Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

"Үй-жайыбыз жараксыз болуп калды". Оштогу селде жабыркагандар жардамга муктаж


Оштогу сел

Жекшембиде Оштогу борбордук базардан сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды. Ал - 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран. Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып жерге берилген.

Төртөө тең бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташып, Оштогу борбордук базарды, чет-жакадагы айылдарды топон суу каптаган. Бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учурап, бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Селдин кесепетин жоюу, келтирилген чыгымды эсептөө иши уланууда. Азыр жабыркагандар компенсация жана камсыздандыруу маселеси чечилеби деп суроо салып жатышат.

"Бир туугандарым бар. Мамлекет дагы жардам берет деген үмүттөмүн. Сентябрга чейин башпаанек кылып алып, кышка камынышым керек да", - 14-июлдагы сел Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну Гүлбара Абдразакованын жети бөлмөлүү үйү, жайкы ашканасы жана мал сарайына кирип, жарактан чыгарган.

Ош: Селдин чыгымы эсептелүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00

Бул үй-бүлө Орусияда миграцияда 30 жылдан ашык иштеп жүрүп тапкан мээнетин бир күндө сууга алдырып жиберди. Ал күнү Абдразакова баласы жана неберелери менен керектүү документтерди гана алып чыкканга араң үлгүргөн экен.

"Мына, үйүбүздү өзүбүздүн бешене терибиз менен салган үй эле. Абышкам экөөбүз тең мектепте мугалимбиз. Мугалимдин тапканын өзүңүздөр билесиздер, кичинеден топтоп салганбыз. Анан бул жакта дагы эки бөлмөлүү үйүбүз бар. Муну балдарым Орусияда иштеп жүрүп салган үй. Муну курганыбызга төрт эле жыл болду. Биздин үйүбүзгө эки жактан сел келип, үйдүн биринчи тарабынан кирип, экинчи жагынан чыгып кетти. Үй жараксыз абалга келди. Жертөлө сууга толду. Буюмдарыбыздан эч нерсе калган жок. Азыр тамак кылып жегенге да жерибиз калган жок".

Абдразакова бир короодо үч бүлө жашаган турак жайын мамлекеттик камсыздандыруудан өткөргөн экен. Тийиштүү кызматка барып үйү жашоого жараксыз болуп калганы тууралуу арызын жазып келген.

"Камсыздандыруу иштери качан башталган болсо, ошол жылдан бери үйлөрдү камсыздандырып келебиз. Биз айыл жеринде жашагандыктан жылына 650 сомдон чыгымын төлөп, дүмүрчөгүн алып жүргөнбүз. Эми суранып кетет элем, ушул үйүбүздү кайрадан тургузуп беришке жардам беришсе".

Мамлекеттик камсыздандыруу кызматы сел жүргөн аймактарда иш алып барып жатканын билдирди. Азырынча алардын жашоого жараксыз деген тизмесине 22 үй кирген. Турак жайын камсыздандыргандарга айыл жеринде 500 миң сом, шаарда 1 миллион сомго чейин жардам берилери айтылууда.

"Биринчи өздөрүнүн билдирүүсүн жазат. Анан камсыздандыруу полисин көрсөтөт. Ошонун негизинде үйдүн техникалык паспортун алып келишсе болду. Биз калган документтерин түзүп, өткөзүп Бишкекке жөнөтөбүз. Ал жактан карап, кайтарымсыз акча бөлүп беришет. Бул жерде мындай: айыл жеринде жылына 600 сомдон төлөшөт. 600 сомду биз 500 миң сомго кепилдик алабыз. бул жерде полго 10 пайыз, дубалга дубалга 15 пайыз, шыбактарга деп бөлүнөт. Канчалык кырсыкка учураган болсо, биз ошого жараша төлөп бере алабыз", - деди Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын башчысынын жардамчысы Аскарбек Маматов.

Анын билдиришинче, ушул тапта облус боюнча 23 513 үй камсыздандырылган. Бул жалпы аймактагы турак жайлардын 10 пайызын түзөт. Жергиликтүү бийлик селден жабыр тарткан тургундарга ар тараптуу жардам берилип жатканын, чыгымдарды эсептөө үчүн түзүлгөн комиссия да иштеп жатканын билдирди. Чыгымдар азыр толук эсептелип бүтө элек.

"ӨКМ жардам берип жатат. Эл өзү дагы жардам берүүдө. Бүгүнкү күндө миңден ашуун мамлекеттик кызматкерлер иштеп жатат. Эл да жардам берген үчүн жумуш жакшы кетип жатат. Мамлекет тарабынан жардам берилгени - ошол жерде жумушчу топ түзүлүп иш журүп жатканы. техниканын иштеп атканы. Бүгүнкү күндө оперативдүү иштер жүрүп жатат. А материалдык чыгымды комиссия изилдеп чыккандан кийин, жогорку комиссияга берилет. Ал жактан ким кандай жабыр тарткан ошого жараша берилет. Калгандарын мамлекет дагы карап турбайт. Жардам берип жатат. Дагы жардам берет", - деген маалымат берди президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго комиссия түзүп, текшерүү тапшырмасы берилгенин айтты.

“Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем”. Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүшү керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле”.

Садыр Жапаров каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, айрым жерлерде селдин алдын алчу курулуш иштери башталганын билдирди.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы кирип, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды кыян жүргөн. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда сел 715 үйгө кирип, 400дөн ашуун үйдүн короолорун каптаган. Жарандык коргонуу кызматы ушул тапта 32 объект авариялык абалда экенин билдирди. Комиссия катуу жабыр тарткан үйлөрдү аныктоо иштерин улантууда.

Бул күндөрү Өзбекстандын Анжиян облусунун админстрациясы Кыргызстандын Ош облусунда селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам жөнөттү.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-июлда 13 жүк ташуучу автоунаада курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар.

XS
SM
MD
LG