Укук коргоочу Рита Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын 14-апрелде кечке маал Фейсбукка жазды.
"Эртең Канышайга (ред. тергөө абагында жаткан журналист Канышай Мамыркуловага) "кемпирабадчылардын" атынан тамак киргизели деп камынып жүрсөм, үйүмө тинтүү жасап атыптыр. Тилекматтын каты боюнча окшойт. Ал катты СМС кылып эле жиберген, үйдөн эмне издеп атышат экен? Баратам үй жакка", - деп билдирди Карасартова.
Ал кайсы органдын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатканын тактаган жок. Азырынча Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек.
Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Кыргызстандан чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдирасулова да Фейсбукка жазды.
14-апрелде түш оой Карасартова Фейсбукка чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты жарыялаган.
"Бир нече күндөн бери Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн мекендешибиз Тилекмат Куреновдон маалымат жок. Жоголордун алдында, сезгендей эле, мага мындай СМС жиберген: "Эже, менин акыбалым кыйындап баратат окшойт. Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсо чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым" деп жазган. Аманатын аткарайын", - деп билдирген Карасартова.
Бул катта негизинен Кудайберген уулунун үй-бүлөсүнө кайрылуусу тууралуу сөз болгон.
"Эгер мени кармап кетсе же бир нерсе болсо бул кат чыгат", - деп жазылган катта.
Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келет. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ушул окуядан бери Дубайда жашап жаткан.
13-апрелде анын жубайы Фейсбуктагы баракчасына жолдошу дайынсыз болуп жатканын жазган эле.
14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кудайберген уулу менен байланышы бар жана Кыргызстанда жапырт баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында жапырт баш аламандыктарды, нааразылык акцияларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Активист жана кармалган шектүүлөрдүн адвокаттары, жакындары бул боюнча комментарий бере элек.
Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан.
Шерине