Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Париж-2024: Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты, үч казак мушкери жеңилди


Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек жана кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдел Иван. 1-август, 2024-жыл.
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек жана кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдел Иван. 1-август, 2024-жыл.

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында бокстон өтүп жаткан мелдештерде чейрек финалга чыкты. Олимпиадага фаворит катары барган казак мушкерлеринин үчөө мелдештен четтеп, Казакстандагы бокс сүйүүчүлөр арасында талкууга жем таштады.

Мунарбектин алгачкы жеңиши

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 1-августка караган түнү 57 килограммга чейинки салмактагы жарым чейрек финалда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдел Иванды үч раундга толук жеткирбей, 3:2 эсебинде жеңди.

Беттеш 3-раундда кубалык мушкердин жаракат алганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтоду.

Кубалык мушкер Орта Родригес дель Рей Сайдел Иван
Кубалык мушкер Орта Родригес дель Рей Сайдел Иван

“Кудай буюруп беттешти уттук. Эми алдыдагы беттештерди да утуп, Кыргызстанга жеңишти алып барам деген ниеттемин”, - деди Мунарбек мелдештен кийин.

Ал 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешет.

Жамал Харви 21 жашта. 2021-жылы бокстон дүйнө чемпиону болгон. АКШнын чемпиону, Панамерика оюндарында алтын медал уткан. Париж Олимпиадасында Харви алгачкы беттешинде бразилиялык Луис Габриэл Оливейраны утту.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандан сегиз жылдан кийин Париж Олимпадасына жолдомо уткан жалгыз мушкер болду. Акыркы жолу кыргыз мушкерлери Олимпиада оюндарына 2016-жылы катышкан эле. Мунарбектин чейрек финалга чыкканы кыргыз спорт күйөрмандарын кубантып жаткан учур. Ал дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси.

Казак мушкерлерине сын күчөдү

Ушу тапта бокстон эркектер арасындагы беттештер чейрек финалга жетти. Бокстон эркектер арасында жети салмакта, кыз-келиндер арасында алты салмакта беттештер өтөт. Жалпы 13 комплект медал ойнотулат.

Эркектер арасында төмөнкү салмактарда: 51 кг, 57 кг, 63,5 кг, 71 кг, 80 кг, 92 кг жана 92+ кг.

Кыз-келиндер арасында төмөнкү салмактарда: 50 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 66 кг, 75 кг.

Париж Олимпиадасында Куба, АКШ, Австралия менен катар Казакстан менен Өзбекстандык мушкерлер да фавориттердин катарында.

Австралиядан 12 мушкер Олимпиадага жолдомо утушкан. Экинчиде Өзбекстан 11 жолдомо (эркектер арасында жети, кыз-келиндер арасында төрт) алган.

Казакстан 10 жолдомо алган (эркектер арасында жети, кыз-келиндер арасында үч). Ирландия менен Бразилиянын да ондон мушкери Олимпиада оюндарына катышып жатат.

Казакстандык мушкер Камшыбек Кункабаев (кызыл кийимчен) испаниялык Айюб Гадфа менен беттешип жаткан учуру. Париж, 29-июль, 2024-жыл.
Казакстандык мушкер Камшыбек Кункабаев (кызыл кийимчен) испаниялык Айюб Гадфа менен беттешип жаткан учуру. Париж, 29-июль, 2024-жыл.

Ушу тапта Казакстандын үч мушкери Асланбек Шымбергенов (71 кг), Камшыбек Кункабаев (91 кг), Махмуд Сабырхан (51 кг) биринчи беттештеринде жеңилип, мелдештен четтегени бокс сүйүүчүлөр арасында чоң талкууга жем таштады. Бээжин Олимпиадасынын чемпиону Бакыт Сарсекбаев казак мушкерлеринин даярдыгын сынга алганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

“Экинчи раундда эле алар дем ала албай, кыйналып, рингде араң басып жүрүштү. Сокку аз. Үч мүнөттө канча сокку узатса болот. Алар үчүнчү раундда араң бутка туруп жатат. Бир суроо: Олимпиаданын алдында лицензия алгандан кийин канча беттеш өткөрүштү? Тажрыйба барбы? Мисалы менде жарым жылда 22 беттеш болгон. Башкы машыктыруучуга айтар сөзүм дагы жок", - деп жазган өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына казак мушкери Бакыт Сарсекбаев.

Азырынча Казакстандан эркектер арасында төрт салмакта мушкерлер Олимпиаданын медалын алууга аракет кылышууда. Алар Сакен Бибосынов (51 кг), Мухаммедсабыр Базарбайулы (63,5 кг), ага-инилер Нурбек (80 кг) жана Айбек Оралбай (92 кг).

Өзбек мушкерлери азырынча алдыда

Өзбекстандан эркектер арасында жети мушкер тең чейрек финалга чыккан. Алар Турабек Хабибуллаев, Баходир Жалолов, Хасанбой Дусматов, Абдумалик Халоков, Асадхужа Муйдинхожаев, Лазизбек Муллажонов.

Руслан Абдуллаев (63,5 кг) бүгүн чейрек финалдык беттеште канадалык Уайатт Сэнфордго жеңилип, мелдешин аяктады.

Өзбекстан эгемен өлкө катары Олимпиада оюндарынан жалпы 42 медал утса, анын 14ү алтын, жетөө күмүш, 21и коло. Алардын арасынан 14 медалды (беш алтын, эки күмүш, жети коло) бокстон алган. Эң көп медалды Рио-де Жанейро Олимпиадасында утушкан. Ал кезде өзбек мушкерлерин "бокс державасы" атыккан Куба менен салыштыргандар да болгон.

Өзбек мушкери Хасанбой Дусматов (көк кийимчен) пуэрториколук Хуанма Лопес де Хесусту утуп, чейрек финалга чыкты. 30-июль, 2024-жыл.
Өзбек мушкери Хасанбой Дусматов (көк кийимчен) пуэрториколук Хуанма Лопес де Хесусту утуп, чейрек финалга чыкты. 30-июль, 2024-жыл.

Sports Illustrated эл аралык басылмасы бул жолу Өзбекстан бокстон үч алтын медал аларын божомолдойт. Алтынга талапкерлердин катарында оор салмакта күрөшкөн Баходир Жалолов бар. Ал Токио Олимпиадасынын чемпиону. Анын артынан эле дүйнө чемпиондугун уткан. Жалолов бир учурда профессионал рингге да чыгып жүрөт. Профессионал рингде анын жетишкендиктерин мыкты деп айтууга болот. Жалпы 14 беттеш өткөрсө, баарын мөөнөтүнөн мурда уткан.

Андан сырткары жеңил салмактагы мушкер Хасанбой Дусматов да Риодогу Олимп оюндарындагы ийгилигин кайталап, Париж Олимпиадасынын да алтын медалын утууга күч үрөп жаткан чагы.

Бокстон мелдештер 27-июлда башталган. 10-августта жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG