14-март күнү Бишкек–Ош жолунда автоунаа жолдон коктуга кулап, ичиндеги кишилери менен чогуу күйүп кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады. Ага ылайык, кырсык магистралдын Токтогул районундагы Торкент айылынын Артак белинде болгон.
Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа коктуда өрттөнүп жатканы тартылган тасмада айтылып жаткан сөздөрдөн улам унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр чыгууга жетишпей калышканын угууга болот.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалыматты ырастап, тактоо иштери жүрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 14-март күнү болжол менен саат 15:50 чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа Бишкек–Ош унаа жолунун 303-чакырымында бара жатып, баштапкы маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай, машина жолдун сол жак тарабына аласалып кеткен.
Жол кырсыгынын натыйжасында унаа толугу менен күйүп, айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.
Азыркы учурда окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иштеп жатышат.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. (ZKo)
Шерине