Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Париж-2024: Дюплантистин рекорду, Сенадагы суунун сапаты


Арман Дюплантис. Париж, 5-август, 2024-жыл
Арман Дюплантис. Париж, 5-август, 2024-жыл

5-августта швециялык рекордсмен, 24 жаштагы Арман Дюплантис күтүлгөндөй эле алтын медал жеңди. Шыргый менен бийиктикке секирүүдө анын атаандаштары 6 метрге да жете алган жок.

Көккө учкан Дюплантис же "жаңы Бубка"

Дюплантис биринчи айлампада 6 метрди, экинчи бөлүктө 6.10 метрди багындырды. Олимпиаданын рекордун жаңыртып, чемпиондук наамды кепилдегени менен швециялык атлет муну менен токтоп калууну каалаган жок. 6,25 метрге секиргенде эки жолу жыдып калып, акыркысында дүйнөлүк рекорд койду.

Арман Дюплантис. Париж, 5-август, 2024-жыл
Арман Дюплантис. Париж, 5-август, 2024-жыл

Ошентип, өзүнүн эле 6,24 метр деген рекордун жаңылады.

Экинчи орунду америкалык Сэм Кендрикс, үчүнчүнү грекиялык Эммануил Каралис алды.

АКШда туулуп-өскөн Дюплантис 2020-жылы эле украиналык Сергей Бубканын (советтик, украиналык атлет) 6,14 метр деген рекордун жаңылоого жетишкен. 26 жыл бою андан бийик эч ким секире алган эмес.

Жаш талант Токио оюндарында алтын жеңген, 2020 жана 2023-жылдары дүйнө чемпиону болгон.

Акыркы 4 жылда ал 8 жолу дүйнө рекорддорун жаңылаган.

Банктан спортко кеткен чемпион

31 жаштагы Кристен Фолкнер жекшембиде велосипед жарышында алтын жеңип, америкалык команда спорттун бул түрүндө 40 жылдан бери күткөн медал алып келди.

Кристен Фолкнер. Париж, 4-август 2024-жыл
Кристен Фолкнер. Париж, 4-август 2024-жыл

Фолкнер спорттук туризм, калак менен кайык айдоо багытында машыгып, өзү окуган Гарвард университетинин командасына кошулган.

Окуу жайды аяктагандан кийин, 2017-жылы Нью-Йоркко көчүп барып, финансист болуп иштеп, велосипед менен машыга баштаган.

Фолкнер Париж Олимпиадасына да бармак эмес. Бирок июлдун башында Тэйлор Книбб триатлонго артыкчылык берерин айтып, велоспорт боюнча курамадан баш тартканда Фолкнер чакыруу алган.

Жарыштан кийин ал: "Кыялым орундалды. Маранын сызыгын карап, менин атым ошол жерге кантип жазылып калды деп таң калып атам", - деп айтты.

Жаңы чемпион Нью-Йорктун Борбордук паркында аялдардын велосипед менен машыгуусу менен тааныштырган курска жазылып, 2020-жылга карай TIBCO-Silicon Valley Bank деген команданын курамында мелдештерге катышып калды.

2021-жылдын башында толугу менен спортко көңүл буруу үчүн банктагы жумушун таштаган. Ошондо Фолкнер бул кыска эс алуу болот деп ойлогон.

Бул аралыкта спорт, атаандаштык, командалык дух, машыгууларсыз өз жашоосун элестете албай калганын айтат.

Спортчу Associated Press агенттигине айтып бергендей, спорт карьерасында финансы менен иштегени көмөкчү болду.

“Мен кадамдарды эсептөөнү жана тобокелдиктерди алдын ала таразалоону үйрөнгөм”, - деди ал.

Бельгиялык спортчу Сена дарыясынан ууландыбы?

Триатлон боюнча жарыш. Париж, 5-август, 2024-жыл
Триатлон боюнча жарыш. Париж, 5-август, 2024-жыл

31-июлда бельгиялык Клэр Мишель триатлон жарышында Сенада сүзгөндөн кийин ооруп калган. Ошондон бери дарыя канчалык таза деген талаш-тартыш ого бетер күчөдү.

Триатлондо спортчулар чуркоо, сууда сүзүү жана веложарышка чыгышат.

Бельгиялык маалымат каражаттары Мишель Сенадагы мелдештен кийин өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилгенде ичеги-карын оорусун козгогон таякча табылганын жазып жиберишти.

Бельгиянын Олимпиада комитети маалымат каражаттары аркылуу билдирүү жасап, абалды түшүндүрүп берди. Ага ылайык, спортчу ооруканага жаткырылган эмес.

Тилекке каршы швейцариялык дагы эки атлет ооруп калганы белгилүү болду. Алардын бири Сенага түшкөн эмес.

Франциялык Le Point басылмасы жазгандай, Иль-де-Франс аймагынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгы бир нече текшерүүдөн кийин Сенага түшсө болот деп бир жыл мурун эле уруксат берген. Оор металлдар дээрлик калган эмес. Ушу тапта суунун микробиологиялык тазалыгына көзөмөл күчөтүлгөн.

Буга карабай шейшембиде сууда сүзүү боюнча марафон алдындагы сыноо жарышы дарыянын сапатына байланыштуу болбой калды.

Эл аралык федерациянын маалыматына ылайык, ичеги-карын ооруларын козгогон таякчалардын деңгээли уруксат берилген чектен ашпаса да, башка бактериялардын, энтерококктордун көрсөткүчү жогору болуп чыкты.

Бирок уюштуруучулар 8-9-августка пландалган мелдеш ачык сууда өтөрүнө үмүттөнүшөт.

XS
SM
MD
LG