Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Париж-2024: Жоковичтин жеңиши, Маршандын жаңы рекорду


Сербиялык теннисчи Новак Жокович менен испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль Париж Олимпиадасындагы мелдеш учурунда.
Сербиялык теннисчи Новак Жокович менен испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль Париж Олимпиадасындагы мелдеш учурунда.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары күн сайын кызыктуу беттештер, жаңы рекорддор менен коштолууда.

Теннис. Жокович - Надаль беттеши

Париждеги Олимпиаданын үчүнчү күнүндө атактуу тенисчилер Новак Жокович менен Рафаэль Надалдын беттеши көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Алар Олимпиада оюндарынын теннис боюнча мелдешинин экинчи айлампасында бет келди.

Бул эки теннис жылдызынын 60-жолку беттешүүсү. Бул ирет Новак Жокович жеңишке жетти. Эсеп - 6:1, 6:4.

Рафаэль Надаль теннис боюнча жекелик таймаштардан жыдып, кийинки айлампага өтпөй калды.

Эми жуптук мелдештерде Карлос Алькарас менен Олимпиаданын медалын утууга күч үрөйт. Новак Жокович болсо кийинки баскычка өттү.

Спорт серепчилери бул Надаль менен Жоковичтин дээрлик 20 жылга созулган атаандаштыгынын акыркы беттеши болгонун айтып жатышат.

Новак Жокович мелдеш учурунда. Париж Олимпиадасы. 29-июль, 2024-жыл.
Новак Жокович мелдеш учурунда. Париж Олимпиадасы. 29-июль, 2024-жыл.

Рафаэль Надаль - Олимпиаданын эки жолку чемпиону. Ал 2008-жылы Бээжин Олимпиадасында жекелик мелдеште жана 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада жуптук мелдеште алтын медал уткан.

Жоковичтин эсебинде Бээжинден уткан коло медалы гана бар.

Сууда сүзүү: Маршандын жаңы рекорду

Франциялык суучул Леон Маршан 400 метрге комплекстүү сүзүүдө чемпион болуп, Олимпиаданын рекордун жаңылады.

Француз суучулу Леон Маршан.
Француз суучулу Леон Маршан.

22 жаштагы франциялык суучул 400 метрге комплекстүү сүзүүдө марага 4 мүнөт 02,95 секундда келип, Майкл Фелпстин 2008-жылдагы рекордун жаңылады.

Леон Маршан 31-июлда брасс стилиндеги 200 метрге жарышка чыгат. Бул дистанцияда кыргызстандык суучул Денис Петрашов да мелдешет.

Сууда сүзүү - Олимп оюндарындагы эң популярдуу спорттун түрү. World Aquatics уюмунун билдиришинче, Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды. 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медаль ойнотулат. Сууда сүзүүдөн мелдештер Париждеги La Defence Arena спорт комплексинде өтүп жатат.

Украинанын алгачкы медалы

Ольга Харлан.
Ольга Харлан.

Ольга Харлан фехтованиеден Украинага алгачкы Олимпиаданын медалын утуп берди. Коло байге үчүн болгон беттеште ал түштүк кореялык Чхве Себинаны утуп алды.

Бул Харландын карьерасындагы бешинчи Олимпиада болду. Ал 17 жашында Бээжин Олимпиадасында командалык жарышта чемпион болгон. 2016-жылы командалык жарышта күмүш, 2012-жылы жана 2016-жылы жекелик жарышта эки коло медаль уткан.

Хидаят Азербайжанга алтын медаль утуп берди

Олимпиаданын үчүнчү күнү азербайжандык дзюдочу үчүн жемиштүү болду. Дзюдодон 73 килограмм сламакта күрөшкөн Хидаят Гейдаров Олимпиаданын алтын медалын жеңип алды. Бул Азербайжандын эгемен тарыхындагы Олимпиаданын 8-алтын медалы.

Хидаят Гейдаров.
Хидаят Гейдаров.

Азербайжан Олимпиада оюндарына 1996-жылдан бери катыша баштаган. Бул аралыкта азери спортчулары 50 медал утушкан. Алардын сегизи алтын, 14ү күмүш, 28и коло медаль.

Сенанын суусу ылайланып, триатлон мелдештери жылдырылды

Бүгүн Париж убактысы менен таңкы саат 8:00дө баштала турган триатлон боюнча эркектер арасындагы мелдештер кийинкиге жылдырылды. Буга Сена дарыясындагы суунун ылдайланып кеткени себеп болгон. 26-27-июлдагы нөшөрлөгөн жаандан улам Сенадагы суу киргил тартып, жекшемби жана дүйшөмбүдөгү бир катар мелдештер жылдырылган.

Триатлондон мелдеш өтө турган Сена дарыясынын бир бөлүгү. Париж. 30-июль, 2024-жыл.
Триатлондон мелдеш өтө турган Сена дарыясынын бир бөлүгү. Париж. 30-июль, 2024-жыл.

Француз бийлиги Сена дарыясындагы суу тазалоо үчүн оюндардын алдында 14 миллиард евро сарптаганын бир катар эл аралык басылмалар жазып чыкты. Триатлондон мелдештер 31-июлга пландалууда.

Азырынча Жапония алдыда

Ушу тапта Олимпиада оюндарында Жапония курамасы алты алтын, эки күмүш, төрт коло медалы менен мелдеш жадыбалында алдыңкы орунга чыкты. Франция курамасынын спортчулары үч күндө беш алтын, сегиз күмүш, үч коло медал утуп, экинчи орунда.

Кытай курамасы беш алтын, беш күмүш, эки коло медаль менен үчүнчү келатат. Казакстан курамасы бир алтын, эки коло медалы менен 12-орунда болсо, кошуна Өзбекстан бир алтын медалы менен 15-орунда.

XS
SM
MD
LG