Курск облусунун айрым жерлерин украин күчтөрү дээрлик жети ай мурун ээлеп алган.
Ондогон, балким андан көп орусиялык аскерлер, айрымдары противогаз тагынган, суу жана метан буусу каптаган жер астындагы бош турган куур менен Курск облусундагы Суджа шаарын көздөй жылып жатты.
Былтыр августта украин аскерлери Курскка кирип барганда Кремль ыңгайсыз абалда калган. Аларды сүрүп чыгаруу аракетинде орусиялык командачылык атүгүл миңдеген түндүк кореялык жоокерди жалдаган.
Болжол менен 8-марттын айланасында белгисиз сандагы орусиялык аскерлер Суджанын четинде газ түтүгүнөн чыкканда украин армиясынын чабуулуна кабылган. Чабуул, сыягы, күтүүсүз болгон. Украин куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы орусиялыктардын кирип келүү аракетин бышыктап, бирок аны алдын алышканын билдирди.
Андан кийинки күндөрдө украин аскерлери Курскиде бир топ жерди тарттырып жиберишти, айрым тилкелерде чегинүүгө аргасыз болду. 13-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Суджаны өз көзөмөлүнө алганын жарыялады.
Газ куурунун жардамы менен жүргөн операциянын чоо-жайы жана анын Курскидеги абалдын кескин өзгөрүүсүнө кандай таасир эткени бүдөмүк калууда. Бирок маалымат бышыкталса, орус аскерлери бир жылдын ичинде экинчи жолу украин күчтөрүнүн позицияларына каршы ушундай амалкөй буктурма уюштурган болот.
Газ кууруна байланышкан окуя тууралуу маалыматтарды 8-мартта эки тараптын тең блогерлери жана Украинанын расмий булактары жарыялаган.
“Орустар чабуул коюучу ротасын которуштуруу үчүн куурду пайдаланып, биздин бөлүктөрдүн коргонуусун жырып өттү. Орус аскерлерин пилотсуз учактар аныктай алган эмес”, - деп украин аскерлерине жакын деп айтылган аскердик журналист Юрий Бутусов Телеграм-каналына жазган.
Орусиялык телеканалдар операцияга 800 аскер тартылганы тууралуу кеп кылса, “Украинская правда” гезити жана башка басылмалар 100 гана аскер болгонун, украин командирлери андай аракеттин ыктымалдыгын алдын ала билишкенин жазды.
Эки тараптын тең маалымат каражаттары 1-январда ишин токтоткон куурдун бир бутагы жөнүндө сөз кылып, айрым жерлерде анын кенендиги 1,4 метр экенин белгилешет.
Орусиялык аскердик блогер 9-мартта Телеграм-каналына жайгаштырган видеолордун биринде орусиялык аскерлердин тобун көрүүгө болот. Алар тамеки тартып отурган жер газ кууру болушу мүмкүн. Аскерлер жаман сөз айтып, түтүктө отурганына даттанып, топ Суджа тарапка бир нече километр алдыга жылганын айтып жатышты. Видеону көз каранды эмес булактардан текшерүү мүмкүн болгон жок.
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров12-мартта жарыялаган видеодо орусиялык жана чечен аскерлеринин бөлүктөрү болжол менен куурдун ичинде отурганы көрсөтүлгөн. Кадыровдун айтымында, топ жер астынан 15 километр жүргөн.
Орусиялык дагы бир көп окулган аскердик блогер операция пландалгандай ишке ашпай калган болушу ыктымал деп боолголойт. Ошол эле маалда аскерлердин жанында кычкылтек баллондору, тамак-аш, суу, радио болгонун, бирок айрымдары дем ала албай калган болушу мүмкүн деп жазды.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 8-мартта операцияны үзгүлтүккө учуратышканын билдирген. «Душмандын аскерлерин Аба-десанттык чалгын бөлүктөрү өз убагында аныктаган», - деп айтылат билдирүүдө.
Украиналык байкоочулар орусиялыктар газ куурун солгун жер деп аныкташканын болжолдошот.
“Орусия федерациясы кармаштар жүрүп жаткан жерде инженердик курулуштарды тапса, аларды 100 пайызга колдонот”, - деп айтты украиналык аскердик аналитик Иван Ступак “Азаттыктын” украин кызматына.
“Албетте биз да андай жерлерди колдоно алабыз. Бирок биздин колубузда карталар менен техникалык документтер болушу керек. Орусия федерациясы андай операциялар үчүн советтик архивдерди колдонгонунан күмөн санабайм, - деп кошумчалады Ступак.
Орусия армиясы бул өңдүү операцияны бир жылдай мурун Донецк облусундагы Авдеевка шаары үчүн салгылашуу учурунда ишке ашырган.
Ошондо орус армиясы айлап Украинанын коргонуу сызыгынан өтүүгө аракеттенип келген. Былтыр январь айында орусиялык саперлор жана башка бөлүктөр шаардын токойлуу жерине өтүү үчүн жарым-жартылай толгон суу туннелин пайдаланган.
Украин жоокерлери буктурмага кабылып, чабуулга араңдан туруштук берген. Алты жумадан кийин, 17-февралда украин командирлери курчоодо калбаш үчүн Авдеевкадан чегингенин билдиришкен.
Суджадай болуп эле ал жакта да буктурма кандай роль ойногону белгисиз. Албетте, украин аскерлерине андай операция жардам бербегени калетсиз.
Шерине