Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Президент Жапаров ипотекалык батир алуу жеңилдегенин айтты


Ипотекалык батирлерди тапшыруу салтанаты. 2025-жылдын 11-апрели.
Ипотекалык батирлерди тапшыруу салтанаты. 2025-жылдын 11-апрели.

Мамлекеттик ипотекалык компания курган батирлерди кезекке туруп алуу жеңилдеди. Мамлекеттик иште иштегендерге 4 пайызга, ал эми жеке жактарга 8 пайызга чейин төмөндөдү, алдын ала төлөмү жок 25 жылга бериле баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 11-апрелде Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектине тургузулган ипотекалык батирлерди ээлерине тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Ал мурда бир эле вариант - 14 пайыз насыя менен, алдын ала батир акчасынын 30 пайызын төлөп, калганын он жылда төлөө шарты болгонун айтты.

Мамлекет башчы 1-2 бөлмөлүү батир бала-чакалуу болгон сайын тар боло баштаса аны кененирээк батирге алмаштыруунун жолу да сунушталып жатканын кошумчалады.

"МИК аркылуу 1 бөлмөлүү батир алып, кийинчерээк бала-бакыраңар чоңоюп, ал батириң үй-бүлөңө тар боло баштаса аны кайрадан МИКке тапшырып, 2 же 3 бөлмөлүү батирге алмаштырсаң болот деген мүмкүнчүлүк бердик. Мурда бир бөлмөлүү батирге төлөп жүргөн акчаң толугу менен кийинки кенейтилген батириңдин төлөмүнө эсеп болуп кете берет", - деди президент.

Ал ошондой эле батир акысын алдын ала 50 пайызын төлөп алган жарандар МИК аркылуу бир жолу гана үйлүү боло алышарын эскертти.

"Депутаттар күмөн санап жатышкандай, алар батирди кайра-кайра бир нече жолу ала алышпайт. Тагыраак айтсам, бүгүн МИКтен алган батирди эртең кайра сатып, бизнес кыла алышпайт. Ошондуктан булар үчүн да өзүнчө программа киргиздик. Алдын ала 50 пайызын төлөйсүң, калганын 10-15 жылдын ичинде төлөп бүтөсүң дедик. Булар илгертен кезекте турган жарандарыбызга тиешеси жок. Булардын алдын ала өздөрү төлөгөн 50 пайыз акчасын мына ушул эле курулушка жумшап жатабыз", - деди Жапаров.

Президенттин сөзүнө караганда, ипотекалык батирлердин 60-70 пайызын бүтүргөнгө батирдин жарым акысына берилген каражат сарпталган.

Жапаров МИК батирлерди жеке курулуш компаниялардан айырмаланып, "ачкычка чейин" бүтүрүп жатканын, чарчы метрин да арзан баада сатып жатканын кошумчалады. Ал мамлекеттик “Кыргызкурулушсервис” компаниясын жана дагы бирин-экин жеке компаниялардан батирдин чарчы метрин Бишкек менен Чүйдө 650 доллардан, ал эми алыскы аймактарда 700 доллардан куруп бергиле деп жалдап, салдырып жатышканын айтты.

"А МИК болсо үстүнө 200 доллардан кошуп, сиздерге 850 доллардан берип жатат. Ортодогу 200 доллар пайда МИКке түшүп жатат. Ошондуктан МИК кирешеси көбөйүп, 80 миллиард сомдон ашты. Эми азыр курулушту кылган “Кыргызкурулушсервис” менен жеке компаниялар, 650 долларга "под ключ" кура албай калдык, курулуш материалдар кымбаттап кетти, 700-750 долларга чейин көтөрүп бергиле деп, даттанып жатышат. Бул маселени өкмөт изилдеп жатабыз. Жакын арада бир чечим кабыл алып беребиз", - деди Жапаров.


Бүгүнкү күндө “Менин үйүм” программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында турак жай курулуштары жүрүүдө. Жалпысынан өлкө боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү Бишкектеги “Мурас” кичи районунда дагы 600гө жакын батирдин ачкычтары ээлерине тапшырылат. Президенттин маалымдашынча, бул батирлердин бардыгы алдын ала кезекке турган, турай жайга муктаж жарандарга берилет. Батир акчасынын жарымын алдын ала төлөгөндөр жок.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG