Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Бангладештеги төңкөрүш: Эл өкмөт үйүн басып алды, премьер качып кетти


Шейх Хасина
Шейх Хасина

Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолордон кийин өкмөт башчы Шейх Хасина кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Жекшембиде өкмөткө каршы митингчилер менен полициянын кагылышканда 90дон ашуун адамдын өмүрү кыйылды. 5-августта демонстранттар өкмөт үйүн басып алды.

Бангладеш армиясынын башкы командачысы Вакер Уз-Заман Шейх Хасинанын кызматтан кеткенин расмий жарыялады. 5-августта жасаган телекайрылуусунда ал өлкөнү азырынча утурумдук өкмөт башкарарын билдирди.

Ушул эле күнү миңдеген демонстрант 76 жаштагы өкмөт башчынын резиденциясына кирип барышты. Интернетте жайылган видеолордон баш калаа Даккадагы өкмөттүк сарайга миңдеген адам агылганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары эмеректерди сыртка чыгарып баратышат.

Бангладеш: Демонстранттар өкмөт үйүн басып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Хасинанын жогорку даражалуу кеңешчисинин айтканына караганда ал соңку кайрылуусун жаздырганга да үлгүрбөй, эжеси менен бирге "коопсузураак жакка" чыгып кетти. Prothom Alo басылмасы Хасина аскердик учак менен Индия тарапка багыт алганын жазды. Ал эми индиялык CNN-News18 телеканалы өз булактарына таянып, Хасинанын тик учагы Индиянын Агартала шаарына конгонун кабарлады.

Быйыл жыл башында өткөн шайлоодо Хасина төртүнчү жолу катары менен утуп чыкты. Оппозициядагы партиялар бойкоттогон бул добуш берүүнү АКШ "эркин эмес жана адилетсиз" деп атаган.

Шейх Хасина - көз карандысыз Бангладештин алгачкы лидери Шейх Муджибур Рахмандын кызы. Атасы 1975-жылкы аскердик төңкөрүш маалында үй-бүлөсүнүн 20дай мүчөсү менен кошо өлтүрүлгөн. Ал маалда 28 жаштагы Шейх Хасина эжеси экөө чет жакта болуп, аман калышкан.

Шейх Хасина Бангладеш өкмөтүн 2009-жылдан бери жетектеп келген.

Бангладештеги башаламандыктар.
Бангладештеги башаламандыктар.

Жүздөгөн адамдын өмүрүн алган демонстрациялар

3-июлда Бангладеште кайрадан өкмөткө каршы акциялар жанданган. Соңку эки күндө полиция менен кагылышууда 90дон көп адамдын өмүрү кыйылды. Алардын арасында 18 бийликчил активист, 14 полициячы, бир журналист бар экени кабарланды. Калгандарынын тек-жайы белгисиз. Жүздөгөн кишилер жараат алды. Миңдеген демонстранттар камалды.

Бангладештеги нааразылык акциялары июль айында башталган. Буга өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн согушка катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик кызматтардын 30% бөлүнүшү түрткү болгон. Толкундоолордон улам бул көрсөткүч 5% чейин кыскартылса да, нааразылык акциялары токтомок тургай, тескерисинче күчөдү.

Июлдагы демонстрацияларда 200дөй кишинин өмүрү кыйылган. Арасында отуздай бала болгонун ЮНИСЕФ билдирген.

Демонстранттар өкмөттүн отставкасынан тышкары набыт болгондордун өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып жатышты.

4-августта полиция акциянын катышуучуларын таркатуу үчүн жаш чыгаруучу газ чачып, желим октор менен аткылады. Айрымдар бийликтин тарапташтары демонстранттарга каршы кадимки окторду колдонгонун жазышты.

Жаалданган акциянын катышуучулары автоунааларды, автобекеттерди өрттөп, полиция бекеттерине кирип барышты.

Каршылык акциялардын башында турган "Студенттер дискриминацияга каршы" кыймылынын лидерлеринин бири Зубайр 5-августта демонстрантарды акырына чейин турууга чакырды.

"Бүгүн биздин жүрүшкө чыгуубузга эч ким тоскоолдук кыла албайт. Эгер биз артка кайтпай, алар менен тирешсек, Бангладешти куткарып чыгабыз. Куралдуу күчтөрдөгү бир туугандарыма айтарым, алар автократтардын тарабында болушпасын. Же эл менен болгула, же нейтралдуу бойдон калгыла", - деди ал.

Бангладеште нааразылык акциясынын катышуучусун кармап бараткан полициячылар.
Бангладеште нааразылык акциясынын катышуучусун кармап бараткан полициячылар.

Бийлик баш калаа Даккада жана башка аймактарында өзгөчө кырдаал режимин киргизип, 14 саатка мобилдик интернетти өчүргөн. Бийлик нааразылык акциялардын тутанышына оппозициядагы партияларды күнөөлөдү. Оппозиция бийликтин дооматтарын четке кагууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк Бангладештеги "адамды нес кылган зомбулукту" токтотууга чакырган. Ал 4-августтун кечинде жасаган билдирүүсүндө дагы адамдардын өлүп жатканына терең тынчсызданып жатканын билдирди. Түрк өлкө жетекчилигин адамдардын жашоого, тынч чогулууга, ой-пикирин эркин билдирүүгө болгон укугун сактоого чакырды.

Бангладеш - дүйнөдөгү экономикалык ыргагы тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Ага карабай жогорку билимдүүлөр арасында жумушсуздук дагы деле күч бойдон. Ар кандай эсептерге караганда, 175 миллиондой калктын 18 миллионго жакыны жумуш издеп жүрөт.

XS
SM
MD
LG