Расмий маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунда сел жана жер көчкү коркунучу күтүлгөн кооптуу аймактарда миңден ашык үй-бүлө жашайт. Көпчүлүгүнө өкмөт кайтарымсыз ссуда жана жер тилкелерин бергени менен көчүшкөн эмес.
Акыркы селден кийин турак жайын камсыздандырбагандарга да бул багытта жардам болбой турганы белгилүү болду. Мындай абалга кабылган жарандар эмне кылышы керек жана турак жайын камсыздандыруу канчалык маанилүү? "Азаттык" Аксыдагы бир үй-бүлөнүн турмушу аркылуу бул маселени чагылдырууга аракет кылды.
"Беш балам менен кайда барам?"
Таттыбүбү Нурмамбетова беш балалуу. Азыр Аксынын Ийри-Булуң айылында атасынан калган үйдө турат. Жолдошу Орусияга иштегени кеткен. Беш баласын, атасын кошкондо ал тамда жети киши күн кечирип келген. Алардын үйүнүн артынан Кара-Суу дарыясы агып өтөт.
Быйылкы жаанчыл аба ырайынан улам жазында үйүн суу каптап, өздөрү аман калып, коопсуз жакка чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Суу тартылганда үй-жайын ылайдан, акыр-чикирден тазалап, кайра кирип жашай баштаган экен. Июлда нөшөрлөгөн жаандан кийин үйүн кайра сел каптап, жашоого жараксыз болуп калды. Алардын короо-жайын, турак жайын каптаган суу азыр да тартыла элек. Балдары менен коңшусунун бир бөлмөсүндө убактылуу жашап жаткан Таттыбүбү сел каптаган үйүнүн азыркы абалын көрсөтүп берди:
"Ушул бөлмөдө беш балам жана атам болуп жашаганга мажбур болдук. Өзүбүздүн үй көрүнүп турса да бара албай жатабыз. Азыр кошунам жашап тур деген. Эртең кыш келип калса кайда барабыз? Түнү мында жатып, күндүзү суу баскан үйдөгү оокаттарды тазалап жүрөбүз. Кыздарым сел келип калабы деп коркот. 20-июлдагы селден кийин үй таптакыр жараксыз болуп калды", - дейт Таттыбүбү Нурмамбетова. - Ал күнү балдарын жетелеп, эптеп үйдөн чыгып кетүүгө үлгүргөнүн, оокат-ашын караганга чамасы да келбегенин айтып жатты:
“25-майдагы селден кир машина, муздаткыч, эмеректердин баарын ылай басып калды. Эки бөлмөнү эми тазалап жашап жатканда кайра сел келди. Биринчи селден кийин тапкан акчама керектүү буюмдарды сатып алдым эле. Алар да экинчи селден кийин жарабай калды”.
"50 миң сом ссуда эмнеге жетмек эле?"
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул үй-бүлөгө сегиз жыл мурда ссуда бөлүнгөнүн, алар көчпөй койгонун айтууда.
Акыркы жолу катуу жаандан улам Кара-Суу дарыясы нугунан чыгып, Нурманбетовдордун үйүнүн айланасы, жээктеги кургак жерлер азыр көлмө болуп турат. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн өкүлү Нурболот Калганбек уулу быйылкы жылы Аксыда 20 жолу сел жүрүп, андан 25 миллион сомдой зыян келтирилгенин билдирди.
"Эң чоң сел Ийри-Булуң айылында катталды. Айылдагы үч үйдү сел баскан. Алардын ичинде Нурманбет Алиевдин үйү жараксыз болуп, кошунасыныкына көчүрүп чыгардык. Буларга 2016-жылы эле көчүп чыгып кеткиле деп айтылган. Ошондо да ушул эле жерде сел келгендиктен, кооптуу аймак деп табылган болчу. Бул бүлөлөргө 50 миң сом ссуда менен жер берилген. Бирок кетпей жашап жатышкан экен. Эскертүүлөр да берилген".
Таттыбүбү Нурманбетова кооптуу жайдан көчүү үчүн берилген 50 миң сом ссуда эч нерсеге жетпеди деген жүйө келтирди:
"Бир тууган иним иштеп тапкан акчасына 2022-жылы ремонт кылган болчу. Эми баары жарабай калды. Туш кагаздарын алмаштырып чыккан элек. Үйдү сел алгандан кийин ӨКМ жана акимчиликтен келишти. Карап көрүп, жараксыз деп айтып кетишкен. Мага өкмөт 50 миң сом кайтарымсыз акча берген, ал эмнеге жетмек эле?".
Жабыркаган бүлөнүн автоунаасы да суу алдында калган. Таттыбүбүнүн атасы Нурманбет Алиев үйдү 50 жыл мурда салган экен.
"Бул машинени экинчи жолу суу басты. Өткөндө селден кийин кайра эми эле оңдоттум эле. Үйүбүз эле эмес, малкананы да сел бузуп кетти".
Алиев кооптуу аймактан көчпөй жүргөнүнүн себебин минтип түшүндүрдү:
"Жогору тарапта 5 сотых үлүш жерим бар. Өкмөт ошол жерге үй салып алыңыз, документтерин жасап берели деп айтып жатат. Үй салганга каражат керек да. Бизде азыр андай акча жок. Ал эми сел каптаган бул үйүбүз кооптуу аймакта дегенге кошулбайм. Үйдүн орду кызыл сызыкта эмес. Эгер андай болсо бул жерге турак жай салганга мурда эле уруксат берилмек эмес. Тынч эле жашап жатканбыз. Акыркы 5-6 жылдан бери сел келчү болуп калды".
"Үйүн камсыздандыруудан өткөргөндөр гана жардам алат"
Бийлик мыйзамга ылайык турак жайларды камсыздандырууга чакырып, бул талапты аткарбагандар ушундай учурларда жардам ала албай турганын эскертип келет.
Турак жайын камсыздандырбаган, жөлөк пул алып, бирок көчпөй калып, кырсык баскан Ийри-Булуңдагы бүлө эмне кылышы керек? Бул суроону менен Аксы районунун акими Замирбек Сыдыковго узаттык.
"Мыйзам боюнча мамлекеттен камсыздандыруудан өткөндөргө гана жардам берилет. Биз айыл өкмөт башчысына тапшырма бергенбиз. Жер тилкени табуу боюнча. Мындан тышкары үй тургузуу үчүн жеке каржы булактарын табыш керек. Айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен акча бөлүү маселесин карап көрүшөт. Эгер колдоого алса, жардам беришет. Четке кагылса, айыл өкмөт бөлгөн жер тилкесине өз каражатына там салганга туура келет", - деди Сыдыков.
Кооптуу аймактарда жашагандар бир облуста эле миңден ашат
Расмий маалыматка караганда, жалпы Жалал-Абад облусунда сел жана жер көчкү коркунучу күтүлгөн кооптуу аймактарда миңден ашык үй-бүлө жашайт. Алардын көпчүлүгүнө да өкмөт кайтарымсыз ссуда жана жер тилкелерин бергени менен көчпөгөнүн билдирип жатат.
Экологдор климат өзгөрүп, ар кандай табият кырсыктары күч алып жаткан шартта бөтөнчө кооптуу аймактарда алдын алуу иштерин жүргүзүүгө бийликти чакырууда.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов "Азаттыкка" комментарий бергенде, алдын алуу иш-чараларын көрүүдө өкмөт демилге көтөрүп, тийиштүү каражаттарды бөлүп бериши керектигине токтолгон.
"Даярдык керек. Илимдер академиясында ушул багытта иштеген Геология институту, Машина таануу институту дегендей илимий мекемелер бар. Алар совет убагында кеңеш берип, иштешип жүргөн. Акыркы жылдары өкмөт биздин изилдөө иштерине көп көңүл бурбай жүрөт. Климат өзгөрүп жатат, нөшөрлөгөн жамгыр көп жаайт. Буга даярданып, алдын ала билиш керек, атайын программа түзүлүшү керек. Аны ишке ашырууга өкмөт жардам бериши керек. Мурун атайын илимий изилдөө өткөрчү элек. Азыр селге каршы дамбаларды кайсы жерлерде куруш керектигин аныктаган пландарды түзүү зарыл. Ал бир-эки күндө же бир-эки айда бүтүп калчу жумуш эмес. Буга жок дегенде бир-эки жыл талап кылынат, ага даярданып, анан өкмөткө сунуштарыбызды беришибиз керек. Сел өзүнөн өзү эле пайда болбойт. Эң ириде талаа-түздө өсүмдүк, бак-дарак болбосо ошондо пайда болот. Тилекке каршы, азыр айылдарда муну көп ойлонбой калышкан. Чөптү мал тепселеп салган. Ошондуктан мамлекеттик программа түзүлүп, ага бир топ каражат бөлүнүшү керек. Өкмөт ар бир айыл өкмөткө, районго карта, план түзүп, аны таркатышы керек", - деген Абдрахматов.
Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстан табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканы расмий айтылган. Өлкөдө быйыл жаздан бери селден 25 адамдын өмүрү кыйылды.