Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

"Ок өпкөсүн тешип кеткен". Аскердеги өкүмзордук, бир офицер кармалды


19 жаштагы Тилек Сүйүндүков Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө жети ай кызмат өтөгөндөн кийин ок тийип ооруканага түштү.
19 жаштагы Тилек Сүйүндүков Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө жети ай кызмат өтөгөндөн кийин ок тийип ооруканага түштү.

Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүндө ок тийип, эки жолу операция жасалган жоокердин окуясына байланыштуу бир офицер кармалды. 19 жаштагы Тилек Сүйүндүковго тийген ок анын өпкөсүн тешип, кабыргасын сөгүп кеткен. Азыр ооруканадагы жоокердин абалы орто. Бишкектин Биринчи май райондук соту У.Т. аттуу офицерди үй камагына чыгарып, Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин улантууда.

"Уулум өзүн өзү атчу бала эмес"

Майрамбүбү Абдразакова ооруканада жаткан уулунун сүрөтүн көрсөтүп, уулу кабылган окуяны айтып берди. 19 жаштагы Тилек Сүйүндүков анын кичүү уулу.

Жоокер Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып, ок жеген. Ал Мамбет Мамакеев атындагы хирургия борборуна 6-июнда түшкөн. Анын апасы буга аскер бөлүгүндө кызмат кылган "офицерлердин тиешеси бар" дейт. Каргаша катталганда Тилектин жанында дагы эки жоокер болгон.

Майрамбүбү Абдразакова.
Майрамбүбү Абдразакова.

"Окуянын алдында аскер бөлүккө текшерүүчүлөр келип, офицерлерге ок-дары сактаган кампа чаң экенин айткан экен. Алар кеткенден кийин беркилер менин уулумду, дагы эки жоокерди кампага киргизип, автомат тазалаткан экен. Ошол кезде У. Т. аттуу офицер уулума кол көтөрүп, азыр көк ала болгон жерлерине уруптур. Аскерде кызмат өтөп калбайсыңбы дегенибизге көнбөй жүргөн. Көрсө, ушундай окуялардан улам калгысы келген эмес экен. Азыр абалы жакшы болуп калды".

Майрамбүбү кенже уулуна ок тийип, ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты аскер комиссариатынан уккан. Үйүнө келген кызматкер "уулуңуз өзүн өзү атыптыр" деп айткан. Коргоо министрлиги Майрамбүбүгө уулуна ок тийген окуяны башкача айтып берген.

Тилек Сүйүндүков өткөн жылдын ноябрь айында ант берген учурда тартылган сүрөт. Жанында апасы жана бир тууган агасы.
Тилек Сүйүндүков өткөн жылдын ноябрь айында ант берген учурда тартылган сүрөт. Жанында апасы жана бир тууган агасы.

"Аскер бөлүгүнө алып барып, офицерлер "уулуңуз ок-дары сакталган кампанын ачкычын сурап, атайы ал жерге кирип, анан өзүн аткан" деп айтты. Уулум өзүн өзү атчу бала эмес экенин дароо айттым. Себеби ал өтө сабырдуу, эч кимге зыяны жок, жаман ойдон алыс бала. Бишкекке жетип эле ооруканага келсек, балам эс учун жыйбай жатыптыр. 8-июнда эсине келери менен эмне болгонун сурадым. Аскер комиссары, офицерлер айткандай болгон эмес экен. Өзүн өзү атпаптыр, мен буга ишенем. Ал мылтык тазалап атканда офицер сабап, андан улам колундагы мылтыгы менен кошо жерге кулап түшкөнүн айтууда. Тилек ошол кезде мылтык атылып, ок өзүнө тийгенин да айтып берди. Жети айдан бери кызмат кылып, мына эми үйгө келет деп отурганда ушундай окуянын болуп кетиши биздин үй-бүлө үчүн катуу сокку болду. Офицерлер жанагындай басым жасап жатса, кантип чыдайт? Алар эмнеге менин уулума кол көтөрүшү керек? Бул качан токтойт? Соо турган баланы майып кылганы үчүн канчалаган балдар аскерге баргысы келбейт, ата-энелер каршы чыгат. Эмнеге мылтык октолуп, даяр турушу керек? Андай мүмкүн эмес да. Булар сабап, баламды ок чыгарууга мажбур кылган".

Жоокер ал күнү күндүзгү күзөттө турганы да айтылат. Бирок ок күзөткө турганда берилген куралданбы же кампадагы куралдан атылганбы, азырынча белгисиз.

Тилек Сүйүндүков
Тилек Сүйүндүков

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Алтынбек Жумалинов бул маселенин чоо-жайын Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын билдирип, кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.

Азыр жоокердин өмүрүн сактап калуу үчүн Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери колдон келген аракетин көрүүдө. Атылган ок Тилектин кабыргасын сөгүп, өпкөсүн тешип, денесинен ийин туштан чыгып кеткен. Ага эки ирет операция жасалып, үч сутка жандандыруу бөлүмүндө жатканын аталган борбордун жетекчи орун басары Асанбек Сыдыгалиев билдирди.

Асанбек Сыдыгалиев
Асанбек Сыдыгалиев

"Жоокер биздин ооруканага 6-июнь күнү кечки алты чамасында оор абалда түшкөн. Ийни, эки жаагы, колдору көкала так баскан. Ок өпкөсүн тешип кеткендиктен операцияга дароо алдык, көп кан кетти. Азыр абалы турукташып калды. Дарыгерлер болгон аракетин жасап, жигиттин ден соолугуна кам көрүүдө".

Дарыгер Тилектин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн кеминде алты ай керектигин кошумчалады.

"Ашпозчу болом деген тилеги бар"

Тилек Нарындын Учкун айылдык орто мектебин аяктагандан кийин Сокулуктагы кесиптик лицейлердин биринде ашпозчулук кесипке ээ болгон. Атасы Сүйүндүк Сарыбашов уулу айылына кайтып келгенден кийин аскерге барып, кызмат өтөөнү мекен алдындагы милдети деп эсептегенин айтат.

Cүйүндүк Сарыбашов
Cүйүндүк Сарыбашов

"Былтыр октябрда "чачымды алдырам" деп кетип, кечинде армияга чакыруу көтөрүп келди. Андан мурун армияны кое турам деп аткан баламдын мындай чечими мени таң калтырды. Бирок каршы болгонум жок. Себеби өзүм да армияга барып, мекенимдин алдында кызмат өтөп келгем. Дароо даярданып, айылдан Бишкекке жеткирдик. Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө калтырып коюп, үйгө кеткенбиз. Ноябрда ант берүү аземине келип, "балам, өзүңө сак бол, жакшы жүр" деп айттык, көңүлү жайдары болчу. Андан кийин жети айдын ичинде эки жолу дем алууга чыгып, агасы менен жүргөн. Бирөө зомбулук көрсөтүп, кыйнаганы тууралуу такыр айтчу эмес. Эми иликтөө адилет жүрүп, күнөөлүү кызмат адамдары жазасын алсын дейм. Биздин эле бала эмес, канчалаган балдардын тагдыры талкаланып атат армияда. Чоңсунуу (дедовщина) бүтүп, эми бакыйган офицерлердин ушундай кадамга барганын кандай түшүнсөк болот?".

Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожиддин Камалиддинов бул окуяга байланыштуу Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, У.Т. аттуу бир офицерди камакка алганын "Азаттыкка" билдирди.

"Жоокер Т. С. аталган аскер бөлүгүнүн курал жарак сакталуучу жайынын ичинде АКС-74 куралы менен өзүнө көкүрөк тушуна ок чыгарганы боюнча билдирүү келип түшкөн. 2023-жылдын 7-июнунда аталган факт боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү кылмыш иши боюнча аскер бөлүгүнүн батальонунун штабынын башчысы У. Т. аттуу шектүү катары кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген. 8-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясы айыпкер катары У. Т. аттуу жаранды үй камагына алуу чечимин чыгарды. Азыркы убакытта кылмыш иш боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө".

"Кадр тандоо саясаты чабал"

Аскерге кызмат өтөгөнү кеткен жигиттердин арасында өкүнүчтүү окуя менен аяктаган учурларды Коргоо министрлиги көбүнесе кокустук катары караганын айрым эксперттер сындап келет.

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, учурунда мамлекеттик чек ара кызматынын төрагалык кызматын аркалап келген генерал Токон Мамытов кыргыз армиясында кадр тандоо саясатынын чабалдыгынан улам жоокерлерге зомбулук көрсөтүү көп болуп жатат деп эсептейт.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

"Кыргызстанда ондогон жогорку окуу жайлары бар, аны артыкчылык менен бүткөн, "мен аскер адамы болом" деген мыкты, акылдуу уул-кыздар чыгып атат. Мына ошолорду ишке тартып, кызмат берсек, алар системаны нукка салат деп ишенем. Экинчи маселе, ротанын командири, штабдын башчысы, аскер бөлүктүн командирлери жоопкерчиликти сезип, өзүнө артылган жүктү аңдап билиши керек. Алар күнү-түнү кызматта болуп, башкалар үчүн жооптуу экенин билбей атканы өкүнүчтүү. Үчүнчү багыт - баарын ата-энеге жүктөп, армия жооп берет дегенден алыстасак. Үйдөгү тарбия күчтүү болсо жакшы. Дегеним, комплекстүү иш жүрбөсө бир эле тармакты айта бергенибиз деле болбойт. Анан дагы алты саны аман келген уулду кайра үйүнө аман-эсен кайтарып берүү үчүн так аракеттер көрүлүшү керек".

Акыйкатчы институту буга чейин аскерде каза тапкан ар бир жоокер үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш деген демилге көтөрүп, муну өкмөткө жана парламентке сунуштаган. Бирок сунуш колдоо тапкан эмес.

2022-жылы Акыйкатчы институтунун алдында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ иштеген. Ал Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы аскер бөлүктөрүндө сурамжылоо жүргүзүп, жалпысынан 323 аскер кызматкери, анын ичинде генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин 23 курсанты катышкан.

"Тергөө органдарынын тыянактарына ылайык, кызмат өтөгөн жоокерлердин өлүмдөрү иш жүзүндө күнөөлүү адамдардын аныкталбаганына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган учурлар көп. Акыйкатчы институтунун изилдөөсү көрсөткөндөй, аскер кызматчысын өз жанын кыюуга чейин жеткирүү же адамдын кадыр-баркын басынтуу (дедовщина) фактысы жокко чыгарылат, же болбосо жоокерди чакырууга чейин болгон себептер келтирилет да иш токтотулат, ошону менен өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткөн чыныгы себептер ачылбай калат. Офицерлер профилактикалык иш-аракеттеринде өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген мыйзам ченемдүүлүктөрдү эске алышы керек. Ошондой эле аскер бөлүктөрдүн өздүк курамынын санын көбөйтүү менен кызматтык жүктү азайтуу зарыл. Андан сырткары, коопсуздук үчүн видео байкоо системасын бардык бөлүктөрдө орнотуу сунушталат", - деп айтылат аталган институттун берген маалыматында.

Аскерде түрдүү себептер менен көз жумган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам берип келген "Кылым шамы" укук коргоо уюму армиядагы өлүмдү иликтөө толук кандуу жүрбөйт деген тыянак чыгарган.

Уюмдун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Андан кийин канча жоокер таяктан майып болуп же каза тапканы тууралуу маалымат жок. Төмөндө маалымат каражаттарында жарыяланып, элге белгилүү болгон учурларды гана санай кетели.

  • 2021-жылы август айында Жалал-Абад облусундагы Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө нөөмөттө турган жоокер автомат менен өзүн-өзү төшкө аткан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдаган. Ага "төшүнө ок тийген" деген диагноз коюлуп, абалы канааттандырарлык деп бааланган.
  • 2021-жылы сентябрь айында №19 колониянын аскер кызматкери Рустам Иманов каза болгон. Адегенде анын өзүн-өзү атып алганы айтылып, кийин катардагы жоокердин огунан каза болгону маалым болгон. Ал эми кылмышка шек саналып жаткан жоокердин туугандары анын кыйноого кабылганын билдирген.
  • 2021-жылы 5-январда Бишкектеги аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы Бексултан Адылбек уулу асынып алган. Ушул эле аскердик бөлүктө ага чейин дагы бир жоокер өзүнө кол салган.
  • 2022-жылы 10-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 бөлүгүнүн жоокери чогуу кызмат кылган аскерди атып алып, ок тийген 19 жаштагы жоокер каза болгон.
  • 2022-жылдын 18-августунда Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы Сыргак Сабырбеков каза тапкан. Коргоо министрлиги ал өзүн өзү атып алганын маалымдаган. Анда ок Сыргактын чекесинен кирип, кежигесинен чыгып кеткен.
  • 2018-жылы ушул эле Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда 2-курстун студентинин өлүмү катталган. Ошол кезде берилген расмий маалыматка караганда, студент тепкичтен кулап кетип, каза болгону айтылган.
  • 2022-жылдын 17-августунда ИИМдин Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө Алканбек Мавлан уулу кызмат өтөп жаткан учурда көз жумган. Ал басып баратып эле кулап, ошо бойдон турган эмес. Ал үйдүн жалгыз уулу болчу.
  • 2022-жылдын 29-июлунда Малдовановка айылындагы түзөтүү колониясын кайтарып турган жоокер каза болгон. Маркум автоматтан өзүн атып алганы айтылган.
  • 2022-жылдын 4-июлунда Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн жоокери, 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Анда да куралды этиятсыз колдонгон деген расмий маалымат берилген.
  • Юстиция министрлигине караштуу ЖАК кайтаруу жана күзөтүү департаментинин маалыматы боюнча 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык психиатрия жана наркология борборунда беш аскер кызматкери психикалык жактан оорулуу деп таанылып, кызматтан бошотулган.
  • 2018-жылы "Азаттык" радиосу "Кыргыз армиясы: талкаланган тагдыр, кыйраган кыял..." аттуу атайын иликтөө тарткан. Анда Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлерди аскер жетекчилери башка бирөөлөргө жалдап бергени, кара жумушка салганы, ур-токмокко алганы, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганы тууралуу кеп болот. Кордук көргөн жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууга аргасыз болгон.

Кызмат өтөп жүрүп каза болгон жоокерлердин жакындары расмий версияга ишенбей, шектүү жагдайлар көп экенин айтып келишет. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттык" менен болгон маегинде соңку окуяларды "балдардын аскерге даяр эместигинин көрүнүшү" деген.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчетуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си суицидке барганы айтылат. Мындан сырткары аскерде жүрүп зомбулукка туш болгон жоокерлердин окуясы айрым учурда ачыкка чыгып, коомчулукту нааразы кылган жагдайлар да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG