170 миллион калкы бар өлкөнүн ондогон жарандары мекениндеги жумушсуздуктун айынан Кыргызстанга чейин келип, акча табууга аргасыз.
Бангладештин өкмөтү 200дөй адамдын өмүрүн алган башаламандыктарды иликтөө үчүн 25-июлда атайын комитет түздү. Полициянын маалыматына караганда, соңку 24 саатта баш калаа Даккада 800дөй жана бүтүндөй өлкө аймагында 3000дей киши кармалды. Жергиликтүү маалымат каражаттары камалгандардын көбү оппозициядагы партиянын мүчөлөрү экенин жазышты.
Даккада 24-июль күнү Интернет жарым-жартылай иштей баштады. WhatsApp аркылуу кат алмашуу акырындап калыбына келгени менен, ылдамдыгы дагы эле ойдогудай эмес экени кабарланууда. Бир катар сайттар, анын ичинде Фейсбук азырынча ачылбайт.
Өлкө боюнча Интернеттин өчүрүлгөнүнө бир нече күн болду. Борбор калаада коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон турат, шаардын негизги көчөлөрүнө өткөрмө бекеттери орнотулуп, күзөткө полиция менен катар аскер кызматкерлери да катышууда.
Расмий маалыматтарга караганда, 19-20-июлдагы кагылышууларда набыт болгондордун саны 197ге жетти. Дипломаттар жана бейөкмөт уюмдар бул көрсөткүч алда канча жогору болушу мүмкүн экенин айтышууда.
19-июль күнү эртең мененки саат 10.00 чамасында көптөгөн элчиликтер жайгашкан коопсуз деп саналган аймактан анча алыс эмес жерде, Натун базарынын жанында нааразылык акциясына чыккан студенттер менен полиция кагылыша кеткен.
“Би-Би-Синин” жазганына караганда, демонстранттар тартип коргоочуларды көздөй таш жана таяк ыргытып жатышты. Ал эми полициячылар аларды желим октор менен атып, жаш чыгарчу жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонду.
Ошол сааттарда эле шаардагы ооруканаларга алгачкы жарадарлар түшө баштаган.
“Алар ачык эле атып жатышат. Митингге чыккан үч агама ок тийип, Мейтри ооруканасында каза болушту. Дагы бир бир тууганымдын башына ок тийип, аны жаңы эле алып келдим. Карагылачы, колдорум бүт кан”,-дейт демонстрацияга чыккан студенттердин бири Риад.
Полициячылар митингчилерди автоматтардан атканын AP агенттигинин кабарчысы да көргөн.
Полиция өз кезегинде демонстранттар Нарсинг аймагындагы түрмөнү басып алып, камактагы бир нече адамды бошотуп жиберген деп күнөөлөштү. Андан тышкары демонстранттар бир нече полиция кеңселерин, өкмөттүк имараттарды өрттөп жибергени кабарланды.
Кырдаал ошол бойдон оңолбой, кечке маал дагы курчуп кетти. Ошондо өкмөт өлкө боюнча коменданттык саат жарыялап, көчөлөргө аскерлерди чыгарды. Бул чечимди Бангладештин өкмөт башчысы Шейх Хасина мындайча түшүндүрдү.
“Биз жарандарыбыздын өмүрүн жана мүлкүн коргоп калуу үчүн коменданттык саат киргизүүгө аргасыз болдук. Мен мындай болушун эч качан каалаган эмесмин. Мен үйгө 1981-жылы кайтканда, ар бир түнү коменданттык саат эле. Зиаур Рахман (экс-президент) бийликте турган маалда биз ар бир түнү түнкү саат онго чейин үйгө кайтышыбыз керек эле. Балким көптөрдүн бул нерселер эсинде жок. Жаш мууун мунун баарын билбейт”.
Нааразылык акциялардын тутанышынын себеби
Бангладеште нааразылык акциялары өткөн айда эле башталган. Буга жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилиши түрткү болгон. Ал эми июль айынын ортосунда акциялар курчуп кетти.
Соттун чечимине ылайык, мамлекеттик кызматтардын 30% 1971-жылы өлкөнүн Пакистандан көз карандысыздыгы үчүн согуштун катышуучуларынын жакындарына каралмак.
Нааразылык акциялары күчөп кеткендиктен Жогорку сот 21-июлда бул квоталарды беш пайызга чейин төмөндөттү.
“Жогорку соттун аппеляциялык бөлүмү 104-беренеге ылайык, квота системалары боюнча акыркы жообун берди. Демек, бул квоталардын 93% карапайым калк үчүн, беш пайызы эркиндик үчүн күрөшкөндөр жана алардын жакындары үчүн, бир пайызы этностук азчылыктар үчүн жана бир пайызы үчүнчү жыныстагылар жана майыптар үчүн”,-деп түшүндүрдү студенттердин таламын жактаган юрист Шах Монжурул Хок.
Квоталар маселеси жумушсуздук жана инфляция жогору болуп турган маалда калкка өзгөчө катуу тийди. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 175 миллион калктуу өлкөдө ар бир сегизинчи адам жумушсуз.
Ошондой эле демонстрациялардын курчушуна премьер-министр Шейх Хасинанын митингчилерди “разакарлардын тукуму” деп айтышы түрткү болгонун серепчилер белгилеп жатышат.
- “Разакар” — Бангладештин көз карандысыздыгы үчүн согушта Пакистандын армиясы менен кызматташып, аялдарга каршы аскердик кылмыштарга барган уюм.
Австралия, Британия, Бириккен Араб Эмирликтери, АКШ жана Катардагы бангладештиктер мекендештерине тилектештик билдирип, демонстрацияларды өткөрүштү. Нааразылык акцияларынын координаторлору бийликтеги “Лига Авами” партиясынын жаштар канаты жана полиция демонстранттарга каршы катаал күч колдонгонун айтышууда. Өкмөт мунун баарын четке кагып, мунун баары үчүн оппозициячыл партияларды күнөөлөп жатат.
Негизинен Бангладеш Улуттук партиясын айыптады. Аталган кыймылдын лидери өкмөт башчынын сөздөрүн негизсиз деп атады.
“Өкмөт башчынын окуя тууралуу айтканы жана бизди күнөөлөгөнү негизсиз. Алар өч алууга гана багытталган. Анткени алар ар дайым партияга шек келтирүүгө аракет кылып келишкен. Биздин партия толугу менен демократиялык, либерал-демократиялык деп саналат. Тилекке каршы, биздин аскерлердин жана партия лидерлердин арасында Бангладеш Улуттук партиясын баарына күнөөлөй берүү тенденцияга айланып баратат”,- деди Бангладеш Улуттук партиясынын баш катчысы Мирза Фахрул Ислам Аламгир.
Бийлик үчүн эң катаал сыноолор
Бул нааразылык акциялары "Авами Лиг" партиясынын лидери, 2009-жылдан бери Бангладешти башкарып келген Шейх Хасинанын бийлиги үчүн чоң сыноо болуп калды. Хасина 1996-2001-жылдары да өкмөттү жетектеген.
Хасина квота систмаларын коргоп, согуштун катышуучулары, мекени үчүн жан бергендер, ошондой эле 1971-жылы зордук-зомбулукка кабылып, кыйноолорго кабылган аялдар бир гана жогорку сый-урматка татыктуу деп санайт.
Анын "Авами Лиг" партиясы бийликке келгени экономика өнүгүп, социалдык көрсөткүчтөр кыйла жакшырган. Анткен менен соңку жылдардагы жумушсуздук жана инфляциянын күчөшү карапайым тургундардын жашоосун оорлотуп жиберди.
Быйыл жыл башында өткөн шайлоодо Хасина төртүнчү жолу катары менен утуп чыкты. Оппозициядагы партиялар бойкоттогон бул добуш берүүнү АКШ "эркин эмес жана адилетсиз" деп атаган.
Шейх Хасина көз карандысыз Бангладештин алгачкы лидери Шейх Муджибур Рахмандын кызы. Атасы 1975-жылкы аскердик төңкөрүштүн маалында үй-бүлөсүнүн 20дай мүчөсү менен кошо өлтүрүлгөн. Ал маалда 28 жаштагы Шейх Хасина эжеси экөө чет жакта болуп, аман калышкан.
Бангладеш - дүйнөдөгү экономикасы өтө тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Буга карабай университет бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жумушсуздук дагы деле күч бойдон. Ар кандай эсептерге караганда, 18 миллиондой жаштар жумуш издеп жүрүшөт.
Жумушсуздуктун айынан Кыргызстанга келген бангладештиктер
23 жаштагы үтүкчү Ислам Седир Бангладеште жашаган ата-энесине жана бир туугандарына жардам берүү үчүн Бишкекте иштеп жатканын айтууда. Ал айлыгынын чыпчыргасын коротпой ата-энесине жөнөтүп турат.
“Мен бул жакта кийим үтүктөйм. Жумушум оор эмес. Бангладеште жумушчу орундар жетишсиз. Элдин көбү жумушсуз. Жумуш болсо да айлыгы өтө аз. Жашоого жетпейт. Мен Банладештин борбору Даккада тигүү цехинде иштегем. 150 доллар айлык алчумун. Бул жактагы айлыгым мен үчүн аябай жакшы”,- деп “Азаттыктын” кабарычысына айтып берген.
Бишкектеги тигүү цехтеринин башчылары бангладештиктер тигүү иштерин мыкты өздөштүргөнүн айтып, аларга артыкчылык беришет. Кыргызстандын Ички иштер министрлигине караштуу Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери, милициянын полковниги Улан Керимкулов “Азаттыкка” курган маегинде жыл башынан бери 34634 бангладештик кирген. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги аркылуу уруксат алган 5322 чет өлкөлүк бар. Алардын 514ү бангладештик.
Бангладештеги акциялар ушуну менен тынчыйбы же уланабы деген чоң суроо турат. Студенттер тогуз баскычтан турган талаптардын тизмесин жарыялады. Алардын арасында башаламандыкта набыт болгондордун өлүмү үчүн күнөлүүлөрдү жазалоо жана Хасинанын кечирим суроосу дагы бар. Серепчилердин айтымында өкмөт башчы бул кадамга барышы күмөн.