Кыргызстанда сегиз айда 497 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул күнүгө экиден киши көз жумат дегендик. Кырсыктардын көп катталып жатканына эмне себеп?
Мас айдоочу, он кабыргасы сынган келин
31-августта таңкы саат 6:48де Бишкектеги Юнусалиев көчөсүндө айдоочу автоунаасын башкара албай калып, 39 жаштагы келинди сүзгөн. Оор жараат алган келин ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы маалымат таратты. Анда машине айдаган 23 жаштагы айдоочу мас абалда болгону ачыкка чыкты.
Келинди сүзгөн айдоочу 1-сентябрда соттун чечими менен бир айга камалды. Жабырлануучу тарап айыпкер жазадан жеңил кутулуп кетеби деп чочулап турат.
"Элестетсеңиз, адамда 12 кабырга болсо ошонун ону сынып жатат. Сиңдим түнкүсүн иштейт, күндүз эс алат. Таңкы саат алтыда жумуштан чыгып, такси күтүп тротуарда турса машине менен сүзүп, анан үстүнөн тепсеп өтүп жатпайбы. Азыр абалы аябай оор, дем ала албай, температурасы түшпөй жатат. Айдоочу аябай мас экен. Анын жакындары бизге келип "Уулубуз 23 эле жашта, аны кечирип койгула, арыз жазып, тагдырын талкалабагыла" деп жатышат. Менин сиңдим эмне 39га чыкса эле бул жашоодон чийип салыш керекпи? Жалгыз бой, эки уулун, пенсиядагы энебизди батирде жалгыз карачу. Эми анын уулдарына ким кам көрөт, кантип ден соолугун калыбына келтирет? Айдоочу өтө жаш, келечеги алдыда болсо эле бирөөнү сүзүп, тагдырын талкалай берсинби?",-деди эжеси Салтанат.
Азыркы тапта жол кырсыгына кабылган келин Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун реанимациясында жатат.
2021-жылдын алгачкы сегиз айында 6900 киши жол кырсыктарынан ар түрдүү жарааттарды алышты. Алардын дарылануусуна кеткен каражаттын так суммасы жок. Бирок, кырсыктан кийин ден соолукту кайра калыбына келтирүү үчүн оңбогондой каражат жана убакыт керек.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жол кырсыктары көп катталган өлкөдө ички дүң өнүмдүн 2-8% кыскара турганын билдирет. Ал эми Дүйнөлүк банк 2015-2030-жылдары жол кырсыктарынан кайсы өлкө канча миллион доллар зыян тартарын эсептеп чыккан. Ага ылайык АКШ экономикасы жол кырсыгынан жаракат алган жана каза тапкандардан улам 487 миллиард, Кытай 364 миллиард, Индия 101 миллиард доллар зыян тартса, Кыргызстан 201 миллион доллар чыгаша болот.
Бирок Кыргызстанда жол кырсыгы бир адамга канча зыян алып келерин бир да орган атайын анализдеп көргөн эмес. Травматолог Бектур Анаркулов бул прогнозду жасоо мүмкүн эмес деген пикирде.
"Ар кандай болот да, кээ бири жеңил эле жараат алып, таңдырып кетет дегендей. Айрымдарына оор операция зарыл болот. Анан жаткан жери, тамак-ашы, кайра калыбына келтирүү мөөнөтү, реабилитация акысы, айтор кырсыктан жарадар болгондун чыгымын эсептөө өтө оор".
"Кызын эмизген бойдон кетти..."
12-июнда Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы жол кырсыгынан 31 жаштагы келин эмчектеги бир жашар жана төрт жашар кызы менен каза болду. Алар отурган жол жээгиндеги "Фольксваген-Пассат" үлгүсүндөгү унааны "Мерседес - Бенц" машинеси тоголото сүзүп кеткен.
Андан бери эки айдан ашуун убакыт өтсө да, кырсыкка шек саналган айдоочуларга карата сот иши создугуп келет. Маркумдардын жакындары буга нааразы болуп, бир нече жолу митингге да чыкты.
Каза болгон келиндин энеси Калбүбү Асипова айыптуулар жазасын аларына көзү жетпейт.
"Жазасыз эле калмай болушту. "Тигил айдоочу кыз камалбайт, көп болсо ага шарттуу түрдө эки же 2,5 жыл берип коюшат. Анын жанындагы жигитке сот көп болсо төрт жыл берет, анан 1,5 жыл отуруп эле чыгып кетет" деп юристтер айтышты. Үч бирдей баламдан ажырагандан кийин экөө тең эле көп жылга соттолсун, тиешелүү жазасын тартсын деп талап кыла берип чарчадык. Тигил кыз автоунаанын ээси болуп жатат, ал "рулду башка бирөөгө берип койгон" деген берене менен эле соттолушу мүмкүн экен. Ашып кетсе эки жылга шарттуу кесилсе, акчасын төгүп коюп жүрө берет да. Ал деле түрмөгө отуруп, сыз жер кандай болорун билсин да. Менин кызым эмчектеги баласы, дагы бир неберем сыз жерди кучактап жатат. Негизи биздин Кыргызстанда адилеттүү сот болбойт деле. Баары эле бошонуп кетишет экен".
Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 30% көп болду. 497 киши жол кырсыгынан каза тапкан. 500 миңден көп эреже бузуу катталып, 8 миң айдоочу мас абалында кармалды. Бирок алардын канчасы жазага тартылганы тууралуу маалымат жок.
"Коррупция жоголсо, жол кырсыктары да азаймак"
Жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Азамат Исраиловдун айтымында, Кыргызстанда жол кырсыктарынын көбөйүшүнө биринчи кезекте айдоочуларды даярдоонун алешемдиги, жол инфраструктурасынын начар экени жана коррупция себеп болууда.
"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда, жол кырсыктарынын саны, андан каза болгондор да, жараат алгандар да көбөйдү. Автокырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болуп жатат. Айдоочулар ката кетирет же жол эрежесин билбейт. Ошондой эле айдоочулар жолдо өзүн маданиятсыз алып жүрөт. Кыргызстанда коррупция жоголсо, жол кырсыктары да азаймак, мамлекетке жакшы болмок. Тилекке каршы биздин айдоочуларды окутуу, даярдоо өтө чабал болууда. Айдоочулук курска баргандарды илгерки ДОСААФтын программасы менен окутуп, машиненин конструкциясын үйрөтүүгө эле бир топ убакыт коротуп жатат. Азыр буга талап жок. Болгону жолдо жүрүүнүн эрежесин билүү зарыл. Анан жолдорубуздун абалы начар. Инфратүзүмү жакшы эмес, жарыктандырылбаган. Мына ушул үч маселени чукул арада чечип алсак жол кырсыктарынын саны да азаймак".
Жол коопсуздугу боюнча темаларды чагылдырып келаткан журналист Улукбек Карыбек уулу күнөөнүн баарын айдоочуларга эле оодарып койгон туура эмес деп эсептейт. Ал жолдогу коопсуздук жана андагы адам өлүмүнө укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик жооптуу экенин айтып, буга байланыштуу өкмөттүн токтому да бар экенин мисал келтирди.
“Адам өмүрүн алган жол кырсыктары кызматтык териштирүү менен эле жабылып калууда. Адам каза болгон автокырсык боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыкта кызматтык иликтөө жүрөт. Иш анын чала жыйынтыгы менен жабылат. Анын жыйынтыгы, кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат жок”.
Сапатсыз мектептер, шалаакы айдоочу
Өлкөдө айдоочуларды даярдаган 273 автомектеп бар, анын 65и мамлекетке караштуу. Кайсы айдоочу мектептин бүтүрүүчүлөрү эң көп кырсыкка учурап жатат, же кайсынысы эрежени бузбаган айдоочуларды тарбиялаганы атайын изилденген эмес.
Автомектептерге лицензияны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) корутундусу менен Билим берүү жана илим министрлиги берет жана алардын талапка ылайык иш алып барып жатканын текшерет. 2021-жылы автомектептерде текшерүү жүрүп, 16сына эскертүү берилген. Ага чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов талапка жооп бербеген автомектептер жабылышы керектигин эскерткен.
Автомектерде окуу үч айга созулат. Экзамен теориялык жана практикалык болуп эки баскычтан турат. Теориялык экзамен 20 суроодон түзүлүп, тестти Санариптик өнүктүрүү министрлиги алат. 18 суроого туура жооп берген адам тесттен өттү деп эсептелет. Өтпөй калгандар 10 күндөн кийин кайра экзаменге кирсе болот. Тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү чектелген эмес. Экзаменден кулап калгандар ортодон 10 күн өткөрүп кайра сынакка кайра кире берет.
Расмий маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси 2021-жылдын июнь айына чейин 82 миңден ашык айдоочулук күбөлүк берген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 600гө көп. Алардын ичинен 41 миң 500 киши айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алган. 27 миң 500 адам күбөлүгүн жоготуп же мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайра алган.
Жумшак эреже, тар жол
Кыргызстанда айдоочу эреже бузган сайын аны эсептеп турган өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй упай системасы жок. Өнүккөн өлкөлөрдө бул система кеңири жайылгандыктан, эреже бузуу да аз.
Мисалы, Британиядагы эреже. Назгүл Кыштообаева бул өлкөдө он жылдан ашуун жашап, айдоочулук күбөлүк алган. Ал бул өлкөдө жол эрежесин бузуп, адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочу 14 жылга чейин кесилип, миңдеген фунт стерлинг айып төлөй турганын жакшы билет.
"Бул жакта ар бир жол эрежесин бузган сайын сенин айдоочулук күбөлүгүңдөгү упайыңдан үч баллды кемитип турушат. Он эки упай кемигенден кийин автоматтык түрө айдоочулук күбөлүктөн ажырап каласың. Андан тышкары Британияда кепилдик системасы абдан өнүккөн. Ар бир эреже бузганда кепилдигиңдин суммасы да кымбаттай берет. Эгерде жол кырсыгына учурап, ага күнөөлүү деп табылсаң эки жылдык абак мөөнөтү күтүп турат. Кокус кырсыктан адам өлүмүнө себепкер болсоң, 14 жылга кесилип, он миңдеген фунт стерлинг айып пул төлөөгө мажбур кылышат. Ичкилик ичип алып машине айдагандар алты айга камалат жана 5 миң фунт стерлинг айып пул төлөйт. Бул акчаны кыргыз сомуна айлантсак, 500 миң сомдой болот. Мындан тышкары бир жыл айдоочулук күбөлүк алуу укугунан ажыратылат. Британияда айдоочуларга талап өтө катаал".
Кыргызстанда жолдордун сапаты, түзүлгөн шарттар адамдарга айдоочулук күбөлүк берүү, аларды окутуудан ашса ашкан бирок андан кем калбаган көйгөй. Өлкөдө 66 миң чакырым жол бар, анын 20 миңи чоң жолдор. Жол кырсыктарынын көбү Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт сыяктуу ири кан жолдордо катталат.
Автожолдор өлкөдөгү машиналардын санына жооп бербейт. Муну бийлик деле моюнга алат. Мисалы, Кыргызстанда 1,5 миллиондой транспорт бар. Бул үч жыл мурдагыга караганда 3,5 эсеге көп. Мынча машина жолго батпайт.
Бишкектин жолдору 40 миң авто унаага эсептелген болсо 500 миңдей машина жүрөт. Анын 430 миңи туруктуу каттоодо, калганы шаарга кирип чыккандар.
Жол кырсыктарын алдын алат деп уу-дуу менен башталган “Коопсуз шаар” долбоору да кырсыктардын санын азайта алган жок. Долбоордун биринчи баскычы ишке кирип, экинчи баскычы ушул күнгө чейин толук кандуу башталбай турат.
Ички иштер министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Давутов өлкөдө жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү стратегия, аны ишке ашырган атайын жооптуу орган жок болгондуктан кырсыктардын саны азайбай жатат деген пикирде.
"Эки жылдан бери айтып эле келе жатабыз. Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу, алардын алдын алуу боюнча жооптуу бир орган жок. Кандайдыр бир жумушчу топ же президенттин, өкмөттүн алдында иштеген бир улуттук деңгээлдеги стратегия керек болуп жатат. Коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда ушундай стратегиялар иштеп жатат. Улуттук стратегия президенттин көзөмөлүндө болгон күндө гана Ички иштер министрлиги, транспорт башкармалыктары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги бир муштумдай иштеп, кырсыктардын алдын алуу жеринде ишке ашып, күнөөлүүлөрдү адилет жазалоого да шарт түзүлмөк".
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жылына 1,3 миллион адам жол кырсыгынан каза болууда. 20-50 миллион адам жаракат алып жатат. Дүйнөдөгү машинелердин 60% байгер өлкөлөрдө болгонуна карабай, кандуу кырсыктардын 93% экономикасы чабал, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө катталат.
Кырсыктардан каза болгондордун басымдуусу беш жаштан 29 жашка чейинки курактагылар, жараат алгандардын көпчүлүгү дагы ал-күчкө толуп турган адамдар. Ушул себептен улам жол кырсыктары экономиканы артка тарткан эң чоң фактор экенин Бириккен Улуттар Уюму дайыма эскертип келет.