жакта иштеген мигранттардан жалпысынан 1 млн сомдон ашуун каражат түштү.

Макаланы "Азаттыктын" “Мигрант Медиа” долбоору даярдады.

“Жабыркаган мекендештерге көмөк көрсөтүү – бир туугандык милдет”

АКШдагы кыргызстандык мигранттар, анын ичинде Чикаго шаарындагы “Кыргыз коомдук борбору” селден жабыркагандарга жардам берүү үчүн каражат чогултту. Акция “Ош, биз сени менен!” деп аталат.

Уюштуруучулардын бири Умар Жусупбеков үй-жайынан ажырап, алапайын таппай жаткан мекендештерге көмөк көрсөтүү – бир туугандык милдет деп эсептейт:

“Урматтуу Ош шаарында селден жабыркаган мекендештерибиз, сиздерге дем-күч болсун деп ушул жардамды уюштуруп жатабыз. Биз сиздер менен! Капа болбоңуздар. Мындай сыноо келет, кетет. Эң негизгиси баш аман. Ден соолукта болуп, Кудай Таалам жакшылыктарга жеткирсин”.

Борбор акча чогултуу акциясы башталганын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган. Демилгечилер тамак-аш жармаңкесин уюштуруп, андан түшкөн каражатты селден жапа чеккендерге жөнөтүүнү чечкен.

“Чикагодогу биздин карындаштарыбыз, инилерибиз – 20-30 киши кызмат кылып жүрөт. Ошто кырсыктан жабыркаган, үйлөрү бузулган мекендештерибиз үчүн ушундай жармаңке уюштурдук. Тамак-ашты ушул жердеги мекендештерибизге сатып, андан түшкөн каражаттын баарын Ошко жөнөтөбүз. Кечке чейин ушунун баарын сатып бүтсөк, жакшы эле акча чогулат. Оштон атайын комиссия түзүп, мекендештерибизге жардам кылабыз”, – деди Умар Жусупбеков.

Уюштуруучулар Оштогу “Элдик жардам” платформасынын ыктыярчылары менен иштешүүдө. Бул платформа масштабдуу кризистик учурларда элге жардам берүү үчүн акча чогултуу максатында түзүлгөн.

“Биз жергиликтүү бийликтен тизме алып, жеринде текшерип, муктаж үй-бүлөлөргө жардам беребиз деп өзүбүзгө критерий коюп койгонбуз. Муктаждар көп болду. Биз баарына жеткире албайт экенбиз. Үйү кыйрап калгандардын тизмесин алган элек. Алардын ичинен жардамга көбүрөөк муктаждарын үч категорияга бөлүп, каражатты тарата баштадык”, – дейт ыктыярчы Улан Канат уулу.


“Бейтааныш адамдар жардам берет деп күткөн эмесмин”

Акчалай жардам алгандардын арасында Талант Жунусов да бар. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек айылында жашайт. 14-июлдагы сел атасынан калган үйдү толугу менен алып кеткен.

Бактыга жараша, үй-бүлөсү түгөл. Талант Жунусов ошол күндү, ошол мүнөттөрдү эстегенде колу-буту тушалып, нес болгон учуру көз алдына тартыла түшөт.

“Эч нерсе кыла албай, дендароо болуп калат турбайсыңбы. Суу жолду башкача каптады. Мындайды биринчи жолу көрдүм. Жолдо машинелер, отундар агып баратты. Кошунамдын теректери бар эле, аларды бүт агызып кетти. Бул маалда колуңан эч нерсе келбей экен. Күр-шар агып кирген суудан улам сарайым дароо эле урап калды. Үйдү каптады. ӨКМдин кызматкерлери “бул үйдө жашаганга болбойт” деп жаап кетишти”.

Таланттын беш баласы бар. Кенжеси алты жашта. Көзү өтүп кеткен агасынын эки баласын да багып алган. Алардын бири бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен жабыркайт, гемодиализ алат. Талант ансыз да оор шартта жашап жаткан үй-бүлөcү жаратылыш кырсыгына кириптер болгондо алгачкы жардамды эл бергенин белгилейт:

“Аларды такыр тааныбайм. Аты-жөндөрүн өмүрү уккан эмесмин. Алардын атынан акча тапшырышып, “эми сиз да сүйлөп коюңуз” дешкенде, оозума сөз келбей калды. Унчукпай эле туруп бердим. Мындай болот деп күткөн эмесмин. Элиме ыраазы болуп калдым. Биринчи, 100 миң сом алдым, андан соң бир фирма 50 миң которду, кийинчерээк дагы 84 миң сом беришти”.

“Элдик жардам” аркылуу Кыргыз-Чек айылынын дагы бир тургуну Насыржан Суркеев 100 миң сом алды. Карыянын үйүн сел тыптыйпыл жууп кеткен. Азыр байбичеси, эки уулу, келини жана үч небереси менен чатырда жашап жатат.

“Сел каптагандан кийин үйүм эки сааттай турду. Анан эле суу дубалды тешип чыкты. Үйүм урап түштү. Ыйлап-ыйлап, дөңсөөдө карап турдук. Паспортторубузду алганга араң үлгүргөнбүз. Буюм-тайымдарыбыздын баары тамдын ичинде калды. Биздин үй эски көрүстөндүн жанында. Ошол жерге чатыр тигип алып жашап жатабыз. ӨКМ чатыр берген. Элден айланса болот. Тааныбаган эле адамдар жардам берип жатышат”, - деди Насыржан Суркеев.

“Элдик жардам” платформасынын ыктыярчысы Улан Канат уулунун айтымында, селден жабыркагандарга бир эле АКШдагы эмес башка мамлекетттердеги кыргызстандык мигранттар да колдон келишинче көмөк көрсөтүштү.

Ыктыярчылар жардамга көбүрөөк муктаж жарандарга – кары-картаңдарга, жалгыз бой энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө 50дөн 100 миң сомго чейин акча таратышты. Жардамдын алкагында эл арасында Лөлү маале деген ат менен белгилүү Жаңы-Кыштак айылынын 19 тургунуна 25 миң сомдон берилди.

“Биз жардам чогултуу үчүн акцияны 14-июль күнү кечинде баштаганбыз. 18-июлга чейин акча чогулттук. Эсеп жабылганда сумма 1 млн 29 миң 270 сомду түздү. Чет жакта жүргөн мекендештерибизден көп акча чогулду. Мисалы, Орусиядан рубль менен салып жатышты. Европада жүргөндөр, студенттер акча которушту. Анын ичинен Бириккен Араб Эмирлигинен которгондор болду. Мисалы, бир адам 100 миң сом которду”.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирип, сел жүрүп, Ош шаарындагы борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды суу каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чыгымга учурап, Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жай зыян тарткан.

Бийлик өкүлдөрү каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон бөлүнөрүн айтышкан. Мындан сырткары турак жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга дагы 1 миллион сомдон, үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундардын ар бирине 500 миң сомдон, Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүү тапшырмасы берилген.

Өкмөттүн жардамы колго тийгенге чейин элден чогулган акча биртоп огожо болгондой. Талант кырсык басканга чейин там салып жаткан. Элден чогулган акчага эшик, терезе орнотуп, жети баласы менен кирип алды. Насыржан карыя колуна тийген каражатка цемент сатып алып, буйдалбастан дароо жаңы үйдүн пайдубалын түптөдү. Мындай учурда убакыт тез өтүп, кыш көз-ачып жумганча кирип келет эмеспи, чатырда жашоо мүмкүн эмес. Карыя бийлик убада кылган жардамын суук түшкөнгө чейин берсе экен деп күтүп жатат.

“Кечээ айыл өкмөткө бардык. Алар деле акча качан берилерин билишпейт экен. Бишкек чечет го. Дагы бир жума күтө тургула дегендей кылышты. Тезирээк беришсе экен. Суук түшкөнгө чейин дубал тургузуп, бала-чакам менен үйгө кирип алсам жакшы болот эле”.

Быйыл Кыргызстанда сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Ошондой эле үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашты. Өлкө алты ай ичинде табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

XS
SM
MD
LG