Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

"Аткан жоокер чатырга жашынган". Токтогул ГЭСинде жаңырган ок


Жоокердин өлүмүнө шектүү жоокер. Кара-Көл шаары. 21-ноябрь, 2023-жыл. Милиция тараткан сүрөт.
Жоокердин өлүмүнө шектүү жоокер. Кара-Көл шаары. 21-ноябрь, 2023-жыл. Милиция тараткан сүрөт.

Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмүнө шектүү жоокер кармалды. 20-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ички аскер бөлүгүндөгү 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы жоокерди атып алып, куралы менен качып кеткенин билдирген.

Шектүү бир күндөн кийин колго түштү

Милиция аскердин өлүмүнө шектүү 21-ноябрда кечке жуук кармалганын билдирди. ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөнүн күч органдарынын биргелешкен ыкчам тобу шектүү Кара-Көл шаарындагы турак жайлардын биринин чатырында жашынып жатканын аныктап, сүйлөшүү жолу менен колго түшүргөн. Жанындагы куралы дагы алынды.

Шектүүнүн куралы.
Шектүүнүн куралы.

Азырынча ИИМ Кара-Көл шаарындагы №7706 аскер бөлүгүндөгү ок жеп каза болгон жоокердин окуясы боюнча кенен маалымат тарата элек.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 20-ноябрда таңга маал Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди аны менен кошо нөөмөттө турган экинчи жоокер атып алып, куралы менен качып кеткен. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде көз жумган. Анын өлүмүнө байланыштуу териштирүү уланууда.

"Пикир келишпестиктен чыр чыккан"

“Азаттык” радиосуна каза болгон аскердин жана анын өлүмүнө шектүүнүн дагы аты-жөнү белгилүү болду. Бирок расмий органдардын маалыматына чейин алардын ысымдарын жарыялабай турууну чечтик.

Маркумдун Илгиз Акматов аттуу досу аскердин сөөгү өзү туулуп-өскөн Өзгөндүн Зергер айылында 21-ноябрда жерге берилгенин билдирди. Досунун айтымында, маркум үй-бүлөдө үч баланын туну болгон жана армиядан төрт айдан кийин келмек.

“Досубуз бир үйдүн эң улуу баласы болчу, мындан кийин эки иниси бар. Өзү активист бала эле, ал жерде дагы он адамды караган командир болуп калганын айтышты. Окуя боюнча экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгон экен. Өлүкканага киргендердин айтымында, артынан ок тийип, тешип кеткен экен. Шектүү бала “жолосоңор өзүмдү атам” деген бойдон качып кетиптир. Азырынча эч кандай маалымат жок”, - деди досу Илгиз Акматов.

“Азаттыктын” укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарынын маалыматында, ок чыгарган 21 жаштагы шектүү Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ал армияга жазында кеткен. Анын ата-энеси Чүй облусунда жашап, учурда Орусияда эмгектенип жүргөнү айтылды.

Армиядагы өлүм качан токтойт?

Бул армияда жоокер ажал тапкан алгачкы учур эмес. Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин өлүмү утур-утур катталып турат.

Аскерге куландан соо аттанып, табышмактуу жагдайда каза болуп, сөөгү келген көп балдардын ата-энелери бул жагдайды тыкыр иликтөөнү бир канча жолу талап кылышкан.

2022-жылы Акыйкатчы институтунун демилгеси менен жумушчу топ түзүлүп, алар соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтемек. Азырынча иликтөөнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев мындай окуялардан кийин жогорку жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Системаны толук реформалоо керек. Ал жерге Мекенди коргойм деп барат. Армияда “мен патриотмун” деген дух орношу керек. Ал жерге барып “мен сенден мурун келгем, мен кыйынмын, сен тигил жактансың” деп бөлүнүп жатышпайбы. Бири-бирин тонойт, сабап, бирдик салдырат. Токтогулда бир аскер экинчисин атып, качып кетти. Бул эмне деген жорук? Аткан киши психикалык жактан оорулуу же ошого жеткиришти. Бул жөн жерден болгон жок”, - деди депутат.

Кыргыз армиясындагы бири-бирине чоңсунуу, уруп-согуу жана ар кандай өлүм менен аяктаган окуялар далай жылдан бери токтобой келет.

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттык" менен буга чейинки болгон маегинде армиядагы мындай окуяларды "балдардын аскерге даяр эместигинин көрүнүшү" деп чечмелеген.

Бирок Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбеков армиядагы зомбулук азайып баратат деген байкоосу менен бөлүштү.

“Акыркы беш жыл ичинде азайганы байкалат. Бул такыр жок же кескин азайып калды дегенди түшүндүрбөйт. Мындай көрүнүшкө эки жагдай себеп болууда. Биринчиси - аскерге чакырылган уландын коомдон алган тарбиясы. Айрым балдар аскер бөлүгүндө сырттан алып келген түшүнүктөрүн ошол жакта колдонгусу келет. Экинчиси - ошол аскер бөлүгүндөгү жетекчилердин иш алып баруусу", - деди борбордун жетекчиси.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган.

2022-2023-жыл боюнча статиска азырынча чыга элек. Медиага чыккан маалыматтар боюнча, 2023-жылы 8-ноябрда Баткен районунда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн чек арачы спорттук иш-чарада оор жараат алып каза болгон. 21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG