Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Кытай Вашингтонго жооп катары америкалык товарларга 125% тариф киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай АКШдан келген товарларга бажы салыктарын 125 пайызга чейин жогорулатканын жарыялады. Бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамптын кытай товарларына болгон тарифтерди 104 пайыздан 125 пайызга көтөрүү чечиминен кийин жасалды.

Трамп өз чечимин "Кытай дүйнөлүк базарды сыйлабай жатканы" менен түшүндүргөн. Ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында "Бир күнү, ал күн жакындап калды деп үмүттөнөм, Кытай АКШны жана башка өлкөлөрдү алдоо доору артта калганын түшүнөт", – деп жазды.

Кытай бул чарага жооп кылып, Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылды. Расмий Бээжиндин билдирүүсүндө Вашингтондун Бээжинге каршы тарифтерди киргизүү чечими дүйнөлүк сооданын туруксуздугуна алып келип, Американын өзүнө да зыян тийгизери белгиленет.

Кытай кошумчалагандай, мындай өз ара тарифтер уюмдун эрежелерине каршы келет жана көп тараптуу соода системасын алсыратат.

Өткөн жылы АКШ Кытайдан жалпы көлөмү 439 миллиард долларлык товар импорттогон. Алардын арасында эң кымбат баалуу товарлар — смартфондор, ноутбуктар, литий-ион батареялары, оюндар жана оюнчуктар болгон.

Ошол эле маалда Америка Кытайга 144 миллиард долларлык товар экспорттогон. Бул сооданын натыйжасында АКШ Кытай менен болгон соодадан 295 миллиард доллар дефицитке учураган.

Шерине

XS
SM
MD
LG