12-мартта 45 жаштагы Мирлан Сражидинов оюн учурунда алган жараатынан өзүнө келбей каза тапты. Бул окуя улуттук көк бөрү оюнундагы коопсуздукка байланышкан талкууну кайра козгоду. Уюштуруучулар эрежелер катаалдашып, коопсуздук жагы жакшырганын айтканы менен оюнчу жаракат алган учурлар буга чейин да катталып келген. Каргашалуу окуядан кийин көк бөрүдөгү коопсуздук эрежелерин күчөтүү талабы айтылып жатат.
Күтүүсүз кырсык...
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) улакчынын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
12-мартта өткөн 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун "Бүркүт" командасынын оюнчусу ат менен сүзгөн. Соккудан жараат алган улакчы жерге кулап, оюн эки саатка токтотулган.
Милициянын маалыматына караганда, Мирлан Сражидинов ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү, 1996-жылы туулган А.Ч жана оюн маалында судьялык кылган, 1983-жылы туулган Ш.У. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камалды”, - деп жазылган милиция тараткан маалыматта.
"Көк бөрү" федерациясынан билдиришкендей, спортчунун өлүмүнө байланыштуу эки күнгө токтотулган Нооруз турнири 15-мартта кайра уланат. 32 команда катышып жаткан мелдешке мамлекет 2 млн сом бөлгөн.
Федерациянын адиси Рамис Кудайбергенов турнирдеги өлүмдү күтүүсүз кырсык катары сыпаттады:
“Идеалдуу эч нерсе жок. Бирок көк бөрүнүн эрежеси дыкат, жакшы жазылган. Эреже боюнча бир метрден ашык жерден ат менен урдурганга, эңкейип жаткан адамды омуроолоого болбойт. Кечээ аттын күүсү менен тийишип, эреже бузулду. Автоунааны деле эреже менен айдайбыз, кээде анда деле кырсык болуп жатпайбы. Экинчиден, ат майдандын азыркы абалы дагы себеп болду. Мамлекетке баткак жерде оюн кооптуу болорун айткан элек. Ушундай комплекстүү кемчиликтердин айынан кырсык болду”.
Рамис Кудайбергенов муну менен катар оюн алдында ар бир улакчы “кырсыктап кетсем эч кимге доом жок” деген атайын табыштамага кол коерун кошумчалады:
“28 жыл ичинде расмий оюнда болгон биринчи кырсык. Ал эми элетте улак тартышта кырсык болуп турат. Дүйнөнүн алкагынан карасак, автоспорт да кооптуу оюн. Өткөндө жараат алгандардын көбү көк бөрүчүлөр деген сөз чыкканда атайын 4-ооруканага кайрылдык. Статистиканы карасак, бир жумада 20дан ашык кырсык катталган экен. Алардын үчөө эле көк бөрүдөн колун кайрып же чыгарып алып, жеңил жараат менен түшүптүр. Сураштырсак, эрежеси жок талаада улак тартышкан экен. Жараат алгандардын басымдуусу лыжадан жараат алышыптыр. Лыжа базаларында өлүм деле катталган да. Аларга эч ким унчукпайт".
Рамис Кудайбергеновдун айтымында, 32 команда маркумдун үй-бүлөсүнө 321 миң сом материалдык жардам көрсөтүүнү макулдашкан. Мындан тышкары федерациянын жыйыны учурунда маркумдун артында калган балдарына мамлекеттен жардам суроо маселеси да айтылды.
Кыргызстандагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири, спорт чебери, 45 жаштагы Мирлан Сражидиновдун артында үч баласы калды. Ал көзү тирүүсүндө курган маектеринин биринде атасынан эрте ажыраганын, балдарына жакшы тарбия берүүнү кыялданарын айткан. Маркумдун сөөгү 14-мартта өзү туулган Төш-Булак айылында жерге берилди.
Аттан жыгылган Анурдун арманы
Бишкектеги Клиникалык-медициналык Тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, нейротравматолог Илим Манапов бир жылда жыйырмадай адам көк бөрүдөн жараат алып түшөрүн айтты:
“Аламан улакта жыгылып, бутунун кыр сөөгү сынып кеткендер келет. Бул эми активдүү, кааласаң да, каалабасаң да жараат алган спорттун түрү да. Бир жылда биздин ооруканага көк бөрүдөн башы жарылып, буту сынган 20дай адам түшөт. Нейротравмада иштеп жүргөндө мээсинен, бел омурткасынан жараат алган эки улакчыны көргөм. Кээ бир бейтаптарга операция кылабыз, кээ бирине гипс коюп, консервативдик жол менен дарылайбыз. Омурткадан жараат алгандын баары эле майып болуп калбайт. Кандай ылдамдыкта, кандай жерге түшкөнүнө жараша болот. Жүлүнгө доо кетсе, албетте, баспай калышы мүмкүн. Андай бейтаптар өмүр бою кароого муктаж. Ар алты ай сайын дарыланып, реабилитациядан өтүп турушу керек. Бирок ачык айтуу керек, автокырсыктан жараат алгандар андан көп".
Бир кезде улак чаап жүргөн Анур Жээнбек уулу учурда буту-колу кыймылдабай, төшөктө жатат. 30 жаштагы жигит быйыл оорунун айынан жубайы менен эки айрылыш жолго түшүп, 3,5 жаштагы кызы менен калган.
“Эки жарым жыл өттү, оодарыла албайм. Тилим эле болбосо, бирөөнүн жардамы жок кыймылдабайм. Коляска менен эшикте бир аз отурам. Күн суук, кайра үйгө кирем. Бир бөлмөдө машыга тургандай кылгам, бир аз кыймылдамыш этем. Борборго барып дарыланайын дейм, барып-келип эле каражатка такалат экен. Реабилитациялык борборлор Бишкекте да. Өткөндө бир тааныш бала жатаканасы, машыга турган шарты бар борборго 40 миң сом төлөп жатты. Анын бели мертинген. Коляскага отуруп, өзүн өзү тейлей алат. Менин жанымда дайыма караган киши болушу керек. Азыр атам менен апам каралашып жатат. Келинчегим эки жылдай жанымда болуп, күзүндө өз жолу менен кетти. Эки кызымдын улуусун мен алып калдым, кичүүсүн ал алып кетти. Бир туугандарымдын өз турмушу бар экен. Түшүмө басып, ат минип жүргөнүм кирет. Эс тарткандан бери эле ат менен чоңойгом, атсыз жашоомду элестете алчу эмесмин”, - дейт ал.
Анур 2022-жылы октябрда Токтогул районунун Совет айылында өткөн көк бөрү оюнунда аттан кулаган. Моюн омурткасы мертинген жигит көк бөрүнүн эрежелери так болсо тагдырлар талкаланып, адам өмүрү кыйылмак эмес деген ойдо:
“Мен кичинемден эле чоң улакчыларга жанаша жүргөм. 2010-жылга чейин оюн тартиби башкача эле. Утсаң дагы, утулсаң дагы ыраазы болуп кетчүсүң. 2010-жылдан кийин ат менен урдуруу адаты башталды. 2015-жылдан кийин күчөп, эптеп эле утуу максат болуп калды. Намыс үчүн дегени менен ичинен көздөгөнү акча. Мен топтун капитаны элем. Ошол күнү эки команданы утканбыз. Дагы бир күчтүү команда ойномок. Мага берки команданын балдары келип, үчүнчү командадагы күчтүү оюнчуну "эптеп жыгалы, акчаны бөлүп алабыз" деп келишкен. “Кой, кара ниеттик кылбайлы” деп болбой койгом, оюн башталганда ошол тактиканы мага колдонушту. Он күн же бир-эки ай жатып эле туруп кетем деп ойлогон элем. Бир айылданбыз деп сотко кайрылган эмесмин. Оюн эрежесин өзгөртүү керек деп ойлойм. Айылдагы оюн болобу, жогорку лига болобу, таза эреже болбосо, оюнду беш-он жылга токтотуу керек”.
"Улакчыларды спортчу катары даярдаш керек"
Көчмөндөр оюндарынын авторлорунун бири, маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев көк бөрү оюнун уюштурууда күчтүү менежмент, стратегия, эң башкысы адискөйлүк жетишпей жатат деп эсептейт.
“Улакчылар спортчу эмес. Булар башка тармакта иштеп жүргөн жигиттер. Алар ойноп койсо эле спортчу катары кабыл алабыз. Ошондуктан спорт министрлиги федерацияга талап коюшу керек. Мисалы, аймактан команда болуп келе жатса, ошол аймактын федерациясы клубдук система аркылуу ар бир улакчы менен келишим түзүшү керек. "Эрежелер сакталат, бузса жооп берет, утса гонорар алат" дегендей эрежелер камтылганда гана келишим түзүү керек. Экинчиден, улакчыларды оюн башталарда эле чогулта калбай, бир жыл бою психологиялык, моралдык жактан спортчу катары даярдаш керек. Ошондо гана алар өздөрүн спортчу сезет. Футбол, волейболду караңыз, спорттук стандарттар сакталат, спортчулар сертификат алышат. Көк бөрүдө андай жок да. Оюнчунун аң-сезимине, интеллектуалдык дараметине көңүл бурулбайт. Көк бөрү азыр улуттук спорт эмес, оюн-зоок деңгээлинде турат. Ошол эле маалда таяк тартыш улуттук спортко айланды, стандарттары өтө жогору, дүйнөлүк деңгээлде. Өздөрүнүн психологдору, врачтары бар. Улакта эч нерсе жок болгону үчүн жапайы спорт бойдон калууда”.
Буга чейин Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү ден соолугун жана өмүрүн камсыздандыра баштаганы кабарланган.
Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойной турганы жана улак тайказанга салынары белгиленген. Андан бери оюн эрежелерине бир топ өзгөрүү кирген. Бирок айрым эксперттер улуттук оюнду заманбап, профессионал спорт түрүнө айлантуу үчүн дагы өзгөртүүлөр зарыл дешет.
"Азаттыктын" архиви: Элеттеги көк бөрү
Шерине