Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Париж-2024: Эрлан Шеров утулду, казак-өзбек мушкерлери алдыда


Олимпиаданын төртүнчү күнүндө кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыкты.

Парижде бүгүн дзюдо боюнча эркектер арасында 90 килограмм салмакта жана кыз-келиндер арасында 70 килограмм салмакта таймаштар өттү.

"Бул мага сабак болду"

Кыргыз дзюдочусу Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта татамиге чыгып, алгач кубалык Иван Фелипе Силва Моралести 10:0 менен жеңген. Бирок экинчи беттешинде испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди.

Эрлан Шеров кубалык дзюдочу Иван Фелипе Силва Моралес менен беттешип жаткан учуру. 31-июль, 2024-жыл
Эрлан Шеров кубалык дзюдочу Иван Фелипе Силва Моралес менен беттешип жаткан учуру. 31-июль, 2024-жыл

Эрлан Шеров беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбекке учкай маек берип, буларды айтты:

“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да кудайдын буйругу”, - деди ал.

Эрлан Шеров бул оюндарда мелдешин жыйынтыктаган кыргызстандык үчүнчү спортчу болду. Буга чейин дзюдочу Айбек Кубанычбек уулу 66 килограмм салмакта алгачкы беттешинде жеңилип, мелдештен четтеген.

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов дагы 200 метрге брасс стилинде жарым финалда сүзүп, 14-орунду ээлеп, жарыштарын жыйынтыктады. Ал 30-июлда бул аралыкта квалификациялык жарышта 25 спортчунун арасынан 16-орунду ээлеп, жарым финалга өткөн.

Сууда сүзүү боюнча эркектер арасында 200 метрге брасс стилиндеги жарым финалдык жарыштар. Париж. 31-июль, 2024-жыл.
Сууда сүзүү боюнча эркектер арасында 200 метрге брасс стилиндеги жарым финалдык жарыштар. Париж. 31-июль, 2024-жыл.

Петрашов буга чейин Париж Олимпиадасында 100 метрге брасс стилинде жарышка чыгып, 23-орунду ээлеген.

Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң популярдуу спорттун бул түрү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды. World Aquatics уюмунун билдиришинче, анын 463ү эркек, 391и аял. Жалпысынан 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медал ойнотулуп жатат.

БОКС: казак, өзбек мушкерлери фаворит

Олимпиада оюндарында бокстон таймаштар кызыды. 30-июлда дүйнө чемпиондору өзбекстандык Хасанбой Дусматов жана казакстандык Сакен Бибосынов чейрек финалга чыгышты.

51 килограммга чейинки салмакта Токио Олимпиадасынын коло байге ээси, 2021-жылдагы дүйнө чемпиону Бибосынов 1/8 финалда түрк мушкери Самет Гүмүшдү 5:0 эсебинде жеңди.

Казакстандык Сакен Бибосынов (көк форма) менен түрк мушкери Самет Гүмүш.
Казакстандык Сакен Бибосынов (көк форма) менен түрк мушкери Самет Гүмүш.

Ушул эле салмакта Хасанбой Дусматов пуэрториколук Хуанма Лопес де Жезусту утту. Эми Бибосынов менен Дусматов чейрек финалда беттешет.

Буга чейин өзбек мушкерлери Турабек Хабибуллаев, Баходир Жалолов Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыккан.

Өзбек мушкери Хасанбой Дусматов.
Өзбек мушкери Хасанбой Дусматов.

Бокстон эркектер арасында 7 салмакта, кыз-келиндер арасында 8 салмакта беттештер өтөт. Жалпы 13 комплект медал ойнотулат. Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта таймашка чыгат. Ал 31-июлдан 1-августка караган түнү кубалык Орта Родригез менен беттешет.

Тажикстанга коло медал утуп берген дзюдочу

Тажикстандык дзюдочу Самон Махмадбеков Париждеги Олимпиада оюндарында коло медал утту. Ал 81 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште италиялык Антонио Эспозитону утуп алды. Бул салмакта жапониялык Таканори Нагасе Олимпиада чемпиону болду. Күмүш медалды грузиялык Тато Григалашвили утса, дагы бир коло медалды түштүк кореялык Ли Жунхван жеңди.

Самон Махмадбеков.
Самон Махмадбеков.

Бул Тажикстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы медалы.

XS
SM
MD
LG