"Бутум төрт жеринен сынды"
Соңку кезде Бишкек сыяктуу чоң шаарларда электр чыгырыктары көбөйүп, тротуарларда чыгырык жана мопед сүзгөн учурлар да арбыды.
"Азаттыктын" кабарчысы тротуарда кырсыкка кабылып, колу-буту сынган айрым жарандар менен сүйлөштү.
Алардын бири Чолпон эки ай мурун тротуарда кетип баратканда чыгырык коюп кетип, буту төрт жеринен сынган:
"Өзүмдүн жолум менен кетип бараткам. Бир маалда артыман келип сүздү, бутум чыгырыктын астында калып, тизелеп сүрүлүп түштүм. Аны башкарып бараткан өспүрүм тоголонуп туруп кетти. Алгач түшүнбөй калдым эмне болгонун, бала чыгырыкты көтөрүп, тээп кетти. Бутум менен алышып отуруп аны токтотконго деле үлгүрбөй калдым. Ооруканага барганымда, бутум төрт жеринен сынып, эки жеринен чыгып кеткенин айтышты. Эки айга чукул төшөктө жатып, азыр реабилитацияга барып атам. Арыз жазганымдан деле пайда чыккан жок, себеби чыгырык автомобил катары эсептелбегендиктен, аны тепкендерди жоопко тартуу дээрлик мүмкүн эмес экен. Чыгырык тепкен бала тротуарда атайын тилкеден айдабай, бери чыгып кетип, анан мени сүзгөн".
Чолпон азыр балдаксыз баса албайт, дарылануусун улантып жатат. Ал өлкөдө чыгырыкка тыюу салуу боюнча петиция даярдап жатканын, ага бир топ адамдар кошулууга даяр экенин билдирди.
Адатта электр чыгырыгы коюп кеткен Чолпон сыяктуу адамдар дары-дармекке жана башка муктаждыктарга кеткен чыгымдарын өндүрүп ала албайт. Анткени чыгырык тепкендер окуя болгон жерден качып кеткендиктен көбү аларды тааныбай калат.
"Колу сынган аял укугун коргой албай жатат"
Юрист Шердор Абдыкапаров бир жылдан ашык убакыттан бери чыгырык сүзүп, колу сынган аялдын укугун коргоодо кыйынчылыкка кабылганын айтып берди.
Анын жактоосундагы жаранды 17 жаштагы кыз чыгырык менен жөө өтмөктөн сүзгөн. Бир канча убакытка чейин иштей албай, сынган колунун азабын чеккен аялдын арызын сотко өткөрүү ушул күнгө чейин мүмкүн болбой келет.
"Чыгырыкты 17 жаштагы жаш кыз тээп бараткан, жөө өтмөктөн сүзгөндө, аял ыргып кетип, колу сынган. Ооруканада жатып, аябай эле азап тартты. Соттук-медициналык экспертиза "ден соолугуна орточо залал келтирилген" деген бүтүм чыгарган, демек, кыз камалышы керек мындай кылмыш үчүн. Эже мага кайрылып, биз бул боюнча милицияга арыз жазганбыз. Жыйынтыгында сүзгөн кыз табылганы менен, иш козгой албай коюшту. Маселен, жол кырсыгы деп каттоого мүмкүн эмес, анткени чыгырык автоунаа катары эсептелбейт. "Ден соолукка орто оор жаракат келтирген" деген жүйө менен да иш козгоого же сотко өткөрүүгө мүмкүн болбой калды, себеби сүзүп кеткен кыз жөө жүргүнчү деп гана эсептелет. Ошентип, тергөөчү иш козгоодон баш тартты, кыз чыгымын көтөрмөк турсун, кечирим да сураган жок".
Адвокат жумасына жок дегенде бир киши ага укуктук жардам сурап кайрыларын, алардын баары чыгырык же мопед сүзүп, катуу жабыркаганын кошумчалады.
Кыргызстанда чыгырык айдагандарды жолдогу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жатканда машине сүзгөн учурларда да айдоочу күнөөлүү деп табылат. Буга бир катар айдоочулар да нааразылыгын билдирип, айрымдары кыргыз бийлигине кайрылып, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек деген маселе көтөрүшкөн.
Эреже боюнча чыгырык тепкендер өтмөктөн андан түшүп, сүйрөп өтүшү керек. Мындай эреже велосипед тепкендерге да тиешелүү. Бирок биз байкагандай Кыргызстанда бул эрежелерди көп киши эске албайт.
"Азаттык" бул маселени чечүүнүн жолдорун сурап, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы атайын долбоор даярдалып, "электр чыгырык" термини жол эрежесине киргизилип жатканын маалымдады. Ал долбоор жакында коомдук талкууга чыгарылат. Анда электр чыгырык тепкендерди айдоочу деп эсептеп, эреже бузганда жоопко тартуу маселеси камтылган.
"Буга чейин айып пул салсак да ал кайсы эреженин негизинде салынат деген суроо жаралчу. Эми ошол түшүнүк киргизилип жатканы жакшы. Жеке мобилдүү каражат деп атабыз, алардын арасында мопед, чыгырык болот. Көлөмү нормага жетпеген транспорттун баары ошонун ичинде болот".
Алты айда 192 адам чыгырыктан жаракат алды
Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын маалыматына караганда, Бишкекте жыл башынан берки алты айда мобилдик унаалардын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган.
Буга чейин мекеме кырсыктарды азайтуу үчүн чыгырыкка түндө күйүүчү номур тагууну, мобилдик унаалар менен жүк жеткирген курьерлердин баштыгына да номур тагууну сунуштаган.
Чыгырык же мобилдик унаа кырсыкка себепкер болгон учурда айдоочу айыппулга жыгылары тууралуу маалыматты ижара келишимине киргизүүнү, кырсык кылган жарандан унааны алып же бөгөттөп коюу сунушу да берилген.
29-июндан тартып Кыргызстанда "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Анда "жөө адамдар" деген түшүнүк менен катар "мобилдик унаа каражаттары" деген термин киргизилген. Аталган термин чыгырык, электрскейтборд, гироскутер жана башка ушул сыяктуу каражаттарды камтыйт. Ага ылайык, электр чыгырык (электросамокат) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом, мас болуп айдагандарга 3000 сом айып пул салынат.
Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгону июнь айынын биринчи жарымында маалым болгон. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган.
Кызмат учурунда машине коюп кеткен
15-августта кайгуул кызматкери Элистан Арзыбеков Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылындагы жол кырсыгын каттоого кесиптеши менен барып, иштеп жатканда аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкери туристтик мезгилден улам Ысык-Көлгө убактылуу которулуп иштеп жаткан.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу билдиргендей, "Мерседес-Бенц" унаасын айдоочусу катуу ылдамдыкта келип сүзгөнү видео камераларга түшүп калган.
Ал Чолпон-Атадагы милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, машинеси айып жайына киргизилген. Экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголгон.
Ал эми кызматын аткаруу учурунда жабыркап, азыр эсине келбей жаткан Элистан Арзыбеков Бишкектеги республикалык ооруканага 17-августта которулду. Анын абалы оор деп бааланууда.
"Бизге чет элдин тажрыйбасы керек"
Активист Эртай Исаков жол кырсыктарынын көп болушунун негизги себебин коррупциядан, инфраструктуранын начардыгынан жана көзөмөлдүн жоктугунан көрөт.
"Шаарлардын ичинде мобилдик тиркемелерди ишке ашырып, эл өзүн өзү тартипке салышы керек. Айдоочулар жолдо эреже бузгандар тууралуу маалыматты мобилдик тиркеме аркылуу дароо жөнөтүп турганы жакшы жыйынтык берет. Ал эми "Коопсуз шаар" долбоору боюнча видео камералар турганы менен, аздык кылат. Ошондой эле аймактар аралык каттамдагы жолдор. Мисалы, Бишкек - Ош же Бишкек - Ысык-Көл авто жолунда жол кырсыктары көп катталат. Аларды көзөмөлдөгөн жол кайгуул кызматкерлери 20-30 чакырымда бирден турса да, көбү акча алып, эреже бузган айдоочуларды шыр коё беришет. Анын үстүнө ар бир айдоочунун түшүнүгүндө "эреже бузсам да 500 сом берип кутулуп кетем" деген ой калыптанып калган. Биз ошондон арылышыбыз керек. Үчүнчүдөн, "А" чекитинен "Б" чекитине чейин 2,5 саат аралык турса, айдоочу аны бир саатта басып өткөн болсо, дароо айып салынышы керек. Бул башка өлкөлөрдө, мисалы, Грузия жана Кытайда жакшы колдонулуп келаткан тажрыйба. Эреже бузгандарды видео көзөмөл аркылуу аныктаса болот. Бир күндө Таласка үч, Ысык-Көлгө төрт жолу барып келген айдоочулар бар, аларды да көзөмөлдөгөнүбүз жакшы натыйжа берет. Мобилдик тиркеме аркылуу айдоочулар арасында баллдык система киргизип, айдоочулар бир жыл ичинде канча жол эрежесин бузганын да каттоого алуу керек. Жол тилкелерин бөлүп турган чийиндер аз, жарыктандыруу дээрлик жок. Мына ушул маселелер чечилбей турат".
Өкмөт жүргүнчүлөргө учак каттамдарын сунуштоо менен жол кырсыктарын азайтуу аракетин көрөрүн жарыялап жатат. Быйыл сентябрдан тартып аймактарды ички аба каттамдары ишке ашырыла баштайт деген убада берген. "Асман аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясы түзүлүп, үч жаңы учак сатып алынарын жарыялаган.
Алгачкы ички каттамдар боюнча учурлар Бишкек-Ош багытында башталат. Ал эми Караколго жана Нарынга аба каттамдары кеч күздөн тартып ачыларын "Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирген.
Жарым жылда жол кырсыгынан 280 адам каза болду
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйылкы жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын жолдорунда 3059 автомобил кырсыгы катталган. Бул былтыркы жарым жылдагы көрсөткүчтөн 2,1% көп.
Жол кырсыктарынан жалпы 280 адам каза болгон. 4464 адам жаракат алган.
Расмий маалыматка караганда, автокырсыктардын басымдуу бөлүгү (43,9%) Бишкекте катталган. Чүй облусунда 20,3%, Ош облусунда 10,1%.
2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.