Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

"Эски машине көп". Техникалык кароо кайра кирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүүнү сунуштап, бул тууралуу токтом долбоору 1-августта коомдук талкууга коюлду.

Анда бул чара өлкөдөгү экологияны жакшыртуу жана автоунаалардын абалын көзөмөлдөө максатында жасалып жатканы көрсөтүлгөн. 2012-жылы жоюлган автоунааларды милдетүү кароодон өткөрүүнүн зарылдыгы эмнеде? Айдоочулардын пикири кандай?

“Жети жылга чейинки автоунаалар өтпөйт”. Министрликтин сунушу

Экономика министрлиги 1-августта коомдук талкууга чыгарган долбоорго ылайык, өлкөдөгү бардык транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү сунуштады.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, жакынкы үч жыл ичинде техникалык көзөмөл ишке ашырылуусу керек.

Кыргызстанда азыркы учурда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кооптуу жүктөрдү жана атайын, адистештирилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү керек.

Мекеме буга чейин тараткан маалыматта өлкөнүн негизги авторпаркын 15 жылдай же андан да мурда өндүрүштөн чыгарылган транспорттор түзөрү, алардан абага зыяндуу заттардын 90% чыгары айтылган.

Андыктан министрлик техникалык кароону киргизүү менен ири шаарлардагы экология маселесин жакшыртууга да, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга да шарт түзүлөт дейт.

Министрликтин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов сунушталып жаткан жаңы эрежелер тууралуу айтты:

“Чыгарылганына жети жыл боло элек автоунаалар текшерүүдөн өткөрүлбөсүн деген сунуш каралып жатат. Жети жылдан 14 жылга чейинки автоунааларды эки жылда бир жолу өткөрүү, ал эми андан узак мөөнөт кызмат кылган автоунааларды жыл сайын өткөрүү сунушталууда. Милдеттүү техникалык кароо дароо эле киргизилбейт. Алдыдагы үч жыл аралыгында этап-этабы менен киргизилет. Бул убакыт ичинде тиешелүү шарттар түзүлүп, кошумча станцияларды көбөйтүү маселелери чечилгенден кийин өтө баштайт”.

Шабданов автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүдө коррупциялык схемалардын алдын алуу үчүн бардык процесстер автоматташтырылганын, бирдиктүү маалымат системасы түзүлгөнүн кошумчалады.

"Ишке ашуусу күмөн"

Деген менен, автожолдордогу мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелеп келген активист Эртай Искаков бул сунуштун толук ишке ашуусунан күмөн санап турганын жашырбады:

Эртай Искаков.
Эртай Искаков.

“Сунушту колдоор алдында ал ишке ашабы деген суроону тактап алуу керек. Азыр билесиздер, терезени караңгылатып алып айдаганга уруксат алмайынча болбойт. Тыюу салынганына көп убакыт болгонуна карабай, азыр уруксатсыз, демек мыйзамсыз караңгылатып алгандарды күн сайын көрүп жатабыз. Эми техникалык кароо кирсе, аны ким көзөмөлдөйт? Азыркы жол эрежеси боюнча аны жол коопсуздук кызматкерлери карайт. Бирок техникалык кароону акча албай жасап беришеби, муну ким көзөмөлдөйт деген суроо туулат. Албетте, келечекте бул керек. Бирок реалдуу карай турган болсок, ишке ашуусу күмөн”.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Элдар Абакиров техникалык көзөмөлдү киргизүүнү ашыкча экономикалык убарагерчилик катары баалады.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Биз көп жылдан бери эле техникалык кароосуз жашап келбедикпи. Демек, ага муктаждык деле жок. Киши, жүк ташыган коммерциялык максаттагы транспорттор үчүн ансыз да бар. Жеке унааларга керек эмес. Экология маселеси башка. Анда техникалык кароо эмес, эко-көзөмөл деп атасын. Ансыз деле бизде эко-полиция бар. Ошолор эле кара түтүнү чыгып жаткан автоунааны барып дароо текшере койсун. Норманы бузбаса, ашыкча кароонун эмне кереги бар? Ал эми бюджетке акча керек болуп жатса, автоунааларга салыкты жогорулатып койсо болот. Мында экономикалык пайдасы эмес, зыяны тийип калышы мүмкүн. Анткени ар бир адам ошол жакка барып убактысын кетирет”, - деди Абакиров.

Техникалык кароодон өтпөгөн автоунаалардан улам жол кырсыктары катталып жатканын айткан эксперттер да жок эмес, бирок автоунаанын техникалык абалынын улам пайда болгон жол кырсыктарынын санын так айтуу кыйын дейт жол коопсуздугу боюнча эксперт Урмат Казакбаев:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

"Баарына эле белгилүү эмеспи, кээ бир шаар аралык каттамдарды аткарган такси айдоочуларынын автоунаасына отурсаң, май, бензин жыттанат. Бул жүргүнчүлөргө гана эмес, айдоочунун өзүнө зыян. Ошол эле маалда дөңгөлөктөрүнүн деңгээлдери ар башка автоунааларды айдагандар да жок эмес. Катализаторлору жок автоунаалардын саны көбөйдү. Мындан улам техникалык кароо керек".

“Шарт түзүп беришсе, каршы эмеспиз”. Айдоочулар эмне дейт?

Биз Бишкектин көчөлөрүн кыдырып, жаңы демилге боюнча айдоочулардын пикирин да сурап көрдүк:

“Техникалык кароону туура эле көрөбүз. Болгону мамлекет шарт түзүп берсин. Кезек узарбагандай, кароо станциялары көп болушу керек. Бирок бир-эки жерге ачып коюп, кыйнашса, эл жумуштан калып, убактысын коротуп калат. Мындайда техникалык кароо кыйын”.

“Негизи, керек. Автоунааны башка бирөөгө өткөрүп берип жатканда да бул маанилүү”.

“Айдоочуларга азыр кыйын эле. Бензин кымбат. Салык да арзан эмес. Ошондуктан киргизбей койсо деле жакшы болмок”.

“Текшериш керек. Көбү салыкты төлөп коюп эле каратпай айдап жүрөт. Балким, автоунаасы кароого муктаж”.

“Жаңы автоунааларга техникалык кароонун кереги деле жок. Баары бир баягыдай болуп калат. Айдоочулар мурдагыдай келип, акчасын төлөп чыгып кетмей болуп калышы мүмкүн да”, - дешет айдоочулар.

Ички иштер министрлигинин быйыл жыл башындагы эсеби боюнча 1 млн 600 миң 691 унаа каттоодон өтсө, анын ичинен 1 млн 387 миң 679унун же жалпы автоунаалардын 86,6% заводдон чыкканына 15 жылдан ашкан.

Ал эми заводдон чыкканына беш жылдан ашкан автоунаалар милдеттүү техникалык кароодон өтүүгө милдеттендирилет.

Болжол менен каттоодон өткөн техниканын 20% маалымат базасында катталган. Бирок ар кандай техникалык себептен улам пайдаланылбайт. Аларды алып салганда, техникалык кароодон өтүшү керек болгон автоунаалардын жалпы саны 1 млн 259 миң 849га жетет.

Өлкөдө 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG