Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Париж-2024: Дүйнөгө дүң болгон көзгө атар Юсуф Дикеч


Севвал Илайда Тархан жана Юсуф Дикеч. Париж, 30-июль 2024-жыл
Севвал Илайда Тархан жана Юсуф Дикеч. Париж, 30-июль 2024-жыл

58 жашында Олимпиада кыялына жеткен Чжиин Цзэн. Жети айлык боюнда бар Нада Хафез фехтованиеден беттешүүгө чыкты. Бир колун чөнтөгүнө салып, бейкапар бутага аткан түркиялык Юсуф Дикеч. Олимпиаданын кызыктуу жаңылыктары.

Пандемия тагдырын өзгөрткөн Чжиин Цзэн

58 жаштагы Чжиин Цзэн жаш кезинде Кытайда стол тенниси боюнча мыкты чеберлердин бири болчу.

Эзелтен Кытай спорттун бул түрүнөн башкаларды алдыга чыгарбайт эмеспи. Кайсы бир учурда ал жаңы эрежелердин киргизилишин жактырбай, ракеткасын узак жылдарга катып койгон.

Чжиин Цзэн
Чжиин Цзэн

China News гезитинин кабарчысы Франциянын телеканалына айтып бергендей, Цзэндин таржымалы бул жашоодо эч качан чегинбеш керектигин, адам канчада болбосун, кыялын ишке ашырышы мүмкүн экенин көрсөтөт.

Мурдагы спортчу 1989-жылы балдарды машыктыруу үчүн Чилиге барып, кийин Латын Америкасында калууну чечет. 20 жылдай теннис ойногон эмес, бул аралыкта эмерек бизнеси менен алектенип жүрдү. Баса, жаңы мекенинде аны Таня деп аташат.

2020-жылы каптаган коронавирус пандемиясы анын тагдырын өзгөрттү.

“Сыртка чыкпай отуруп калдык. Үйүмдө стол бар болчу. Биринчи жөн эле кыймылдайын деп, кийин барган сайын көбүрөөк ойноп калдым. Бирок жарыштарга катышам деп максат койгон эмесмин”, - деп айтып берген Цзэн.

Ошентсе да, Чилинин жарандыгын алган мурдагы спортчу кайрадан улуттук, аймактык түрдүү мелдештерде күч сынап, улам бирин ута баштады.

Түштүк Америкадагы жеңиштеринин аркасы менен Цзэн дүйнөлүк рейтингде 151-орунга чыккан. Муну менен 58 жашында Париж оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Чили буга чейин бул спорттон Олимпиадага жолдомо жеңип көргөн эмес.

Таня-Цзэн плейоффто ливандык 46 жаштагы Мариана Саакянга утулуп калганы менен жүзүнөн жылмаюу кеткен жок.

“Мен Олимпиадада ойносом деп кыялданып жүргөм. Жыйынтыгы анча маанилүү эмес болчу. Албетте утсам жакшы болмок. Бирок эң негизгиси жарышка катышуу, оюндан ыракат алуу кызыктуу болду. Ошол кыялыма жеттим”, - деп айтты испанча суудай сүйлөгөн спортчу.

"Эки киши күч сынап жатат деп ойлосоңор, биз үч киши болчубуз".

Чжиин Цзэн чоң апа болсо, египеттик Нада Хафез Париждеги беттештен кийин эки айда эне болорун, жети айлык боюнда бар экенин жарыялады.

Фехтование боюнча кураманын мүчөсү, кесиби боюнча дарыгер Хафез: “Эки киши күч сынап жатат деп ойлосоңор, биз үч киши болчубуз. Мен, атаандашым жана жакында жарык дүйнө келчү кичинекей балам”, - деп Инстаграмга жазды.

Нада Хафез (оңдо)
Нада Хафез (оңдо)

Каирде туулуп-өскөн 26 жаштагы атлет ушуну менен үчүнчү Олимпиадага катышты. Спорт менен ал 11 жашында машыга баштаган. Парижде биринчи айлампадан өтүп, экинчисинде түштүк кореялык спортчуга жыдып калды.

"Ушуга чейин жеткениме абдан сыймыктанам", - дейт Хафез.

Беш жыл мурда ал Африканын оюндарында жеке жана командалык мелдештерде алтын медаль тагынган.

Кош бойлуу спортчунун таймаштарга катышканын комментарийлеген интернет колдонуучулары эки лагерге бөлүнүп калды.

Кээ бирлери болочок энеге ийгилик каалап, кош бойлуулук менен жакшы көргөн ишиңди айкалыштыруу оңой эместигин айтышат.

Сидней Олимпиадасынын чемпиону британиялык Дениз Льюис суктанганын жашырбай, “Укмуш” деп жазды.

Айрымдар ачыктан ачык эле сексизмге ооп, "боюнда бар болсо, эмнеге мелдешке чыкты?" деген таризде пикирлерди жазышты.

“Мага эч кандай жабдыктардын кереги жок. Мен – тубаса аткычмын”

Ал эми интернеттин чыныгы жылдызына түркиялык спортчу, Олимпиаданын күмүш медалын жеңген Юсуф Дикеч айланды.

Спорттук жетишкендигинен сырткары анын жабдыктары, тагыраагы алардын жоктугу, бейкапар жүрүм-туруму талкууланып, улам бир күлкүлүү мемдер чыгып жатат.

Севвал Илайда Тархан жана Юсуф Дикеч
Севвал Илайда Тархан жана Юсуф Дикеч

51 жаштагы Дикеч жуп болуп 10 метрден пневматикалык тапанчадан атуу боюнча жарышка Севвал Илайда Тархан менен чыккан.

Атаандаштарынан айырмаланып, ал жарыктын чагылышынан коргогон оптикалык линза, кулакчын, башка атайын каражат менен жабдылган эмес. Өзүнүн көз айнегин тагынып, бир колун чөнтөгүнө салып туруп бутаны мээлеп аткан Дикеч башкалардан кыйла башкача көрүнүп, атүгүл кайдыгер мамиле кылгандай сезилип жатты.

Көбү аны видео оюндардын, гангстерлер жөнүндөгү фильмдердин каармандарына окшоштурууда.

“Түркия башты оорутпай эле Олимпиадага жалданма киллерди жөнөткөндөй”, - деп тамашалаган посттордун бири он миллиондогон жолу көрүлдү.

Арийне Дикеч ийгиликтүү спортчу, буга чейин төрт Олимпиадага катышкан. Европа жана дүйнө чемпионаттарын жеңген. Ал түрк жандармериясынын отставкадагы сержанты.

“Мага эч кандай жабдыктардын кереги жок. Мен – тубаса аткычмын”, - деп айтты күмүш медалдын ээси түрк прессасына.

Ошентип, көңүл чордонунда чемпион болгон сербиялыктар эмес, түркиялык спортчу болуп келатат.

XS
SM
MD
LG