Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды легалдаштыруунун баасы түштү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөйт. Буга чейин бардыгы 100 миң сомдон төлөйт деп бекитилген.
Андан тышкары машинени чек арадан алып өткөн учурдагы документи жок болсо 2024-жылдын 30-декабрында өткөн деп эсептелет.
Кыргызстанда 1-апрелден тартып чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши башталган. Ал 1-октябрга чейин созулат. Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Машиненин документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.
Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (BTo)
Шерине