Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Венесуэла: Мадуро шайлоодо жеңгенин жарыялады, бийликке каршы акция күч алды


Венесуэла: Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Венесуэла: Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык

Венесуэлада азыркы президент Николас Мадуронун шайлоодо жеңгени жарыялангандан кийин өлкөдө жапырт нааразылык акциялары башталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршылыгын билдирген миңдеген адамдар 29-июлда көчөгө чыгып, полиция менен кагылышуулар катталды.

Оппозиция Улуттук шайлоо кеңешинин жыйынтыгын таануудан баш тартты.

Баш калаа Каракаста полиция демонстранттарды таркатуу максатында жаш чыгаруучу газ, желим окторду колдонду. Шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирген акциянын катышуучулары буга карабай президенттик сарайды көздөй жөнөштү.

Алар алгач казан-капкактарды калдыратып, кийин таштанды, дөңгөлөк, автоунааларды өрттөп киришти.

Демонстранттар "Эркиндик!", "Бул бийлик кулайт" деген ураандарды чакырып, көчө боюнда илинген Мадуронун сүрөттөрүн сыйрып, тебелеп-тепсеп, өрттөп жатышты.

Франс пресс агенттиги укук коргоочуларга шилтеме жасап, кеминде бир кишинин өмүрү кыйылганын жазды. Ал эми коргоо министри Владимир Падрино Лопес 23 аскер жараат алганын X социалдык түйүнү аркылуу кабарлады.

Азыркы президент Николас Мадурого баш ийген Улуттук шайлоо кеңеши жарыялаган жыйынтыктарга ылайык, Мадуро добуштардын 51, 2%, ал эми бирдиктүү оппозициянын талапкери Эдмундо Гонсалес 44% алды. Оппозиция буга макул эмес. Анын лидери Мария Корина Мачадо журналисттерге 29-июлда билдиргендей, алардын колунда добушканалардын протоколдорунун көчүрмөлөрү бар. Мачадо ал документтерге таянып, Гонсалес алты миллиондон көп, ал эми Мадуро үч миллиондой гана добуш алганын айтууда.

"Өлкө боюнча Венесуэла элинин жапырт мобилизациясы жүрүп жатат. Алар өзгөрүүлөргө багыт алганын көрсөтүүдө. Конституцияга ылайык, бардык институттар элдин эркин сыйлап, аларга бардык кепилдиктерди камсыздашы керек", - деди Венесуэла президенттигине оппозициядан талапкер Эдмундо Гонсалес.

Венесуэладагы демонстрация башаламандык менен коштолду. 29-июль, 2024-жыл. Каракас.
Венесуэладагы демонстрация башаламандык менен коштолду. 29-июль, 2024-жыл. Каракас.

Шайлоо алдындагы бир катар сурамжылоолор дагы оппозиция алдыда экенин көрсөткөн.

Николас Мадуро оппозициянын дооматтарын четке кагып, нааразылык акцияларын "фашисттер жана контрреволюциялык күчтөр уюштурган бийликти төңкөрүү аракети" деп мүнөздөдү.

"Биз ашынган оңчулдар пропагандалап жаткан бардык зомбулук актыларына көз салып турабыз. Венесуэла элине айтарым, эгер алар ашыкча зыян келтирүүгө барышса, биз киришебиз. Биз мындай тасманы буга чейин көргөнбүз. Ошондуктан жарандар, аскерлер жана полициячылар менен бирге чара көрөбүз. Биз алардын аракеттери кандай болорун билебиз".

Мадуро белгилегендей эле 2018-жылкы шайлоо дагы жапырт нааразылык акциялары менен коштолуп, өлкөдө аз жерден жарандык согуш тутанып кете жаздаган.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро. 18-июль, 2024-жыл. Каракас.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро. 18-июль, 2024-жыл. Каракас.

2018-жылы Венесуэлада эмне болду эле?

2018-жылы декабрда Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро дагы алты жылга президент болуп шайланган. Жергиликтүү оппозиция добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирген.

Мурдагы айдоочу Мадуро бийликке 2013-жылы мурдагы президент Уго Чавестин көзү өткөндөн кийин келген. Ал өзүн "Чавестин уулу" деп да атап жүрчү.

Анда оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялап, Кошмо Штаттар баш болгон элүүдөн ашуун мамлекет анын бийлигин дароо тааныган.

Жарым жылдан көп убакытка созулган көчө демонстрациялары жана саясий тирештен кийин Вашингтондун ортомчулугу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө Гуайдо өз макамынан баш тартып, бийлик оппозицияны кийинки шайлоолорго катыштырууга сөз берген.

Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо жана президенттикке талапкер Эдмундо Гонсалес. 29-июль, 2024-жыл. Каракас.
Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо жана президенттикке талапкер Эдмундо Гонсалес. 29-июль, 2024-жыл. Каракас.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Улуттук шайлоо комиссиясы азырынча бюллетендердин 80% гана саналганын билдирди. Улуттук ассамблеянын лидери Хорхе Родригес 100% жыйынтыктарды жарыялоого "хакердик чабуул" жолтоо болуп жатканын жүйө кылды.

Чет элдик байкоочулар шайлоонун жыйынтыгын тактап жарыялоого чакырышты.

Расмий Вашингтон дагы күмөн саноосун билдирди. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен расмий жарыяланган сандар Венесуэла элинин эркин билдирбейт деген кооптонуу бар экенин айтты.

Бул жолу да Мадуронун жеңишин Орусия, Куба, Гондурас жана Боливия тааныды. Ал эми Түндүк, Түштүк Америкадагы 12 мамлекет шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, Америка мамлекеттеринин уюмунун туруктуу кеңешин чукул жыйынга чакырышты. Ал 31-августта Вашингтондо өтөрү күтүлүүдө.

Венесуэладагы каршылык акциясы. 29-июль, 2024-жыл. Каракас.
Венесуэладагы каршылык акциясы. 29-июль, 2024-жыл. Каракас.

Расмий Каракас президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган жети латынамерикалык мамлекеттен (Аргентина, Чили, Коста-Рика, Перу, Панама, Уругвай жана Доминикан Республикасынан) өз дипломаттарын чакыртып алганын билдирди.

Венесуэла оппозициясы билдиргендей, Мадуро өлкөнү саясий жана социалдык-экономикалык кризиске толук кептеди. Соңку 14 жылда саясий куугунтуктоо, ачарчылык, жакырчылык жана кылмыштуулуктан качып, өлкөдөн жети миллиондой киши же калктын төрттөн бир бөлүгү чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Соңку он жылда Венесуэла Латын Америкасындагы эң жакыр мамлекетке айланды. Мунайдын ири коруна ээ Венесуэланын экономикасы 80% төмөндөдү.

Николас Мадуро башкарган 11 жыл ичинде Венесуэлада жапырт эмиграция күчөп, инфляция болуп көрбөгөндөй чекке жетти, мунай өндүрүүнүн кескин азайган.

XS
SM
MD
LG