Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Түркмөнстан: Өзбекстанда жана Тажикстанда окуп келген жаштар суракка алынганы маалымдалды


Ашхабад шаары
Ашхабад шаары

Түркмөнстандын Дашогуз шаарынын тургундары Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери чет жактарда, биринчи кезекте кошуна Өзбекстанда жана Тажикстанда окуп келген жаштарды суракка алып жатканын «Азаттыктын» түркмөн кызматына («Азатлык») айтып беришти.

Маалыматка караганда, кеп акыркы беш жылда жогорку окуу жайларда жана техникумдарда окуган студенттер тууралуу жүрүүдө.

«Коопсуздук кызматкерлери жаштардын диний көз карашына, Сирияда жакында болгон төңкөрүшкө пикирине кызыгышат», - деп айтып берди булактардын бири. Эркек балдардын сурак берген жерде эле сакалы алынууда.

Жергиликтүүлөр мындай чара Орозо айы башталганда күчөгөнүн белгилешет.

Дагы бир булактын айтымында, «министрлик, сыягы, радикал исламчылар Орозодо теракт жасашы мүмкүн, коопсуздук кызматкерлери Сириядагы оппозициянын катарында тажик жана өзбек согушкерлеринин күрөшүп жатканына камтама болууда» деп санайт.

Булактар Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери сурак маалында өзүн орой алып жүрүшкөнүн, кол көтөргөнүн, коркутканын кошумчалайт.

Бир нече ай мурун Сириядагы козголоңчулар Башар Асаддын бийлигин төңкөргөн. «Азатлык» жазганына караганда, түркмөн өкмөтү андай окуялардан кийин өз жарандарына, өзгөчө динзарларга кысымын күчөтөт.



Шерине

XS
SM
MD
LG