Коргоо министрлиги Кыргызстандын аймактарындагы аскер комиссариаттарынын жетекчилери ротациянын алкагында алмаштырыларын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 15-апрелде кабарлагандай, ротация аскер комиссариаттарынын ишмердигиндеги ачык-айкындуулукту күчөтүү жана коррупциянын алдын алуу максатында жүрүүдө.
"Коррупцияга каршы иш-чаралардын жыйынтыгында бир катар аскер комиссариаттарынын ишинде мыйзамсыз иштер аныкталды. Айрым кызматкерлерге карата кылмыш иши корголуп, коррупциялык иштери үчүн кармалып, камалышты. Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп, айыптуулар мыйзам чегинде жоопко тартылышат", - деп жазылган маалыматта.
Коргоо министрлиги коррупцияны болтурбоо максатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Аскер прокуратурасы менен чогуу ички көзөмөлдү күчөтүп, коррупцияга каршы иш-аракеттерди улантып жатканы кошумчаланды.
УКМК буга чейин Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, прокуратура кызматкерлери кармалган учурлардыжарыялаган. (ZKo)
Шерине